Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Кыргызстанда кылмыш табияты кандай? Кылмыш иштерин ачууда күч бийлиги авторитеттердин жардамына муктажбы? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы Өмүрбек Кутуев жооп берди.

- Кыргызстанда кылмыштуулук деген эмне, түзүмү, табияты? Азыр жөнөкөй адам сыртка кечинде чыккандан да коркуп калды, чочун кишилер менен сүйлөшкөндөн коркот дегендей...

- Кылмыштуулук болуп келген, боло берет. Кыргызстанда ондогон жылдар бою изилденген. 35-40 миңдин тегерегинде кылмыш болот.

- Жылынабы?

- Ооба. Анын ичинен 400-500гө жакын киши өлтүрүү, уурдоо, каракчылык дегендер. Булар кылмыштуулуктун үчтөн бирин түзөт, 25-35 пайыз болот.

- Калган пайызычы?

- Бардыгы эле басып кетти, өлтүрүп кетти дегенге ыкташат. Иш жүзүндө андай эмес, кылмыш тиричиликке байланыштуу болот, үйдө, сыртта болот, бейбаштык болот. Кылмыштуулук мезгил-мезгили менен анча-мынча өзгөрүп турат.
Уурдап атышат. Айдар уурдап тиги жакка сатчу, Максим уурдап тиги жакка сатчу. Орусияга, Казакстанга кетчү.


Акыркы 5-10 жылдын ичинде албетте көбөйүп кетти. “Милиция кызматкерлеринин да, тартип коргоо органдарынын да баркы кетти, болбой калды” деген болбойт. Колунан келишинче иштеп атат. Бирок канчалык иштеп атат, ошондон болуп атат, натыйжасына жараша.

Менин оюмча, кылмыштуулук болуп турганда дайыма биринчи орунда “вор в законе” деген болуп атпайбы, азыркы убакта уюшулган кылмыштар болуп атпайбы. Ошолор, түрмөдө отургандар саясатка, тынч жашап аткан элдин турмушуна кийлигишкенге акылары жок, аны өзүлөрү да билет. Мисалы, мен 2000-жылы министрликтен кетип атканда жалданып өлтүрүүдөн бети ачылбаган бир гана кылмыш болгон. Курнявка деген боксер бар болчу, ошону атышкан, ал өлгөн эмес, жарадар болгон. Азыр эми саны билинбей калбадыбы.

- Мисалы, Раатбек Санатбаевдин өлүмүн кайсы кылмыштын түрүнө кошсо болот?

- Бул уюшкан кылмыштуулуктун чегинен чыгып кеткендиктен болуп атат. Эгер бир кылмыштын эле бети ачылбай калса калгандары боло берет. Себеби жаза албай калса, кармалбай калса өтө берет экен деп коет.

Жазылбаган мыйзамдар жана уламыштар

- Мисалы, Баяман Эркинбаев, Рысбек Акматбаев өлтүрүлдү. Муну эми өз ара бири-бири менен эсептешүү деген версияны айтып атышат. Саясат менен кылмыш дүйнөсү экөө жуурулушуп кеткенден ушундай жагдай түзүлдү деп да айтып атышат. Сиз кандай баа бересиз?

- Түрмөнүн өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар, биздин турмушка кийлигишпеш керек. Алар саясатка кирип кеткенде, же биздин саясатчылар тиги жакка киргенде ошондой чатак башталат, түшүнбөстүктөр болуп, жанагыдай өлүмдөр болот.

- Айта аласызбы ким кылганын?

- Айтканга болбойт. Эмне болгонун, кандай болгонун билем. Саясат менен уюшкан кылмыштуулук аралашып кеткенде ушундай нерселер чыгат.

- Бейформал чөйрөдө таасирин күчөтүү максаты дейсизби, же саясатка аралашкан үчүн саясатчылар жасады дейсизби?

- Бул жерде саясат да, кылмыштуулук да бар.
Бүгүнкү күндө 200 миң студентти кармап отургандын эмне кереги бар? Алардын баары көчөдө жүрөт. Көнүп алгандар барбайт айылга, кылмыштуулукка барат.


- Мисалы, Рысбек Акматбаев, Баяман Эркинбаев жөнүндө абдан көп уламыштар айтылып жүрөт. Экөө коомдо тынчтыкты кармап турчу, экөөнүн өлтүрүшү чоң ката болду дешет. Менин сурайын деп атканым, авторитет коомго зарылбы? Негизи авторитет деген түшүнүк эмнени түшүндүрөт?

- Бул сыйлоо деген сөз. Түрмөдө сот жок да, туура чечим чыгаргандыктан ошондон авторитет чыгат.

- Авторитет таасирин жай турмушта да жүргүзө алабы, дагы эле өзүн авторитет катары эсептей алабы?

- Түрмөдө отурганда кайсы жерден авторитет болсо, ошол жактан авторитет болуп жүрүш керек. Бул жакка чыгып авторитет болом дегендер да бар, бирок бул жакта да авторитеттер көп да, мисалы спортчулар бар.

- Негизи бийлик ушул авторитеттерге муктажбы?

- Муктаждык жок.

- Эмне үчүн анда ушундай “жомоктор” жүрүп атат?

- Акыркы убакта эл милицияга ишенбей, айылдарда авторитетке барып калышты. Айылдардан уксаңар, милицияга барып арыз жазгандан көрө, тигиге барып эле чечип алабыз дешет.

- Сиз кандай дейсиз, бул нормалдуу көрүнүшпү?

- Албетте нормалдуу эмес.

- Эми эмне кылыш керек?

- Күрөшүш керек.

Саясат менен кылмыштуулук аралашканда...

- Сиз иштеп жүргөн кезде авторитеттерди пайдаланган учурларыңыз болду беле, кандайдыр бир тигил, же бул кылмышты ачуу зарыл болгон учурда?

- Зарылчылык болгон. Бирок аларды кылмыштын бетин ачып бер дегенге жарабайт, айтпайт, анда авторитети кетет. Аларга бир гана талап болчу: “силер кийлигишпегиле, кылмыш кылбагыла, кылмыш кылсаңар жазаңарды тартасыңар” деген.
Түрмөдө отургандар саясатка, тынч жашап аткан элдин турмушуна кийлигишкенге акылары жок, аны өзүлөрү да билет.


- Кылмыштуу топтор деген түшүнүк да бар. Мурдатан, сиз өзүңүз да жакшы билесиз, мисалы уйгур кылмыштуу топтор, же чечен кылмыштуу топтору бар деген уламыштар көп жүрчү эле. Ошону чечмелеп айтып бере аласызбы?

- Бул 90-жылдары эң күчөп турбадыбы. Орусияда да мамлекеттүүлүк жок болуп, эгемендүүлүктү алып. Кыргыздардын да өзүнчө топтору бар болчу, уйгурлардыкы өзүнчө, спортчулардыкы өздөрүнчө.

- Азыркы кылмыштуу топторго кандай мүнөздөмө бере аласыз, алар кимдер?

- Бардыгы аралашып кетти. Кылмышкерлер көп кылмыштары үчүн жазасын албай калышты. Далилденбей калгандар көп.

Рысбек Акматбаев, Ак үй алдындагы митинг, 31-март, 2006-жыл
- Эсиңизде бар чыгар, Бакиевдин тушунда Рысбек Акматбаев баштаган топтор митингге чыгып, аянтты ээлеп турган. Байкоочулар, укук коргоочулар муну бийлик менен кылмышкерлердин жуурулушуп кеткенинин ачык далили катары белгилешти эле. Кылмыштуу топтор менен бийлик ортосунда кызматташуу күчөп баратат деген көз караштар бүгүн да айтылып атат. Сиз кандай баалайсыз, чын эле ошондойбу?

- Бүгүнкү күндү мен айтканда туура эмес болуп калат. Кимди айта аласың? Мен андайды бүгүнкү күндө байкабайм.

- Мисалы депутаттардын арасында бар, парламентке келди деген да кептер айтыла калып атат?

- Менде маалымат көп. Бардыгын айта бергенге болбойт.

- Авторитет деген коомду тазалоочу күчкө ээби?

- Эч качан тазалабайт. Бүгүн эгерде коомду тазалайбыз десе, эртең өзү өлөт. Аны алар билет. Коомду тазалоо авторитеттердин колунан келбейт, аны аларга эч ким укук берген эмес. Канчалык жаман болобу, жакшы болобу коомду тазалоо баягы эле милиция менен прокуратурада.

- Милиция менен прокуратуранын, коопсуздук кызматынын күчү келбей жатат деп атпайбы, ошон үчүн алар авторитеттерди пайдаланат деп атпайбы?

- Эми келбей атканы милицияга түкүрүп да, чимкирип да ташташты, сабап да, өлтүрүп да ташташты. Андан көрө бардыгыбыз тең, биринчи бийлик, экинчи бийлик, үчүнчү бийлик - биз баарыбыз чогулуп туруп жардам беришибиз керек, тизесинен тургузуш керек. Алар тизесинде отурат азыр. Баскандан кийин бери кел деп сурап, анан иштетиш керек аларды.

Киллер. Made in Kyrgyzstan

- Кыргызстанда киллер барбы?

- Заказ болгондон кийин, кишилер өлгөндөн кийин - бар. Бирок мурда 90-жылдары Казакстандан, Орусиядан алып келчү, келип атып, кетип калышчу. Кийинки убакта өзүбүздөн эле чыгып калды.

- Азыр бизде аларды ким даярдайт?

- Эч ким даярдабайт. Ким жакшылап атса киллер кылып жалдашат, жеңил. Ошол эле милициядан кеткендер, ошол эле СНБдан кеткендер бар, ошол эле аскерде кызмат кылгандар бар, ошонун ичинен бирөө болбосо бирөө айла жоктон макул болот.
Ошол эле милициядан, ошол эле СНБдан кеткендер бар, аскерде кызмат кылгандар бар, ошонун ичинен бирөө болбосо бирөө айла жоктон киллер болууга макулдугун берет.


- Киши өлтүргүчтөрдү адатта кимдер жалдашат, алардын баасы канча болот?

- Мурда акчага, бизнеске байланыштуу жалдачу. Туура эмес сөз кылып, туура эмес мамиле кылгандыктан чыкчу да. Кийинки убактарда саясий туура эмес көз караш болуп калса деле чыгып кетип атат, туура эмес сүйлөп койсо деле чыгып атат. Аялдар деле күйөөлөрүн заказ берип атышат да.

- Башкача айтканда бул кеңири жайылып кетти, жаман өнөкөт, илдет болду?

- Заказ болгон өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай калгандан кийин эмки кылмышты кылбаш үчүн аны камаш керек. Камалбай калды, кайра кыла берди, өтүп кетти, эмне үчүн кечээ 5 миң тапсам, бүгүн 10 миң доллар табалбайм дейт. Ким ким экенин баары тең билет.

- Азыркы күч бийликтери айтып аткан, экстремисттик күчтөр, терроризм деген нерсенин бардыгы тыштан келбей эле ичтен чыгып атабы?

Куралдуу топту кармоо операциясы, Арашан айылы, 5-январь, 2011-жыл
- Өзүбүздүн эле ичте. Кечээ кармалгандар, кечээги окуялар көрсөтүп атпайбы, Нарындан, Кеминден келгендер экен. Ал жакта качан экстремисттер бар эле? Биздин бийликтегилер кичине кемчилик кетирип атпайбы, дин бөлүнгөн да мамлекеттен, алардын ишине кийлигишпеш керек эле. Алардын ишине кийлигишип, ажыга баргандардан акча чогултуп, Ак үйдү, Көк үйдү жаман көрсөтүп, “тигинден алып калыптыр, муну уурдап калыптыр, тигилер каапыр, булар туура эмес” деп, мына ошондон чыгып атат да бардыгы. Кийлигишпеш керек. Кылмыш кыласыңбы - жооп бересиң. “Кылмыш кылбай, окугуң келсе беш жолу намазыңды окуп жата Бер” деш керек.

- Бүгүнкү күндө кылмыштуулукка сиз кандай баа бересиз?

- Бүгүнкү күнү эгер баарыбыз кийлигишпесек, эртең да кеч эмес. Бүрсүгүнү кеч болуп калат.

- Эмне кылыш керек?

- Ошол эле милицияга жардам беришибиз керек. Бардыгыбыз кылмыштан туура өтпөшүбүз керек. Жалаң эле кылмыш эмес, коррупция деп атабыз. Коррупцияга каршы силер, биз, бардыгыбыз тең айтышыбыз керек. Ошол эле жогорку окуу жайларында сынактан акча бербей баа алып, диплом сатып алып атышат, бир эле тармакты алсак. Бүгүнкү күндө 200 миң студентти кармап отургандын эмне кереги бар? Алардын баары көчөдө жүрөт. Көнүп алгандар барбайт айылга, кылмыштуулукка барат.

Бийликте турган шылуундар

- Сиз иштеп турган кез менен бүгүнкү күндөгү саясий кылмыштуулукту кандай салыштыра аласыз? Саясий кылмыштуулукту иликтөө Кыргызстандын практикасында кандай?

- 96-жылы кабыл алынган мыйзам бар. Ошол жерде бардыгы жазылган, саясий кылмышы да, коррупциясы да, пара алуу да, жетекчилерди чакырып алып юбилейин берип акча чогултуп аткандары да, кызмат унаа менен күнү-түнү жүргөндөрдүн баары боюнча мыйзамда бар. Аны эч ким караган жок.
Эртең кырсык болуп кетсе, же ТЭЦ өчүп калса резервде эч нерсе жок. Ошого катышкандарды билем.


- Сиздин учуруңузда жогорку жактан тапшырма алдыңыз беле?

- Жогору жактан тапшырма алды деген болбойт. Ак үйдө отурган киши эмне болуп атканын билбейт да, көбүн жеткиришчү да эмес. Биз айтып барчубуз, мисалы, бул тармакта мындай болуп атат, энергосектордун баарын уурдап атышат, 20-30 фирма ачып алышыптыр деп.

- Сиз азыр салыштырасызбы, сиз иштеп турган учур менен бүгүнкү учурду? Экономикалык кылмыштуулуктун деңгээли кандай?

- Бүгүнкү күндө экономикалык кылмыштуулуктун деңгээли мурдагыга караганда албетте көп да.

- Себеби?

- Себеби энергосектордо эле күнүгө электр жарыгын өчүрүп атышпайбы, 30-40 пайыз техникалык жоготуу деп атышпайбы. Кайдагы техникалык жоготуу, айланайын. Мурда Армениядан 9 пайыздан өтүп кеткенде бүт энергетиктерди “отургузган”. 12ден ашпаш керек. Калганы кайда кетип атат? Уурдап атышат. Айдар уурдап тиги жакка сатчу, Максим уурдап тиги жакка сатчу. Орусияга, Казакстанга кетчү. Ал жактан эч качан акча бул жакка түшкөн эмес.

Жарактан чыгып калды, иштебей атат деп атышат. Кантип? Жыл сайын ар бир киловатт сааттан амортизация деп акча чыгарышат. Ал акча 10 жылдан бери кайда кетти? Убагында оңдош керек болчу да. Эмнеге ТЭЦ жакшы күйбөйт? Казактандан “Шабыркүлдүн” күлүн алып келишет. Күлдүн баасы бир доллар болсо 20 доллардан алып келишет. Мунун баарын токтотуп, ордуна коюш керек. Азыр койбосо эртең кеч болуп калат.

Госматрезерв деген бар бизде. Кайдагы бир аферисттер башкарып жүрдү. Эртең кырсык болуп кетсе, же ТЭЦ өчүп калса резервде эч нерсе жок. Ошого катышкандарды билем. Болгон күндө да төмөнкү сорттогулар калган, Казакстандан келгендин баарын талап кетишкен, сатылган. Саясий эрк керек мындайда. Болду өлөсүң деп балдарды бир муштап койсоң коркуп отуруп калат эмеспи. Столду бир коюш керек, мындай кылыш керек деш керек. Элге да, сага да жакшы, кийин эч жака качпайсың.

- Рахмат, ишиңизде ийгилик болсун.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG