Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Өткөн жылы түштүктөгү коогалаңдан кийинки азыркы кырдаал, ушул жылга белгиленген президенттик шайлоо өңдүү темалардын айланасында Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жер-жерлерде жазгы талаа жумуштары кызыды. Бирок Ош облусунун айрым райондорунун дыйкандары үрөндөрдүн жана жер семирткичтердин тартыштыгын, атүгүл кымбат болгонун айтышууда.

Сооронбай Жээнбеков: Кудайга шүгүр, былтыркыга караганда дыйкандарга быйыл көбүрөөк жардам көрсөтүлүп жатат. Күйүүчү майдын бир литри 24 сомдон таратылууда. Азыр дээрлик бардыгын пахта үрөнү менен толук камсыздадык. Эң жогорку үлгүдөгү үрөндөрдү Өзбекстандан, Кытайдан тарттык.
Ош аймагында чыныгы муктаждарга жер бөлүнбөстөн, ким шылуун болсо, акчалуу болсо же кызматта иштесе гана жер алып жүрүшкөн.


Албетте нарк боюнча кооптонуу бар. Дыйкандар былтыр бул жаатта кымбатчылык болду деп какшап жатышат. Алардын эсебинде пахтанын килосун 85 сомдон саткан учурлар болуптур. Ошол себептен биз дүйнөлүк бааларды тыкыр салыштырып атабыз. Мына быйыл деле “ак алтындын” баасы төмөндөбөйт деген маалыматтар бар.

Экинчиден, бизди күйүүчү май маселеси өтө кыйнап атат. Литри 42 сомду чапчыды. Тажикстанга салыштырмалуу бир аз арзан. Ал жакта 50-55 сомдон кемий элек. Ошондуктан премьер-министр Алмазбек Атамбаев Орусияга эки ирет каттады. Эки документке кол коюлду. Казакстан бизге күйүүчү майды таптакыр өткөрбөй койду. Ошого карабастан орустардын тилин таптык. Солярка наркы кыйла көтөрүлүп кетти, бирок жок эмес, бар.

“Азаттык”: Айрым маалыматтарга караганда, аймакта коомдук-саясий абал тынч эместигинен улам акыркы мезгилде башка өлкөлөргө агылган жарандардын саны кескин өстү. Абал чындап эле санаага салчу деңгээлдеби?

Жээнбеков:
Кыргызстанга кызыккан сырткы да, ички да күчтөр толтура. Өлкөнүн байлыгын жана өзүн мурдагыдай эле каалагандай кылып пайдаланыбыз деген арам ойлуу күчтөр жок эмес. Былтыркы Ош коогалаңын дагы кайталайбыз дегендер бар. Бул боюнча маалыматтар бизге үзгүлтүксүз түшүп жатат.

Биздин тартип коргоо органдарыбыз былтыркыдай чабал эмес. Ар кандай жоруктарга убагында сокку урганга даяр турушат. Учурда кайгуул-күзөт полкунун санын 500гө көбөйттүк. Мындан тышкары ушул тапта туруктуу машыгуулар өтүп атат. 4-майда Ошто он эки мамлекет катышкан машыгуу өтөт. Иш-чарага Бишкектен да кошумча күчтөр тартылат.

Биз азыр ар кандай арам аракеттерге бекем туруштук бергенге жана өз убагында сокку урганга кудуретибиз жетет. Эң негизгиси былтыркы коогалаңдын кайталанышына жол бербейбиз.

Эки элдин кагылышуусунан эч ким уткан жок. Бул жаңжалдан мамлекет абдан чоң зыян тартты. Канчалаган адамдар бейкүнөө каза таап, канчасы майыпка айланды. Эң башкысы мындан карапайым кишилер гана жапа чегишти.

Коогалаңдан кийин...
Тополоңду уюштургандар, билесиздер, чет өлкөдө качып жүрүшөт. Буйруса мамлекет бир аз тыныгындан кийин аларга да колубуз жетет. Бул үчүн убакыт талап кылынууда. Канткен күндө да эчендеген кылымдар бою ынтымык-ырашкерликте жашап келген элибиз мындан кийин да ошол тейде жашоосун улантканы оң. Антпесек бизге сырттан инвестор жана башка донорлор жолобойт.

“Азаттык”: Мамлекеттик “Кайрылман” программасына ишенип чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын түпкү мекенине кайтуусу күчөдү. Биз билгенден тажикстандык жүздөн ашуун кыргыз көчүп келип, учурда Ош облусунда жашап жаткан чагы. Алардын көбү жер тилкесине, турак-жайга жана акча каражаттарына муктаж экендигин айтышууда. Бул маселе кантип чечилүүдө?
Биздин тартип коргоо органдарыбыз былтыркыдай чабал эмес. Ар кандай жоруктарга убагында сокку урганга даяр турушат.


Жээнбеков: Союз мезгилинде көп кабаттуу үйлөр курулуп келген. СССР таркагандан кийин бул жараян токтоду. Ошондон кийин турак-жай үчүн жер аянттары берилип жатты. Бирок биз анализдеп чыктык. Айрыкча Ош аймагында чыныгы муктаждарга жер бөлүнбөстөн, ким шылуун болсо, акчалуу болсо же кызматта иштесе гана жер алып жүрүшкөн. Ошондуктан Ош облусу боюнча азыр 80 миң адам жер тилкеси үчүн кезекте турат.

Ош шаарынын чеке-белиндеги Каттасай массивинен 5 гектар, Араван районунан 1200 гектар жер таптык. Биринчи ирээтте өз жарандарыбызды гана жер тилкеси менен камсыз этип, анан гана сырттан көчүп келишкен кандаштарыбызга көңүл бурмакчыбыз. Өзүбүздөгү маселени чечпестен кайрылмандарга жардамдашабыз деген бул – популизм.

Кээ бири айтып жатпайбы, албетте, биз – боордошпуз. Аны танбайбыз. Бирок алар да бизди түшүнсүн. Баарынын убакыт-сааты келет. Ошентсе да кайрылмандардын өтө муктаждарын мукуратпайбыз. Өкмөткө кайрылып, түйшүгүн жеңилдеткенге сөзсүз жардамдашабыз.

“Азаттык”: Сиз мурда Социал-демократиялык партиянын активдүү мүчөсү элеңиз. Угушубузга караганда, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен да досчулук жайыңыз бар. Президенттик шайлоого Алмазбек Атамбаевдин да катышаары күтүлүүдө. Анда административдик ресурстарды колдонуп, ал кишини сүрөбөйсүзбү?

Жээнбеков: Элибизде шайлоого ишеними жоголгон десем жаңылышпайм. Айрыкча “Ак жол” партиясын шайлаганда, 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ишеним кеткен. Анда эл шайлаган эмес, аткаминерлер жыйынтыгын Бишкекте чыгарып турушкан. Бюллетендер дээрлик жасалган, эл катышпаса деле “толук келди” деп эсептешкен.
Өлкөнүн байлыгын жана өзүн мурдагыдай эле каалагандай кылып пайдаланыбыз деген арам ойлуу күчтөр жок эмес.


Башкы максатыбыз – элдин мамлекетке ишенимин кайтаруу. Өлкөнү чындап башкара турган уул-кыздарыбызды эл шайлашы кажет. Себеби мамлекеттин ээси – Кыргызстандын жарандары. Он киши отуруп алып, миңдеген добуштарды будамайлап, бурмалоосу кечирилгис кылмыш.

Ооба, азыр деле кемчиликтерден куру эмеспиз. Кантсе да көч бара-бара түзөлөт. Алдыдагы президенттик шайлоодо элге кеңири мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Бул ирет добуштарды бурмалап, элдин укугун кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына бурабыз дегендерге каршы турабыз. Биз бул үчүн бийликке келген эмеспиз. Мамлекетибиз таза жолдо өнүгүшү керек.

Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого катышам деп эч жерде айта элек. Ал киши учурда өлкөнүн экономикасын көтөрүп, мамлекетти бутуна тургузуу менен гана алек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG