Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

Ош шаарындагы №31 орто мектепте окуучуларга акыркы үлгүдөгү чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мектеп жетекчилиги муну акыркы убактарда окуучулар интернетке алаксып, сабакка көңүл буруулары солгундап кеткени менен түшүндүрүүдө.

“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга билим берүү жана илим министринин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешбек Сайназаров жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев катышты.





“Азаттык”: Кеңешбек мырза, мектеп директорунун акыркы үлгүдөгү –интернетке туташууга мүмкүнчүлүгү бар, видеокамерасы менен чөнтөк телефондорун колдонууга тыюу салуусуна кандай карайсыз?

Сайназаров: Бул демилгени колдоого алса болот. Анткени мектеп окуучуларына чөнтөк телефондорду колдонуусуна көп эле өлкө тыюу салган. Мисалы, АКШда 10-12 жыл мурун, Канадада да он жыл мурда тыюу салынган. Мына Тажикстанда да 2009-жылдан бери окуучуларга чөнтөк телефондорун колдонууга тыюу салынган.
Телефонго алаксып отурган баланын телефонун алып карасам, бир сабак учурунда ага 18-20 жолу чалышыптыр. Ошол бала сабак окуйбу?

Мунун үч жүйөсү бар: балдардын сабакка көңүл буруусу солгундайт, алардын ден соолугуна залалын келтирет жана мектептеги балдардын арасында тоноочулук, рэкетчилик сыяктуу терс көрүнүштөрдүн күчөшүнө шарт түзөт.

Осмоналиев: Биринчиден, тыюу салуу жолу менен биз эч качан ийгиликке жетишпейбиз. Анын үстүнө бул бүгүнкү күндүн, илимдин, маалыматтык технологиянын чакырыктары болуп жатпайбы. Башка маселе – ошол мектептин, мектептеги мугалимдин аброю, сабакты кызыктуу өтүүсү, өзүнүн жүрүм-туруму. Сабак кызыктуу, үлгүлүү өтсө, балдар анын сабагына кирүүгө кызыгып, аракет кылса, буга эч нерсе тоскоол боло албайт.

Бирок балдар ошол чөнтөк телефон менен мугалимдин сабагын тасмага түшүрүп, же сабак окубай, алаксып отурганы элементардык этикалык түшүнүк. Ошондуктан муну мамлекеттик деңгээлде жалпылап, мыйзам аркылуу тыюу салуу туура эмес. Ар бир мектеп өз деңгээлинде сабакты уюштуруу, өтүүнү кызыктырууга аракет кылганы шарт.

“Азаттык”: Балдар мектепте видеокамерасы бар чөнтөк телефондорду ар кандай чагым жасоо үчүн да пайдаланып жатышат, алсак, мугалимдердин сабагын, сабактан тышкары учурда сыртта бири-бири менен мушташкан учурларын тартып алып, аны интернетке жайгаштырып, муну менен өзүн баатыр сезишет деген да пикирлер бар.
Бүгүнкү күндө балдар чөнтөк телефондон дээрлик көз каранды болуп калышты.

Сайназаров: Бүгүнкү күндө балдар чөнтөк телефондон дээрлик көз каранды болуп калышты. Анткени телефон аларга байланыш гана эмес, ар кандай максаттарын ишке ашырууга да жарап берип жатат. Мисалы, текшерүү иш учурунда ага маалыматтарды жазып, шпаргалка катары колдонушкан учурлар да аз эмес.

Осмоналиев: Мен чөнтөк телефон пайдаланууга толугу менен эркиндик берүү керек деген жокмун. Бирок ага тыюу салуунун жолдорун да карап чыгышыбыз керек. Аны мектеп мугалимдери, ата-энелер менен макулдашуу жолу менен чечүүгө депутат катары макулмун. Бул маселени биздин парламенттеги комитетте да кароого даярбыз, менимче бул маселе бышып жетилиптир.

Тойчубек, угарман: Бул маселе абдан актуалдуу. Мен өзүм мектепти жетектейм. Бир жолу сабак учурунда телефонго алаксып отурган баланын телефонун алып карасам, бир сабак учурунда ага 18-20 чалышыптыр. Ошол бала сабак окуйбу? Ошондуктан бул маселе боюнча өкмөттүн деңгээлинде, парламенттин деңгээлинде мыйзам кабыл алып, мектеп окуучуларына чөнтөк телефондорун мектепке келген учурда колдонууга тыюу салуу керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG