Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:17

Өкмөт ишендиргендей, Кыргызстан Бажы биримдигине, андан кийин Евразия эркин экономикалык аймагына кириши менен атамекендик товарларды сатууга жол ачылат. Жалпысынан 176 миллион калкы бар биримдикке кыргыз ишкерлери кайсы товарларды чыгара алат?

Кыргызстандан чыккан товарлар эл аралык базарда атаандаштыкка туруштук бере алабы? Аларды өндүргөнгө жана талапка ылайык даярдаганга даярбызбы?

Жеңишке жемиш жеткиреби?

22 жаштагы Ырысбек Улукбек уулу кыш каары али кете электигине карабай, жаз камын эмитен көрүп, күнөскана салууда. Жездеси Жаныбек экөө ишке катуу киришип, күнөскананы жарым-жартылай куруп коюшкан. Жашылча багып-өстүрүү боюнча агрономдон эле кеңеш алганы болбосо, калганын өздөрү эле жасашууда.

- Айылда атамдын тракторун айдай качып жүрүп, анын тилин таап алгандай эле ширетүүнү да айылдан өзүм үйрөнүп алгам - дейт Жаныбек Тойчубеков.

​Жаныбек Кыргызстанда туруп эле иштин эбин таап, ирденип кетсе болот деген ишенимде:

- Бул жерге биринчи бадыраң айдайбыз. Аны идиштерге отургузуп, мартта тигебиз. Майга жетпей бышат. Аны өзүбүздүн эле шаарга сатайын деп пландап атам. Андан ашса, чет өлкөгө чыгарабыз.

Учурда күнөсканалар саны 400дөн ашты.

Учурда күнөсканалар саны 400дөн ашты.

Жезде-кайни узуну отуз, туурасы сегиз метрлик күнөскана салууга 70 миң сом сарпташыптыр. Аны алгачкы сезондо актоого болот деп турушат. Иш илгерилеп кетсе, күнөсканаларын көбөйтүп, кеңейтип, өндүрүмүн чет өлкөгө да сатуу ниеттери бар.

Ырысбек болсо журналистиканы окуганына карабастан өз багытын дыйканчылыктан тапканын айтып, эми бул жаатта терең билим алууну пландоодо.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда күнөсканалар көбөйүп баратканын белгилеп, дыйкандарды ушул багытта иштөөгө чакырды:

- Күнөсканалардын саны Кыргызстанда 470ке жетти. Азыр биз күнөскана салуу үчүн четтен келген жабдыктардан бажы төлөмүн алдырып салдык. Бажы биримдигинде дан, кызылча сыяктуу азыктар менен атаандаша албайбыз. Бакча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштер менен атаандаштыкка туруштук берсек болот.

Ошентип 9-майдан кийин Кыргызстан Евразия эркин экономикалык аймагына толук кирери, андан ары аймактагы өлкөлөр ортосундагы бажы алымдары алынып салынары айтылып келатат. Товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева мына ушуга токтолду:

- Биздин өкмөттүн токтомуна ылайык, эки гана документ талап кылынат, эмнени кимге жөнөтүп жатканы тууралуу маалымат кагазы жана транспорт документи. Андан кийин товар кете берет. Биздин мамлекет тарабынан тоскоолдук болбойт. Тамак-аш азыктарын жөнөтө турган болсоңуз анын коопсуздугу тууралуу биримдик талап кылган сертификат болушу керек. Ал болсо каалаган алуучуга бара берсең эшик ачык.

Малдан маарыйбызбы?

Кыргызстанда малы аз Баткен облусунда жалпысынан 130 миңдей ири мүйүздүү, жарым миллиондой майда жандык бар.

Аймактагы мал чарбасы менен алектенгендердин дээрлик көпчүлүгүнүн кардары тажикстандыктар. Ишкерлер Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин тажикстандык кардарлар менен алака кыскарса кантебиз деп бушайман.

Баткенде кээ бир учурда Чүйдөн мал тартып келип, Тажикстанга өткөргөн учурлар да болот. Чоң жол жээгиндеги короодо 10 чакты мал кармаган Максатбек өкмөттү үмүттүү карап тургандардын бири:

- Тажикстан алса актайт, албаса күйөбүз. Бажы биримдигине кирсе, Тажикстан албай калат кымбат деп. Анда бизде иш токтойт. Анан айла жок Орусияга кетебиз да.

Канттагы уй фермасы. 2014-жыл.

Канттагы уй фермасы. 2014-жыл.

Мал менен алектенүү өтө кирешелүү болбосо да, үй-бүлөлүк бюджетке тыгынчык болгонго жарайт. Мындан тышкары, мал алып-саткандар, далдалчылар, касапчылар сыяктуу бир топ кишини жумуш менен камсыз кылып турат.

Алардын кээ бирлери биримдиктен жакшы натыйжа болот десе, башкалары чакан соодагерлер ишин токтотот деп санааркашат. Айыл жана мал чарбасы менен алектенгендерге акыркы убактардагы Кыргызстандын саясий-экономикалык жүрүштөрүнүн натыйжасын түшүндүргөн адам жок.

Мындай арасат абал башка облустардагы малчылардын да башын оорутуп жаткан кези.

Бирок Кыргызстан бул уюмга киргени менен, өлкөдөгү мал, эт-азыктары биримдиктеги өлкөлөргө шыдыр сатылат деп айтуу өтө кыйын. Анткени малдын саламаттыгы боюнча маселе так чечилген эмес.

Мал-чарба адиси Самат Алиев Кыргызтанда төрт түлүк көп убакыт жайытта гана багыларын белгилеп, анын коопсуздук маселесине токтолду:

- Экспорттоо үчүн алгач азыктын коопсуздугун камсыздоо керек. Мында 90% ветеринардык кызматтын иш алып баруусу роль ойнойт. Эт-сүтүз жогорку сапатта болсо, дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүнө болбосун чыгармакпыз. Ошону менен бул тармак өнүгүп, башка жагын өйдө сүйрөп кетмек.

Ал эми ветеринария, мал чарба жаатына реформа алып келчү идентификация процесси азырынча ишке аша элек. Ал Польшадан алынган кредитке жүргүзүлмөк. Бирок өкмөт андан айнып, идентификацияны орус жана казак грантына бүтүрмөй болууда. Азырынча каражат бөлүнө элек.

Тобокелге бел байлаган тигүү тармагы

Биримдикке киргенде акыркы жылдары Кыргызстанда гүлдөп өнүгүп, ири салык төлөөчү жана эл багуучу тармакка айланган кийим тигүүчү цехтер катуу жабыркары айтылып келет. Анткени кездеме, фурнитура ж.б. тигүүчүлүктөгү чийки заттар биримдиктен тышкары өлкөлөрдөн келери маалым.

Бул жаатта эмгектенген ишкер Гүлсүн Сатымбаева күтүлгөн кыйынчылыкка рубль кунунун кескин түшүп кеткени кошул-ташыл болгонун айтып, ошентсе да келечекке үмүттүү карап турабыз дейт:

- Бир ором жип мурда 23 сом болсо, азыр 29 сомго чыкты. Азыртан эле кымбаттоо сезилип жатат. Чийки заттын баасы көтөрүлсө, товар баасы жогорулайт. Анан эми акырындап көнөбүз да, кайда бармак элек. Орусиядагы кардарларыбызды да көндүрөбүз. Келечектен үмүт үзбөйлү.

Сураган бар, сунган жок..

Бул арада орусиялык ишкерлер Кыргызстанга келип жатканы менен аларга сатканга товар табылбай калган учурлар болууда. Бул тууралуу Баткенде үзүл-кесил иштеп жаткан өрүктү кайра иштетүүчү “Мол түшүм” бирикмесинин жетекчиси Абдирашит Калмурзаев билдирди:

- Баткенде, Ошто дүкөнүбүз бар. Бишкекке алып баралы десек, акчабыз жетпейт. Бажы биримдигине киргенден баштап сатып алабыз дегендер чыкты. Бирок аларга ири өлчөмдө сатууга чамабыз чакталуу. Бүгүн эле Орусиядан келишти, бирок бизде товар жок.

Мындан улам ишкерликти колдогон аз пайыздагы насыялар берилсе дешет ишкерлер. Акыркы убакта сомдун кунунун түшкөнүнө байланыштуу көп банктар кредит берүүнү токтотуп же чектеп коюшту. Ал эми быйылкы жылдын бюджетинде ишкерликти колдоого насыя бөлүү маселеси карала элек.

Насыядан тышкары, көңүл бура турган дагы бир маселе турат, товарды сапарга ташуу үчүн анын көлөмү чоң болушу шарт. Андайга ар тараптан келген товарларды чогултуп, жөнөтүп турганга логистикалык борбор зарыл. Азырынча андай борбор Ысык-Көлдө гана бар. Ошто жаңыдан ачылууда.

Мындан тышкары, биримдиктеги өлкөлөр менен айыл-чарба техникалары, туризм, курулуш, жаатында алакаларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачыла турган болууда. Бирок, ал биримдиктен тыш өлкөлөрдөн келүүчү товарлардын кымбаттоосу менен коштолмокчу. Кантсе да, бара көрөлү дегендей, ишкерлер Кыргызстан Евразия эркин экономикалык аймагына киришин күтүп турушат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG