Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

Кыргызстанда түндүк менен түштүк региондорду бириктирүүчү жаңы жол куруу каралууда. Президент Алмазбек Атамбаев жаңы жолдун багытын бекитти. Транспорт жана коммуникация министрлиги жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүүгө жана каражат табууга киришти.

Бишкек-Ош жолуна альтернативдүү жол куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы көтөргөн. Ага Бишкек-Ош жолу кар көчкүгө байланыштуу жабылып, элдин каттоосу кыйынчылыкка учурашы түрткү берген.

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, Бишкек-Ош жолу учурда машинелердин көптүгүн көтөрө албай баратат:

- СССРдин мезгилинде бир суткада 400-500 машина жүрчү. Азыркы учурда күнүнө 3-3.5 миң машина өтөт. Жайдын күндөрү бир айдын ичинде 90 миң машинеге чейин өтүп жатат. Ошонун натыйжасында биздин жалгыз тоннелге абдан күч келип иштеп жатат.

Калыкбек Султановдун айтымында, тоннелдеги аба тазалагычтар машинелердин көптүгүнө байланыштуу абаны тазалоого үлгүрбөй жатат. Анын үстүнө жыл сайын Кыргызстанда автоунаанын саны көбөйүп баратат.

Азыркы мезгилде жаңы жолдун багыты президент менен макулдашылды. Жол Жалал-Абаддан башталып, Казарман-Арал-Чаек-Кочкордон өтүп, Балыкчыга келет. Жалпы узундугу 450 чакырым келген жол беш жылда курулуп бүтүүгө тийиш.

Транспорт жана коммуникация министрлиги жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн донорлор менен иш жүргүзүп жатат. Негиздеме түзүлгөндөн кийин жолго канча каражат кетери анык болот.

Калыкбек Султановдун маалыматы боюнча, жаңы жол негизинен мурунку эски жолдордун изи менен өтөт. Таптакыр жаңы жол 90 чакырымдай жерге гана курулат. Ошондой эле Казармандагы Сары-Кыр ашуусуна тоннель оюлат.

Жол үч бөлүккө бөлүнүп курулат. Анын 150 чакырым келген биринчи бөлүгү Жалал-Абаддан Казарманга чейин болуп, аны оңдоо быйыл эле башталышы күтүлөт.

Бул жолго бюджеттен каражат бөлүнбөйт: Кытай, Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык каржылык уюмдардан каражат суралат.

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Жусупали Исаев долбоор жана анын багыты колдоого аларлык дейт:

- Багыт туура эле дейм. Анткени Бишкектен Балыкчыга чейин жол бүтүп атат. Бишкек-Нарын-Торугарт жолу Балыкчыга чейин барып калат. Ал жактан болсо Казарманга чейин негизи жол бар. Жалал-Абад-Казарман жолу бар да. Аны болгону заманбап реконструкция жасаш керек. Ошондуктан негизинен Казарман менен Балыкчыны кошуп коюш керек. Бул эми ар-жак бер жагы бүтүт жаткан жол.

Депутат Исаев жолдун курулушун донорлор каржылай турганынын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Равшан Жээнбеков жаңы альтернативдүү жол артыкчылык кылбайт дейт. Бирок азыркы мезгилде мамлекет алдында андан зарыл иштер турат. "Мына ошолорду чечүүнүн ордуна президент элди алаксытуу үчүн жол курууну көтөрүп чыгууда", деп эсептейт Жээнбеков.

Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга да кызыкдар болуп келет. Бирок ушул кезге чейин ал жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси түзүлө элек. Каражат булагы да чечиле элек. Ондогон жылдардан бери кыял бойдон келатат. Ошондуктан кыргыз бийлигинин жаңы долбоору кандай ишке ашаарын мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG