Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

5 миллион калкы бар Кыргызстанда уюлдук абоненттердин саны 6 млн 200 миңден ашты. Анткен менен өлкөнүн 85 пайызы гана уюлдук байланыш кызматы менен камсыз болгон.

Мамлекеттик Байланыш агенттигинин маалыматына карганда, Кыргызстанда ар бир абонент уюлдук байланыш үчүн айына орточо эсеп менен 200 сомдой коротот.

Сандан сапатка

Мамлекеттик Байланыш агенттиги 2011-жылдагы өз баяндамасын жарыялады. Анда байланыш операторлорунун бир жылдык кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү 13 817,3 млн сомду түзгөнү айтылат. Бул бир жыл ичинде уюлдук байланышты колдонуу 15 пайызга өстү дегенди билдирет.

Экономист Улук Кыдырбаев буга Кыргызстанда уюлдук байланыштын баасы арзан болуп жатышы себеп деген ойдо.

- Биздин байкоолорубузга караганда, жалпы чөлкөмдү алганда Кыргызстанда
уюлдук байланыштын баасы орточо. Мисалы, Өзбекстанга, Түркмөнстанга
караганда арзан. Эң кымбат баа Казакстанда.


Ал эми уюлдук байланыш жаатындагы эксперт Эркин Мамасалиев Кыргызстанда уюлдук байланыштын саны жогорку чекке жеткенин белгилеп, эми уюлдук операторлор сапаттуу тейлөө көрсөтүүсү керек деп эсептейт.

- Келечекте уюлдук байланыштын өнүгүүсү анын санын жогорулоосуна эмес, сапатына жараша болот. Анткени азыркы учурда ар бир адамдын экиден телефону же эки-үч симкасы бар. Башкача айтканда, абоненттердин саны элдин санынан жогору болуп калды. Демек байланыш операторлор эми бааларды төмөндөтүп, экономикалык шарттарды гана эмес, кардарларга башка да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен аларды өздөрүнө тартыш керек. Бул шарттар: интернетти күчөтүү, видео жана башка байланыштарды түзүү, коммуналдык кызматтарга келген эсептик дүмүрчөктөрдү телефон аркылуу төлөө сыяктуу ыңгайлуулуктар болушу мүмкүн. Мисалы, Америка жана Европа өлкөлөрүндөгүдөй чөнтөк телефон байланыш каражаты гана эмес, ал башка да турмуштук кызматтарды аткаргандай болушу керек.

Жаңы талаптар - жаңы шарттар

Жогоруда белгиленгендей, Кыргызстанда чөнтөк телефондон интернетке киргендердин саны акыркы кезде көбөйдү. Уюлдук операторлор да ушуга мүмкүнчүлүк түзүп, анын арты менен өз кардарларын көбөйтүүгө далалат кылууда. Ага ылайык, бир топ уюлдук компаниялар үчүнчү жана төртүнчү муундагы техникалык шарттарды киргизип жатат.

“Мегаком” уюлдук операторунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Эдил Касмамбетов анын артыкчылыктарын атап берди:

- Үчүнчү муундагы байланыш кызматы - ыкчам интернет, маалымат менен тез алмашуу, ошондой эле интернет мейкиндигиндеги телеберүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгү. Үчүнчү муундагы байланыш менен кардарлар өз ара байланышканда үнүн гана укпастан, видео чалуулар кызматын пайдалануу аркылуу келбетин да көрө алат. Мисалы, жайлоодо жүрсөңүз, ал жерде сүрөт-видеолору тартып, ошол замат интернетке жүктөсөңүз да болот.

Уюлдук байланыштын тарифтери маркетингдик изилдөөлөргө караганда, жыл сайын рыноктук кырдаалга, калктын керектөөлөрүнө, аймактык жана жана мезгилдик өзгөрүүлөргө жараша орточо эсеп менен 5тен 15 пайызга чейин арзандап жатат.

Орточо алганда, 2011-жылы бир абонент чөнтөк телефон менен айына 183,4 сомго сүйлөшкөн. Ал көрсөткүч 2010-жылы 189,3, 2009-жылы болсо, анын баасы 207,7 сомду түзгөн болчу. Мамлекеттик байланыш агенттигинин баяндамасында, 5 млн калкы бар Кыргызстанда уюлдук абоненттердин саны 6 277 108 миңге жеткени белгиленген. Бул калктын жалпы санына салыштырганда,113 пайызда түзөт.

Улук Кыдырбаев өлкөдө чөнтөк телефон колдонгондордун санынын арбыганын элдин менталитети менен да байланыштырат.

- Биз сүйлөгөндү, бири-бирибиз менен байланышып, маалымат алмашканды жакшы көрөбүз да. Бул биздин коммуникациядагы өзүбүзгө таандык мүнөзүбүз, башкача айтканда социалдык көрүнүш. Ошондуктан биз уюлдук байланышты аябай көп колдонуп жатабыз. Ар бир жаштын жана кары кишинин да колунда жок дегенде бирден телефону бар. Ал эми адамдардын жарымында эки телефону, кээ биринин болсо төрт телефону бар. Азыр кээ бир телефондорго үч симканы жайгаштырсаңыз болот. Себеби ар бир оператор менен анын өзүнүн симкасы аркылуу сүйлөшүү арзан түшөт. Ал эми биздин оюбузча, бир айда орточо ар бир абонент 300 сомго сүйлөшөт.

Буга байланыштуу “Азаттык” Бишкек шаарынын айрым тургундарына “бир айда чөнтөк телефонго канча акча сарптайсыз” деген суроо узатты.

Улукбек: Айына сүйлөшүүгө 400 жүз сомдой коротом.

Самат: Айына көп эле коротом, 800 сомдой болот. Кыргызстандын ичине, кээде чет өлкөгө, Казакстанга, Орусияга чалам. Мен “Билайндын” да, “Мегакомдун” да кызматынан пайдаланам. Мурда эки телефон көтөрчүмүн, азыр эки симкалуу телефон колдоном. Анткени арзан болот.

Роман: Чөнтөк телефонго айына 200-300 сомдой салам. Адамдар менен сүйлөшөм, ошондой эле телефондон интернет да колдоном.

Кубанычбек: Айына 300 сомго сүйлөшөм. Кээде андан да көп болуп калат. Орточосу 300 сом.

"Ток үчүн анча төлөшпөйт"

Салыштыруу үчүн кыргызстандыктар электр энергиясы үчүн айына канча сом төлөйт деп да кызыгып көрдүк. “Түндүк электро” ААКсынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев өз байкоолоруна таянып мындай маалымат берди.

– Шаардагы жана айылдагы абоненттер деп экиге бөлүшүбүз керек. Мисалы, башка улуттар жашаган Чүйдөгү Александровка айылынын тургундары 1000 сомдон төлөп жатышат. Ал эми кыргыз үйлөрү 300 сомдон ашпайт. Ал эми хан сарайда жашагандар жайында 1000-1300 сом төлөп жатышат. Айылдагылар болсо 300-350 сом гана төлөйт.

Ал эми жан башына эсептегенде ток үчүн адамдар уюлдук байланышка караганда, аз төлөшөрүн белгилешүүдө.

Кыргызстанда уюлдук абоненттердин саны элдин жалпы санынан кыйла ашканы менен өлкөнүн 85 пайызы гана уюлдук байланыш менен камсыз болгон. Эксперт Эркин Мамасалиев анын себебин мындайча түшүндүрдү.

- Бүткүл өлкөнү уюлдук байланыш менен камсыздоо биздин географиялык түзүлүшүбүздөн улам татаал маселе. Мисалы, бир өрөөндү же капчыгайды тейлеген антенна койсок, бирок тоолордун же дөңсөөлөрдүн айынан анын жанындагы аймакта телефон тартпай калат. Ошондуктан байланыш жетпеген алыскы айылдар көп. Операторлор ал жакка антенна орнотууну калктын аздыгына жана аны орнотуу чыгымы көп экендигине байланыштуу өзүн-өзү актабайт, пайдасыз, ага ылайык максатсыз деп да эсептешет. Бирок Байланыш агенттиги өлкөнүн бардык кыйырын байланыш менен камсыз кылууну уюлдук байланыш операторлорунан талап кылып келатат.

Кыргызстанда биринчи уюлдук оператор “Кател” 1994-жылы иштей баштаса, 1998-жылы “Бител” уюлдук оператору катталган. Азыр 5 миллиондон ашыгыраак калкы бар Кыргызстанда беш уюлдук компания бар. Ал эми уюлдук байланыштын жалпы байланыш кызматындагы үлүшү 72 пайызды түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG