Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Бишкек шаарында 2010-жылы мектептеги каракчылык боюнча 9 факт катталса, быйыл төрт айдын ичинде алардын саны 39га жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Капарбек Батырканов билдирди. Кыргызстанда мектеп рэкетчилиги социалдык илдет катары таанылган. Өспүрүмдөр арасында зомбулуктан өлүм фактылар да кездешет.

Биз сураган окуучулардын дээрлик көпчүлүгү жок дегенде бир жолу чоң класстардын окуучуларынан таяк жегенин белгилешти.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Капарбек Батырканов шаарда жалпы 93 мектеп болсо, алардын бардыгында ушул көйгөй бар деп эсептейт.

Рэкетчилик боюнча өткөн жылы 9 факт катталса, ушул жылдын төрт айында бул сан 39га жеткен. Алардын 20сы тергелип, сотко өткөн.

- 39 кылмыш орусча айтканда “видимый айсберг”, анын астында 390 деле кылмыш катталса болмок. Бул мугалимдердин жазгандары, ата-энелердин кайрылганы, өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясынын тапкандары эле болууда. Андан башка дагы канча болгонун ким билет?

Батырканов мектеп окуучулары же окууну жаңы бүтүп кеткен балдар Бишкек шаарын бейформал 37 районго бөлүп алганын, ар биринин өзүнчө лидерлери бар экенин кошумчалады. Окуучулардын өздөрү деле рэкетчилик бар экенин танбайт.

- Биздин мектепте андай жок, бирок башка жактарда бар деп укканбыз.

"Азаттык": Кантип тоношот, эмне кылышат?

- 20 сомдон баштап миң сомго чейин сурашат.

Аңгыча биздин сөзүбүзгө дагы бир окуучу келип кошулду.

- Рэкетчилик бардык эле мектепте бар да.

"Азаттык": Сен өзүн кабылдың беле ушундай учурга?

- Ооба, болгон.

"Азаттык": Эмне кылышты эле, канча акча бергенсиң?

- Акча бербеген үчүн сабашкан да.

- Канча бер деп сураган?

- Миң сом.



Биз кайрылган окуучулар өз коопсуздугунан чочулап, аттарын атоодон баш тартышты. Рэкетчилик бар экенин бир эмес, мен барган үч мектептин окуучулары тең моюнга алышты. Бирок “биздин мектепте жок, башка мектептерде бар, укканбыз, көргөнбүз” деп жооп берип жатышты.

- Менин башка мектепте окуган тааныштарым бар. Ал жакта “смотрящий” деген бар. Ошолор кичүү класска келип, белгилүү бир убакыт берет. Мисалы бир, эки аптанын ичинде алар айткан сумманы таап коюшуң керек. Таппасаң өздөрүнүн "профилактикасын" жүргүзүшөт.

"Азаттык": "Профилактикасы" кандай болот?

- Уруп-сабоодон башталат. Андан соң ыйлатышат. Андан кийин "бул бала кыз болуп калды" деп башкаларга айтып, шылдыңдашат. Эгер жоош бала болсо тийбейт. Эгер кутурчак болсо ошолорго 11-класста окугандар "салык" салат.

- Силер 11-класс экенсиңер, силер да саласыңарбы?

- (Күлүп) Жок.

Чоң класстар көбүнесе 7-8-класста окуган балдарга "салык салат" деген сөздөр көп айтылып келет. Ошол себептүү 8-класста окуган баладан сурадым.

- Бизде андай жок, башка мектептен уккам.

"Азаттык": Кантип тонойт, эмне кылышы мүмкүн?

- Бычак такайт, көбүнчө акчасы жок көчөдө жүргөндөр ошентет.

Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында окуучу кыздардын мушташы тартылган видеолор биринин артынан бири интернеттерге жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Окуучу кыздар деле биз менен сүйлөшкөн учурда анча-мынча мушташтар болуп турарын, "ансыз жашоо кызыксыз экенин" жашырышкан жок.

Ушундан улам да мамлекет жетекчилери өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, өзгөчө мектептеги каракчылыкка каршы күрөшүүнү өздөрү колго алууда.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаменти мектептеги каракчылыкты кыскартуу үчүн үч айлык жарыялап, окуучулар, мугалимдер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай максатта 67-мектепте өткөн жыйынга вице-премьер-министр Шамил Атаханов катышып, мындай фактыларды ачыкка чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

- Ушул маселеде өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын профессионалдуулугу жетишпей жатканы көрүнүүдө. Алар балдар кылмыштуулугуна байланыштуу мыйзамдарды, ошондой эле ата-эне, мугалим жана балдардын өздөрү кандай жоопкерчиликти ала турганын түшүндүрүп бере албай жатышат.

Экинчиден, мугалимдер бул маселеге жетиштүү деңгээлде көнүл бурбай, өз убагында маалымат беришпейт. Көп учурда мектеп директорлору, мугалимдер өздөрү жашырышат. Ошондой эле мектептерди коргоо агенттиктери чабал иштеп, өз вазийпаларын аткарбай жатышат.


Ал эми жыйынга катышкан мугалимдер мектептин тегерегине интернет оюндарын, клубдарды, оюн автоматтарын ачууга тыюу салып берүүнү, телеканалдардан балдардын аң-сезимине таасири тийгизе турган уруш-талаш, каракчылыкты чагылдырган тасмаларды көрсөтпөөнү бийлик өкүлдөрүнөн суранышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG