Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

“Центерра Голддун” алтын казуудан түшкөн пайданын эсебинен Кыргызстанга дивиденд бөлүү системасы ачык эмес.

Бул тууралуу билдирген коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков алтынды сатуудан түшкөн кирешенин чоң өлчөмүн канадалык компания өзүнө калтырып, жарыбаган бөлүгүн Кыргызстанга которуп келе жаткандыгы боюнча өзүнүн иликтөөсүн жарыялады.

Бирок “Кыргызалтын” компаниясы алтынды сатуудан түшкөн пайданын ири өлчөмү кендерди изилдөө жана өңдүрүштүн кубаттуулугун көбөйтүүгө багытталып жатканын ырастады.

Пайданын үлүшүнө акыйкат эмес дешет

Тынчтык келишиминин негизинде Кыргызстандын “Центерра Голд” компаниясындагы үлүшү 2007-жылы 15тен 33 пайызга көтөрүлгөн. Кумтөрдөн өткөн жылы 18,1 тонна алтын казылып алынган. Аны сатуудан
компаниянын таза кирешеси өткөн жылы 435 миллион долларды түздү.

Ага ылайык, Кыргызстанга пайданын үлүшүнөн 30,2 миллион доллар бөлүнгөн. Бул учурунда бөлүштүрүлгөн пайданын эң жогорку үлүшү катары каралган. Бирок Кумтөр алтын кенин изилдеген коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков алтын казуудан түшкөн пайда ачык жана акыйкат бөлүштүрүлбөй жатканын белгиледи:

- Биз 33 пайыз акцияга ээ болуп, болгону 30 миллион доллардан бир аз ашыгыраак акча бөлсө, ошого ыраазы болуп жатабыз. Калганы кимдердин чөнтөгүнө түшүп жатат деген суроо бар. Ошол эле маалда алтындын бир унцийи буга чейин эле 1700-1800-1900 долларга чейин өскөн. Алтынды мына ушундай баада сатып, киреше тапкан “Центерра” компаниясы жок эле дегенде мына ошол пайдадан 150 миллион доллардан кем эмес каражат бөлүш керек болчу. Бирок андай болгон жок. Эмнеге? Себеби бул жерде өз ара келишип алган афера бар деп шекшип турам.

Бирок “Центерра Голддогу” Кыргызстандын 33 пайыз акциясынын ээси “Кыргызалтын” компаниясы мындай доомат менен макул эмес. Анткени алтын казуудан түшкөн пайда “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин чечими менен бөлүштүрүлөт.

Компаниянын басма сөз катчысы Руслан Абдрахманов эки жылдан бери алтын казуудан түшкөн пайданын чоң бөлүгү өндүрүшкө жана геологиялык изилдөөгө багытталганына токтолду:

- Бул жерде жөнөкөй арифметика менен эсептеген болбойт. Пайданы бөлүштүрүү маселеси “Центерранын” директорлор кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт. Мисалы, мына ошол былтыркы 435 миллион доллар кирешенин 375 миллионун кайра “Кумтөрдүн” өзүнө калтыруу жагы каралган. Анткени ал каражат компаниянын өздүк чыгымдарына жана өндүрүштү кеңейтүүгө жумшалышы керек деген маселе коюлган. Анан андан артканын гана дивиденд катары бөлүштүрүлгөн.

Ошол эле кезде өндүрүшкө жана геологиялык изилдөөгө каралган каражаттын кандайча жумшалгандыгын изилдөөгө Кыргызстандын бийлик органдарынын акысы жок. Анткени эки тараптуу макулдашуу боюнча компаниянын ички каржылык ишмердигин иликтөө “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешине гана таандык. Директорлор кеңеши пайданын өндүрүштү өркүндөтүүгө жана геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө каралгандан калган бөлүгүн гана акционерлер ортосунда бөлүштүрөт.

Тең ата мамиле талабы

Тоо-кен өндүрүшчүлөр биримдигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев “Кумтөргө” каралган каражатты Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз киргизилген салым катары караш керек деп эсептейт:

- Жакшы анализ кылбай туруп эле, жалпы сандарды алып алган, түшүнүгү жок адамдар ошентип эсептей беришет. “Центерра” былтыр 180 миллион доллардан ашуун каражатты капиталдык салып катары “Кумтөргө” берди. Бул эми жер алдындагы кендерди иштетүүгө жумшалат. Анан 12 миллион доллар геологиялык изилдөөлөргө багытталган. Мына ушул сыяктуу чыгымдарды жабууга каражат каяктан келип жатат? Албетте мына ошол пайданын эсебинен. Мына ошонун бардыгы Кыргызстанда калып, кыйыр түрдө биздин мамлекеттин экономикасына иштеп жатпайбы.

Бирок коомчулукта мындагы сандардын так эместиги жана өндүрүшкө жумшала турган каражаттын санынын өтө эле көптүгү күмөн саноолорду жаратууда. Буга Кумтөрдөгү алтын кен өндүрүшү кыскарып жатса, ага кандай негизде кошумча салымдар багытталып жаткандыгы боюнча жүйө келтиргендер да четтен табылат.

Талдоочу Жыргалбек Турдукожоев өндүрүштү үзгүлтүккө учуратып албоодон чочуган Кыргызстандын өкмөтү “Центерра Голддон” ачык-айкындуулукту талап кыла албай жатат деген ойдо:

- Атамбаев 2007-жылы өкмөт башчы болуп турганда “Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойбуз, алтын казуудан бизге түшчү пайданын өлчөмүн көбөйтөбүз деп аябай эле аракет жасап жаткандай болгон. Бирок ошонун баарынан жетиштүү майнап чыккан жок. Бул жерде эми укуктук кыйтырлык менен жасалган жагдайлар да болушу мүмкүн. Ошондуктан биздин бийликте канадалык компания менен мамиле бузулса, өндүрүш токтоп калып, азыркы кезде алып жаткан пайдадан да кур калбайлы деген чочулоо болуп жатат окшойт.

Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү 77 миллион 471 миң акцияны түзөт. Аны акчага айлантканда болжол менен бир жарым миллиард канадалык долларга барабар.

Бир катар кыргызстандык эксперттер Кыргызстан өзүнүн акцияларын сатууга чыгарыш керек деп сунуштап чыгышкан. Анткени акциянын баасы бирде жогору болуп, бирде түшүп отуруп, 2012-жылдын май айына карата “Центерранын” бир акциясы 12 канадалык долларга чейин түшүп кеткен. Ал эми 2009-2010 жана 2011-жылдары аталган акциянын наркы 24 канадалык долларга чейин чыккан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG