Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Тышкы кийлигишүүгө нааразылык айтылды


Жаштар уюмдарынын өкүлдөрү 15-мартта башка мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды.

“Ак шумкар-Кут” жаштар бирикмесинин төрагасы Айбек Мырза эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер дайыма Кыргызстандын ички ишине кийлигишип келет деп эсептейт. Анын оюнча, Кыргызстан көз карандысыз саясатын жүргүзүүгө өз шарты жетиштүү.

- Тышкы мамлекеттер, эл аралык уюмдар биздин мамлекетке кийлигишпеши керек. Биздин мамлекеттин өз саясатын жүргүзгөнгө кудурети да, күчү да жетет. Ошондуктан ушуну жогорку жетекчилер эске алса.

Жаштар өлкөнүн саясатына активдүү катышып келет.
“Жаштар кеңеши” коомдук уюмунун өкүлү Мавлян Аскарбеков жакында эле Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Семен Багдасаров менен Алексей Островскийдин кыргыз парламентиндеги билдирүүсүн жол берилгис жорук деп сыпаттады.

- Биз суверендүү мамлекетпизби? Биздин тышкы саясатыбыз барбы же жокпу? Же ар кайсы мамлекеттин депутаттары, министрлери келип, өз билгендерин жасай беришеби? “Мегаком” маселеси прокуратура жана тартип коргоо органдары чече турган өлкөнүн ички иши.

Буга улай Аскарбеков былтыркы июнь коогалаңы боюнча соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровго эл аралык уюмдар жан тартып, "эгемен мамлекеттин сот иштерине басым жасап жатат" деп айтышты.

- Азимжан Аскаровдун ишин акыйкат карагыла деп талап коюп жатат. Бул талап алардын Кыргызстандын сот ситемасына түздөн-түз кийлигишүүсү.

Жаштар өлкөнүн саясатына активдүү катышып келет: энергетикалык объектилердин менчиктерилишине каршы акция.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жаш депутаты Жоомарт Сапарбаев тыштан кийлигишүүгө жол берилбесин жактайт. Ошол эле кезде айрым маселелерди жаштар терең түшүнбөй эле чуу көтөрүп жатканын айтты.

- Тилекке каршы кээ бир уюмдар маселени жана болуп жаткан окуяны билбей туруп эле "тышкы күчтөр кийлигишпесин" деп кыйкырып чыгып жатышат. Муну мен убагында ЕККУга каршы чыккан уюмдар жөнүндө айтып жатам. Ал эми кээ бир уюмдар жарма патриотизм ураанынын алдында эле чыгышууда. Албетте туура айтып жаткандары да бар.

Маалымат жыйынын өткөргөн жаштар өкүлдөрү былтыр да Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун куралсыз полициясын Кыргызстанга киргизүүгө каршы болуп, Бишкекте нааразылык акцияларды уюштурушкан. Алар муну да Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү аракети катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG