Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

“Мегаком”: Аягы көрүнбөгөн тирешүү


"Мегаком” компаниясынын эмгек жамааты мурдагы жетекчи Андрей Силичти колдоо акциясын өткөрдү. Бишкек, 16-март.
"Мегаком” компаниясынын эмгек жамааты мурдагы жетекчи Андрей Силичти колдоо акциясын өткөрдү. Бишкек, 16-март.

Мамлекеттик мүлк министрлиги “Мегакомго” жаңы жетекчиликти дайындап, сотко чейин компаниянын 100% акциясын мамлекет көзөмөлдөөрүн жарыялады.

Бирок башкы прокуратура бул мыйзамга каршы келээрин айтып чыкты.

Жүз пайыз үлүшкө жүз пайыз жоопкерчилик

Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдындагы улутташтырылган объектилерди башкаруу корунун жетекчиси Даир Кенекеев “Мегакомдо” орун алган кош бийлик жөнгө салынгандыгын белгилеп, бул максатта мекемеге жаңы жетекчилик дайындалганын жарыялады:

- Мурзалиев өзүнүн арызынын негизинде убактылуу иштен четттетилди. Мен компаниянын чыныгы жетекчисимин деп келип олтуруп алган Силич дагы кызматына киришпей турган болду. Ошону менен бирге жаңы башкы директордун милдетин аткаруучу болуп Алмаз Абеков дайындалды.

Учурда 15-март күнү Кыргызстанга кайтып келген “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Андрей Силичтин кайда экендиги белгисиз. Анын жактоочусу Сергей Слесарев бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу корунун жетекчиси Даир Кенекеев “Мегакомдун” 51 пайыз акциясы кимге таандык экендиги аныкталганга чейин, ага толук көзөмөлдү мамлекет жүргүзө тургандыгына токтолду:

- Учурда эч ким “Альфа-Телекомдун” 51 пайыз акциясы бирөөгө таандык деп айта албайт. Бул боюнча соттун чечими чыга элек. Мурда башкы прокуратура 51 пайыз акцияны камакка алып, аны сактоону маммүлк министрлигине тапшырган. Буга чейин 49 пайыз акция декрет менен улутташтырылган. Мына ошондуктан азыр “Мегакомдун” жүз пайыз акциясына мамлекет гана жооп бере алат.

Ошол эле учурда башкы прокуратура “Мегакомго” жаңы жетекчиликтин дайындалышын жана толук көзөмөлдүн мамлекеттик мүлк министрлигине өткөндүгүн мыйзамга каршы келет деп эсептейт.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов мында экинчи тараптын кызыкчылыгы тебеленип жаткандыгын белгиледи:

- Муну эки жак олтуруп алып туруп эле чечип койсо болот эле. Бир эмес, эки тараптан эки жетекчи коюш керек болчу. Алар биринин аркасынан экинчиси карап, бири кол койбосо экинчиси аны аткарта албагандай болсо бир аз ачыктык болмок. Булар эми өздөрү тергөөчү, өздөрү сот болуп алышып, мыйзамды каалаган жакка буруп жатышпайбы. “Альфа-Телекомдун” жүз пайыз акциясына сотко чейин тыйуу салынган. Анан мүлк министрлиги ага жетекчи дайындайбыз деп ызы-чуу салбай эле тышкы башкаруучу аркылуу көзөмөлдөп турушса мыйзам чегинде болмок.

Баш прокурордун баш оорутмасы

Анткен менен Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы башкы прокурор Кубатбек Байболовду кызматтан четтетүү талабы менен мамлекет башчысы Роза Отунбаевага кайрылуу жөнөттү.

Фракция жетекчиси Канатбек Исаев буга каржы полициясы “Мегакомдун” мурдагы жетекчилигине каршы козгогон иштерге башкы прокуратура тарабынан бут тосуулар болуп жаткандыгын мисал келтирди:

- Элге маалым болуп калды. Башкы прокурордун өзүнүн дагы “Мегакомго” карата жеке кызыкчылыгы бар экен. Тагыраак айтканда өзүнүн жеке мүлкүн аталган компанияга жогорулатылган баада саткан экен. Ошондой эле 8-9 айдан бери башкы прокуратура көзөмөлдөп турган “Мегакомдон” 143 миллион сом жасалма фирмаларга чыгып кеткендиги документтер аркылуу тастыкталып олтурат. Ошондуктан биздин фракция башкы прокурор Кубатбек Байболовду кызматтан чететтүү талабы менен мамлекет башчысына кайрылдык.

Буга чейин башкы прокуратура “Мегакомдун” мурдагы жетекчилиги Андрей Силичке жана Алексей Бороздинге каршы каржы полициясы тарабынан козголгон кылмыш иши негизсиз деген себеп менен кыскартып салган болчу.

XS
SM
MD
LG