Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Кыргызстанда күнөскана иштетүүгө кызыккандар көбөйдү. Чакан күнөсканадан түшкөн каражат кризис шартында үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше алып келген жакшы бизнес болууда.

Алты ай бою кыш кучагында жаткан Нарындын шартында күнөскана иштеткен маектешибиз Моңолбек Султанбаев Нарын районунун Жан-Булак айылында жашайт. Ал 2012-жылдан бери элдин дасторконун кыш чилдеде помидор, бадыраң менен камсыздап келет. Үйүнүн жанына күнөскана куруп алган ишкер, андан кышында жана жайында эки жолу түшүм алат:

- Эки теплица бар, бири 64 чарчы, бири 100 чарчы метр. Өзүбүздүн огородго эле курганбыз. Экөөнө тең помидор, бадыраң айдайбыз. Келинчегим, уулум үчөөбүз иштейбиз. Азыр помидор өсүп турат. Буюрса, жазга чукул бадыраң айдайлы деген ой бар. Азыр отургузсак, 45 күндө түшүм берет. Түшүм жакшы болсо, бир алганда бир тоннага чейин чыгат. Бадыраңдан эки жолу түшүм алууга болот, помидор бир аз чыргоо келет. Августта отургузган помидор эми араң бышып атат. Кышкы суукта помидор өстүрүү бир аз кыйыныраак.

Моңолбек алгач 2012-жылы БУУнун жардамы менен атайын сунушталган долбоордун негизинде күнөскана куруу үчүн долбоор жазып, утуп алган. Кийинчерээк экинчи күнөсканасын өз күчү менен курган:

- Биздин айылга эл аралык уюмдар күнөскана долбоорун алып келишкен. Айылдагы отуз чакты кишинин ичинен менин долбоорумду жактырышкан. Мен мурда деле ачык талаага помидор, бадыраң эгип, сатчумун. Ошон үчүн мага артыкчылык беришти. 2012-жылдан бери иштетип келе жатам. Помидор, бадырыңга суроо-талап көп. Айылда деле сатса болот, базарда тургандар дүңүнөн алышат. Дүң баасы 100 сом. Андан кымбатты алышпайт.

Моңолбек Султанбаев

Моңолбек Султанбаев

Күнөскана бизнеси аз акча сарптап, арбын киреше алууга мүмкүнчүлүк берет. Биздин маектешебиз кийинки теплицаны курууга 350 миң сом сарптаган. Бирок полиэтилен менен күнөскананы улам алмаштырып турууга аргасыз. Ошондуктан, өсүмдүктөргө атайын күн нурун жана жылуулукту камсыздап берүүчү поликарбонат менен алмаштырып жабуу зарылчылыгы келип чыкканын айтты:

- Жылуулук киргизгем, от жагам. Эки күнөсканага беш тоннадай көмүр кетет. Электр энергиясын колдоно албайбыз, бизнес тариф деп, 1 киловаттына 2 сом 15 тыйындан алат экен. Экинчи теплицаны курганда баш-аягы 350 миң сом кетти. Үстүн полиэтилен менен жапсам, бат эле иштен чыгып калды. Эми ага да поликарбонат жабам, бирок ал үчүн 100 миң сом кетет. Тиги кичинекейин былтыр поликарбонатка алмаштырганда 30 миң сом сарптагам. Поликарбонат - күндүн нурун да, жылуулукту да көпкө кармаган тунук пластик, аны менен жабылган күнөскана көпкө чыдайт.

Гүл жан дүйнөгө да, чөнтөккө да пайда

Ошентсе да, кышы ызгаарлуу Нарында кыш чилдеде жаңы бышкан жашылча-жемиш алууга болорун күнөсканачы багбандар далилдешти. Расмий маалыматтар боюнча, жалпысынан, Нарын облусунда 37 күнөскана болсо, учурда анын басымдуу бөлүгү иштебейт. Адистердин белгилөөсүндө, күнөскана куруп жатканда жылытуу жана сугаруу системалары эске алынган эмес. Иштеп жаткан күнөсканалардын бири Нарын шаарынын тургуну Калыйкул Ырысалиевге таандык. Ал башка кесиптештеринен айырмаланып, быйыл күнөсканасына роза гүлүн отургузган.

Калыйкул абанын күнөсканасына барганыбызда ал Жалал-Абаддан кечээ эле алып келген роза гүлүнүн көчөттөрүн отургузуп жаткан экен. Сырттан колубуз үшүп келген жаныбыз, күнөсканага киргенде жылуулугунан магдырай түштүк. Гүлдөрдүн жыты аңкып, бадыраңдын жаңы отургузулган көчөттөрү кыш мезгилинен дароо эле жайга барып калгандай сезимге бөлөйт. Калыйкул абанын гүл айдап калуусунун да өзүнчө сыры бар экен.

Гүл багып, пайда көргөндөр да бар.Бишкек, 8-март, 2013-жыл

Гүл багып, пайда көргөндөр да бар.Бишкек, 8-март, 2013-жыл

- Жер-жемишке караганда розадан жакшы пайда түшөт. Мисалы, бир түп роза көчөтү алты-сегиз чанак байлайт, мен 400 түп тигем, ал көбөйүп, бир байлаганда эле 2400 роза болуп атат, анын миңи чирип калса да, калганын 100 сомдон сатсаң, 140 миң сом болуп атпайбы. Анан өзүң ойло бадыраң-помидор пайдалуубу же розабы? Азыр эл биринен бири угуп эле келип атат. Бирөөнүн аялынын, биринин апасынын туулган күнү болот экен, мага мынча керек деп алып кетет.

Калыйкул аба мындан сырткары клубника, бадыраң, жүзүмдүн көчөттөрүн быйыл айдап көргөн. Буга күнөсканага жылыткыч койдурганы себеп болгон. Ал үчүн Ага-Хан фондусунан ишкерлерди колдоо программасы менен арзан пайыздуу насыя алган.

Дегеле бул узуну 20, туурасы алты метр күнөскананы куруу ниети Ага-Хан фондунун тоолуу аймактарды колдоо программасы менен ишке ашкан. Аталган фонддун долбоорлор боюнча координатору Токтобек Соодаев тоолуу Нарын облусу менен жаратылышы окшош Кытайдын Улуу-Чат өрөөнүнө барып, күнөскана ачуу үчүн атайын тажрыйба алмашып келгенин айтты. Анын натыйжасында, Нарында алгачкылардан болуп 11 күнөскана ачылган.

- Биздин долбоордун окутуучулары атайын Кытайдан күнөсканаларын барып көрүп, "биздин жаратылыш шартыбызга туура келеби" деген суроого жооп издеп келдик. Ал жактан келген соң жергиликтүү дыйкандарды окутуп, күнөскана салып бердик. Эми бул долбоордо биз курулуш материалдарын гана беребиз, калган куруу иштерин күнөскана ээси өзү көтөрүшү керек. Биздин долбоор ишке ашты деп айта алам, анткени бардык курулган күнөсканаларда алгачкы түшүмдөрүн алышты. Учурда биздин жардамыбыз менен ачылган 11 күнөскананын бешөө иштеп атат. Калганы ар кандай себептер менен убактылуу токтоп турат.

Күнөсканалардын дээрлик бардыгы эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылган. Ал эми мамлекет тарабынан мындай аракеттер колдоого алынбай жаткандыгын Экономика министрлигинин Нарын аймагы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Эдилбаев билдирди:

- Өкмөттүн ар бир райондо ондон кем эмес кичи ишкана болсун деген тапшырмасынын негизинде, өткөн жылы облустун аймагында жети күнөскана салынып, 20дан ашык киши жумуш менен камсыз болду.

Кошумча киреше

Күнөскана бизнеси бүгүнкү кризис шартында үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше табуунун бир булагы болуп калды. Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштеген Адиш Мүсүров врачтык кесибин күнөсканадагы дыйканчылыкка айкалыштырып, союздун тушунда курулган теплицаны ижарага алып, иштетип келет. 24 сотых жердеги ири теплицадан жыл сайын эки ирет түшүм алынат. Анда негизинен бадыраң менен помидор айдалат:

- 24 сотых күнөсканага сегиз миң түп бадыраң, помидордун көчөтү отургузулат. Экөөнүн ортосун бөлүп туруп, чогуу алып кетсе да болот. Бирок биз көбүнчө бадыраң айдайбыз, анткени түйшүгү жеңилирээк. Ал эми помидор бир аз назигирээк келет. Ошондуктан, помидор үчүн беш сотых жерге от жагыла турган кышкы теплица кургам. Ал кышы менен иштейт, ага помидорду Жаңы жыл майрамы алдында быша тургандай кылып, отургузганбыз. 20-декабрдан тарта түшүм ала баштаганбыз.

Талаадагы утурумдук күнөсканалар. Ош облусу

Талаадагы утурумдук күнөсканалар. Ош облусу

​Ош шаарында күнөскана куруп, андан азыноолак киреше таап жаткан үй-бүлөлөр акыркы убакта көбөйө баштады. Бирок бул тармакты өнүктүрүүгө Өзбекстандан аткезчилик менен кирген жашылча-жемиштердин арзандыгы бут тосуп жатат.

Коңшулаш Өзбекстанда күнөскана бизнеси аябай өнүккөн. Буга дыйкандарга мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо себеп болгону айтылат. Ошондой эле Өзбекстанда теплицаларды кышында жаратылыш газы менен жылытуу жашылча-жемиштердин баасынын арзан болушун камсыздайт дешет адистер. Кыргызстанда болсо, климаттык шарт, күнөсканаларды кеминде төрт айдан алты айга чейин көмүр менен жылытуу бизнестин бул түрүн кеңейтип, андан алынган түшүмдү чет мамлекеттерге экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтышууда.

Биздин маектешибиз Адиш Мүсүров жазгы сезонго, тактап айтканда, апрель-май айларында помидор-бадыраңдын алгачкы түшүмүн алат, ошол эле учурда коңшулаш Өзбекстандан контрабанда жолу менен кирген жашылча-жемиштер да базарда пайда болуп, бааны кыйла түшүрүп жиберет:

- Өзбекстанда газ мол, климаты да биздикине караганда кыйла жылуу. Ошондуктан алар бизге караганда базарга эрте чыгарышат. Анын үстүнө алардын теплицалары биздикиндей чыгашаны көп талап кылбайт. Биздин теплицаларда түшүм апрелдин аягында алына баштайт. Ошондо помидор, бадыраңдын баасы 50-60 сом болот. Аягында 5-10 сомго чейин түшөт. Биз ал кезде токтотуп, кайрадан жаңысын тигебиз. Анын түшүмү кайра октябрдын аягында, жашылчалар кымбаттай баштаганда алынат. Кайра эле 30-40 сомдон сата алабыз. 24 сотых теплицадан бир жылдын эки сезонунда 30-40 тонна бадырың алса болот, бирок суу тартыштыгына байланыштуу кээде аз болуп калат.

Күнөсканалар экспорттун жүгүн көтөрөбү?

Кыргызстанда күнөскана бизнеси жаңыдан бутуна туруп, жайылып келе жатат. Ошондуктан, азырынча күнөсканаларда өскөн жашылча-жемиштердин жалпы көлөмү тууралуу расмий маалыматтар жок. Бирок күнөскана ишкерлиги Кыргызстандын экономикасын сүйөп-таячу бир тармак боло албастыгын айткан эксперттер да бар. Айыл чарбасы боюнча элге кеңеш берүү жана окутуу борборунун адиси Төрөкул Токтогоновдун пикиринде, тармакты ирилештирмейинче чакан теплицаларда өскөн жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес:

- Орусияга экспортко сурагандар бар деп дыйкандар өздөрү айтып атышат. Бирок бизде экспортко кетчүдөй көлөмдөгү түшүм жок. Ошондуктан чачкын, чакан теплицалардан алынган түшүмдү чет мамлекетке сатууга болот деп айтуу кыйын. Анткени, жарым, бир гектар жерде күнөскана болсо, ошондо көп өлчөмдөгү, арзан баадагы түшүм ала алабыз. Себеби, бардык эле айыл чарба өсүмдүктөрүндөй аянт канча чоң болсо, өндүрүлгөн түшүмдүн өздүк наркы арзан болот.

Ошентсе да байкоочулардын баамында, бүгүнкү күнү чакан күнөсканалар бир үй-бүлөнүн бюджетине кошумча киреше булагына айланууда. Буга ушул тапта жергиликтүү күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылча, гүл, цитрус жемиштери болобу ички рынокту толук камсыздай албай жатканын мисал келтиришет алар. Ушундан улам кышкы-жазгы мезгилде Кыргызстандын базарларына Өзбекстандан, Кытайдан жаңы жашылча-жемиштер алып келинип, сатылып жүргөн болсо, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта бул өлкөлөрдөн кирчү жашылчаларга бажы төлөмдөрү өсүп, өздүк наркы кымбаттаган. Мындан жергиликтүү күнөсканачы дыйкандар менен багбандар пайда гана көрө алышат.

Бөтөлкөдөн курулган күнөскана. Ош облусу

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG