Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Ишкерге үмүт берген 11 багыт...


Өкмөт айыл чарбасын улуттун визиттик карточкасына айландырууну көздөөдө. Кара-Суудагы пахта терим, Ош. 2014-жыл
Өкмөт айыл чарбасын улуттун визиттик карточкасына айландырууну көздөөдө. Кара-Суудагы пахта терим, Ош. 2014-жыл

​Премьер-министр Темир Сариев 4-ноябрда парламентке өкмөттүн жаңы программасын сунуш кылды. Анда негиздүү деп белгиленген 11 багыт көрсөтүлгөн. Айрым талдоочулар бул багыттар кантип ишке ашырылары айтылбаганын белгилешүүдө.

Премьер-министр Темир Сариев парламент алдында өкмөттүн экономикалык программасы менен тааныштырып, анда тандалып алынган 11 багыт боюнча маалымат берип жатып жаңы программа өлкө экономикасынын туруктуу өсүшүн жана финансылык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталганын белгиледи:

- Өлкөбүздөгү экономикалык негизги саясат инфляцияны эптеп кармап туруу гана эмес, экономикалык өсүшкө шарт түзүүгө багытталышы керек. Бул жаатта өкмөт мамлекеттик каржы булактарын эффективдүү пайдаланып, бюджеттин тартыштыгын чектен ашырбоо үчүн көзөмөлүн күчөтөт. Инфляцияга карата саясатты экономиканын өсүшүнө тоскоолдук кылбоо менен бирге калктын кызыкчылыгын да эстен чыгарбай иш алып барабыз. Өкмөттүн фискалдык саясатынын айрым багыттарын кайра карап чыгабыз. Салык боюнча кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу жагымдуу шарттарды түзүп, Кыргызстанды бизнестин бейишине айлантуу жолдорун табабыз.

Темир Сариев парламентте. 4-ноябрь
Темир Сариев парламентте. 4-ноябрь

Инвестиция тартуу жаатында өкмөт экономикага салынган каражаттар мамлекет тарабынан корголорун белгилөөдө. Ошондой эле экспортту жандандыруу, ал үчүн өндүрүштү өнүктүрүү, натыйжалуу финансы системасын түзүүнү алдына милдет кылып алган. Мындан тышкары айыл чарбасын кыргыз экономикасынын негизги тармагы кылып, аны улуттун визиттик карточкасына айландырууну көздөөдө.

Азырынча өкмөттүн экономикалык программасын талкуулап жаткан талдоочулар анда берилген убадалар менен сунуштар көптү үмүттөндүрөрүн, бирок негизги маселе – алардын канчалык ишке ашарында экенин белгилешүүдө. ЖИА Бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбектин пикиринде, учурда элдин өкмөттөн күткөнү - ыкчам аракеттер:

- Кыргызстанда, тилекке каршы, абал бир аз оор. Кризистик абалга биз туш келдик. Ошондуктан биздин ишкерлердин өкмөттөн күткөнү - тез арада ыкчам аракеттерге киришүүсү. Мамлекеттик долбоорлор аркылуу жергиликтүү ишкерлерди, жергиликтүү компанияларды колдосо, экономиканын жандануусуна шарт түзөт да. Мисалы, ошол белгиленбептир. Кандай болуш керек? Кайсы багытта өнүгөбүз, деген нерселерди программадан күттүк эле.

Өкмөт программасында берген убада-сунуштарын ишке ашыруу жолдору тууралуу да маалымат берген эмес, - деп кошумчалайт Руслан Акматбек:

- Балким деталдуу болгондо көрөбүз. Бирок бул жерден биз кантип ишке ашырылат деген ишенимди камсыз кыла турган суроого жооп таба алган жокпуз да. Эгер бул программа ишке ашпай калса, ким жоопкерчиликти алат? Чиновник кантип жооп берет, деген суроого тилекке каршы, дагы эле жооп жок да.

Кыргыз ишкерлери өндүргөн товарлар. Москвадагы көргөзмө. 27-октябрь
Кыргыз ишкерлери өндүргөн товарлар. Москвадагы көргөзмө. 27-октябрь

Өкмөттүн программасына негизинен колдоо табылып, көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алган сунуш – аткаруу бийлигин мобилизациялоо же тагыраак айтканда, оптимизациялоо сунушу болууда. Айрым талдоочулар өкмөт башчы бул сунушу менен аткаруу бийлигин коррупциядан тазалап, аны иштөөгө мажбурлоочу убада берип жатканын белгилеп, бирок муну ишке ашырууга премьер-министрдин саясий эрки жетер-жетпесин убакыт көрсөтөрүн белгилешүүдө.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Темир Ажыкуловдун пикиринде, аткаруу бийлигинен башталган реформалар жалпы мамлекеттик машинанын иштөөсүнө өбөлгө болууга тийиш:

- 11 багыт деп белгилениптир. Менин оюмча, бир жагы жакшы болгону 100 барактык документ эмес экен. Так жазылган. 11 багыттын бардыгы приоритеттүү багыттар. Ушул багыттардын ар бир тармагында туура иш алып барып, ошол эле премьер-министрдин деңгээлинде кабыл алынган чечим кайра ылдыйкы деңгээлге түшүп ишке аша баштаса, анда чоң жетишкендикке жетебиз.

Жаңы сунуш кылынган программа менен кошо эле өкмөттүн өзгөртүлгөн структурасы да сунуш кылынды. Ага ылайык, министрликтердин саны 14төн 12ге кыскарууда. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызмат болуп өзгөрүп, анын айрым функциялары Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлөт. Ал эми Коргоо министрлиги комитетке айланып, анын төрагасы президент тарабынан дайындалат. Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна Улуттук энергохолдинг түзүлмөкчү. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да холдинг болуп өзгөрөт.

Премьер-министрди баш кылып, жалпы өкмөттүн структурасын жана курамын Жогорку Кеңеш бүгүн бекитет. Жаңы өкмөт жаңыча иштеп, берген убадалары менен сунуштарынын өтөөсүнө канча убакытта чыгарын алдыдагы убакыт көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG