Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

“Мегаком” уюлдук операторунун айланасындагы окуялар Кыргызстандагы эң кирешелүү ишкананы мелжегендер көп экендигин дагы бир жолу далилдеди.

Аттуу-баштуулардын саясий тиреши менен каржы булактарын көзөмөлдөө үчүн күрөшү айкалышты.

Ким канча акча алган?

Кыргызстанда уюлдук байланыш боюнча эң ири эки оператордун бири катары эсептелген “Мегакомдун” кардарларынын саны былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 2,2 миллион абоненттен ашкан. Анын айланасындагы азыркы жаңжалда анын жүз миңдеген катардагы кардарларынын кызыкчылыгы жөнүндө кымындай сөз болгон жоктой, тескерисинче бул жаңжалдан кардарлар зыян тартып калуусу мүмкүн.

Кардар үчүн компанияга ким ээлик кылары эмес, байланыштын үзгүлтүксүз жана сапаттуу иштеши, ошондой эле кызмат көргөзүү акысынын төмөн болушу негизги мааниге ээ. “Мегакомдун” айланасындагы азыркы жаңжал болсо дээрлик жарымы апрелдеги былтыркы ыңкылаптан кийин улутташтырылган ишкананын “кайсыл үлүшү кимге таандык”, “андан бери ким кайсыл жакка канча акча чыгарып кетти, ким канча акча алган”, “алтын жумуртка тууп жаткан ишкананы эми ким басып алууну” көздөөдө деген суроолорго барып такалууда. Бишкектик экономист Айдар Мокенов бул жаңжалга коомчулукту аралаштырууну көздөгөндөр бар деп эсептейт:

- Мени бул кырдаалда кадимки корпоративдик талаш коомдун таразасына алынып чыкканы кыжаалат кылат. Менимче, буга эч кандай зарылчылык жок эле. Чатак такыр эле башка нукка бурулгандай. Балким бул чатактын катышуучулары ага коомду тартууну каалап жатышат. Мобилдик байланыштын колдонуучусу катары чынын айтсам мага баары бир.

Эгер керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгы жок болсо парламентте өз шайлоочуларынын кызыкчылыгын коргошу керек болгон саясий партиялар, мамлекеттин кызыкчылыгын, мыйзамдуулукту коргошу керек болгон өкмөттүк структуралардын, акырында барып президент аралашууга аргасыз болгон чатакта кимдердин кызыкчылыктары кагылышып жатат?

“Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа – Телеком” жабык акционердик коомунун 49 пайызы мамлекет карамагына алынгандыгын эске алганда, мисалы мамлекеттин бул ишканадагы башкы кызыкчылыгы салыктардын толук өлчөмдө алынышынан тышкары, компаниянын ал мүлк ээсине айланган мөөнөттөн тарта кардарлардан чогултулган каражатынын көлөмү атайлап азайтылбашына, өкмөт менен бөлүшүүгө туура келе турган таза кирешесинин төмөндөтүлбөшүнө, компаниянын ыгым-чыгымдарынын обу жок көбөйтүлүшүнө жол бербөөдө жатат.

Бирок “Мегакомдун” маселесинде Башкы прокуратура, Каржы полициясы өңдүү мамлекеттик структуралардын карама-каршы багыттагы иши алардын кимиси мүлк ээси - мамлекеттин, кимиси ошол мүлккө көз арткан же пайда табууну көздөгөндөрдүн кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы түшүнүксүз жана аракеттери күмөн санатат.

“Мегакомдо” азыр акыркы бир жарым ичиндеги үчүнчү жетекчи ишке киришти. Каржы полициясы Андрей Силич баштаган биринчи жетекчиликтин үстүнөн кылмыш ишин козгосо, Башкы прокуратура ал ишти токтотуп, өкмөт койгон жана Азамат Мурзалиев баштаган кийинки жетекчиликтин үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Өкмөт койгон жетекчилик жана каржы полициясы былтыр апрелден кийин “Мегакомдун” сыртка миллиондогон доллар, ал эми өлкө ичиндеги фирмалар аркылуу миллиондогон сом чыгарылган деп ырастайт. Башкы прокуратура болсо мунун кандайдыр бир далилдери жок деп эсептөөдө.

Ал эми “Мегакомдун” өкмөт койгон алгачкы башчысы Азамат Мурзалиев компаниядагы коррупциялык схемаларга бул мекеменин кызматкерлери да аралашкан, атүгүл Башкы прокурор милдетин аткаруучу Кубат Байболовдун жубайы Нуржамал Байболовага караштуу фирмага “400 миң доллар” кеткен деп айтып чыкты. Башкы прокурор менен анын жубайы бул маалыматты төгүндөөдө. Буга чейинки тергөөгө аралашкан Каржы полициясынын дарегине алар кылмыш ишин ачкан алгачкы жетекчилик тарабынан мындай доомат азырынча айтыла элек.

“Саясий чечим”

Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору Чыңгыз Макешов башында “Мегаком” улутташтырылганда өкмөт тарабынан укуктук эмес, саясий чечим кабыл алынгандыгын эске салып, мындай дейт:

- Ким кандай кызыкчылыкты көздөгөнү ачык-айкын сот болсо аныкталат. Бирок сот чечим чыгарганга чейин бул ишкананы мамлекеттин койгон кишилери башкаруусу керек. Улутташтыруу башталганда эле кээ бир ишкерлер муну мыйзам чегинде, соттун чечими менен ишке ашыруу керектигин айтышкан. Бирок анда саясий чечим кабыл алынгандан кийин эми аны аягына чейин чыгаруу керек да.

Саясий чечим демекчи “Мегакомдун” иши боюнча азыркы парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия компанияны адегенде 100%га улутташтырууну, андан кийин гана мурдагы орусиялык инвестордун үлүшү далилденсе, аны кайтарып берүү маселесине кайрылууну сунуш кылган. Бирок иш буга, дегеле компаниядагы менчик укукту, үлүштүн канчасы кимге таандык экендигин аныктоо деңгээлине жете элек. Маселе азыр иш бир жаңсыл чечилгенге чейин компанияны жана анын каржы агымдарын ким башкарары жөнүндө жүрүп жаткандай. “Мегакомго” ээлик кылган “Альфа Телеком” жабык акционердик коомун 49 пайызын кыргыз өкмөтү улутташтырган болсо, калган 51 пайызын орусиялык инвесторбуз деген тарап өзүнүкү катары ырастап келет. Орусиялык Глеб Огнянников ысымдуу ишкердин атынан “Penwell Business Limited” деген инвестициялык компания билдирүү жасап келүүдө.

“Мегаком” – саясий күрөштүн куралы

“Мегакомдун” иши боюнча ага тартылган мамлекеттик мекемелер гана эмес, парламенттеги саясий партиялар да азыр экиге бөлүнүп турат.

Жогорку Кеңештеги беш партия ичинен үчөөсүнүн депутаттары буга активдүү аралашып, оппозициядагы “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” партиялары Башкы прокуратуранын, “Республика” партиясы боюнча каржы полициясынын аракеттерин колдоодо. Москвадагы КМШ өлкөлөрү институнун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде, “Мегаком” маселеси Кыргызстандын өзүндө саясий күрөштүн элементине айланып калгандыгын белгиледи:

- Кыргыз элитасы азыр бир жагынан президенттик шайлоонун, экинчи жагынан парламенттеги коалицияны, ага катар өкмөттү кайра түзүү ыктымалдуулугу алдында жашоодо. Андыктан алдыдагы саясий өзгөрүүлөр, сыноолор, мунун ичинде президенттик шайлоо кандай жараян болбосун өз изин калтырат. Ал эми “Мегаком” менимче бул жерде ошол саясий күрөштүн элементтеринин бири болуп жатат. Албетте анан акча да бар. Анткени Кыргызстандын саясатында каражат элита үчүн ар дайым чоң роль ойноп келген. "Республика" узактан бери баштан кечирип жаткан социалдык-экономикалык татаал кырдаалды, анын үстүнө президенттик кызмат үчүн алдыдагы күрөштү эске алганда маселенин каржылык аспектисинин мааниси арта түшөт.

Ал эми “Мегаком” чатагына орусиялык айрым депутаттардын да үн кошуусун Андрей Грозин мындайча чечмелейт:

- Ал бир жагынан Орусиянын алдыңкы уюлдук операторунун кызыкчылыгын коргоого багытталган. Муну Кыргызстандагы орус бизнесинин кызыкчылыгы үчүн лобби жасоо деп да түшүндүрсө болот. Экинчи жагынан Кыргызстанда саясий күрөштүн олуттуу курчушу башталгандыгын да түшүнгөндүк. Орусиядагы түрдүү топтор да өздөрүнүн көңүлү түздөргө ыкташат. Москвада кимдир бирөөлөргө мисалы Атамбаев жагат, экинчи бирөөлөрүнө балким таң калычтуу көрүнүшү мүмкүн, Текебаев жагат, дагы кимдир бирөөсүнө башкалар.

Орус думасында азчылыкты түзгөн ЛДПР, “Справедливая Орусия” партияларынан шайланган эки депутаты “Мегакомдо” жетекчиликтин алмаштырылышы үчүн биринчи вице-премьер-министр, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду айыпташып, мунун артында анын жеке бизнес кызыкчылыктары жатат деп жоромолдошкон. Ушундай эле ойду Кыргызстандын өзүндө “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” партияларынын жетекчилери жана депутаттары айтууда.

Саан уй”

“Мегаком” экономикалык жактан караганда, Убактылуу өкмөт тарабынан улутташтырылган ишканалардын эң ириси жана кирешелүүсү. Компания өзү 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча кардарлардан 130 миллион доллар топтогонун, таза кирешеси 30 миллион доллардын тегерегинде экендигин билдирген.

Бишкектик саясат таануучу Табылды Акеров да “Мегаком” чуусу саясий күрөштө курал катары да пайдаланылып жатат деген пикирлерге кошулат. Анын көз карашында, дегеле апрель ыңкылабынан кийин дээрлик жарымы мамлекеттин мүлкүнө айланган бул компания, учурдагы карама-каршылыктарды эске алганда, көп саясатчылар үчүн каржы булагы иретинде кызмат кылган болушу мүмкүн:

-7-апрелден кийин “Мегаком” компаниясы бир топ саясатчылар үчүн “саан уй” болуп калган деп айтсак болот. Себеп дегенде бул жерде өтө чоң акчалар айланган. Менимче, ошол саясатчылардын ичинде өтө чоң кызматтагы жана аты таанылган саясатчылар болушу мүмкүн. Эгер Коопсуздук кызматы жакшылып аракет кылса, буга документалдык да далилдерди табууга болот.

“Мегакомдун” айланасындагы жаңжаалга президент Роза Отунбаева да кийлигишип, ал шаршембиде өткөргөн кеңешмеден кийин Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында мекмелер аралык тергөө тобун түзүү чечими кабыл алынды. Мындан ары тергөөнү ушул топ жүргүзмөкчү. Ал эми тергөөнүн мыйзамдуулугун камсыздоо иши Башкы прокуратурга тапшырды. Тергөөнүн жүрүшү боюнча эми бул эки мекеменин ортосунда да каршылык чыкпайбы, муну убакыт көргөзмөкчү.

Байкоочулардын баамында, жогорудагы эки мекеменин учурдагы жетекчилери Кубатбек Байболов менен Кеңешбек Дүйшөбаевдин мамилелери жакшы эмес. Мындан улам буга чейин аталган эки мекеме да бири-бирине каршы аракеттенген учурлар байкалган. Андыктан, кокус алардын бирөөсү эле кызматтан кетип калбаса, тергөөнүн мындан аркы жүрүшүндө да жаңы каршылык чыгышы мүмкүн. “Мегакомдо” Башкы прокурордун жеке кызыкчылыгы бардыгы байкалды деп эсептеген “Республика” фракциясы Кубатбек Байболовду кызматтан алуу маселесин көтөрүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG