Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:31

Өткөн жылы апрель-июнь окуяларынан кийин дээрлик токтоп калган кыргыз-өзбек мамилеси президенттик шайлоодон кийин кайрадан жанданууга киришет. Бул маселе боюнча “Азаттыкка” “Антикризис” борборунун башчысы, саясат талдоочу Эркин Абдыразаков маек курду.

- Коңшулаш жайгашып, достук-кызматташтык мамиледе келе жаткан эки өлкөнүн мамилеси качан жанданат? Бул үчүн эки тарап бири-биринен эмне күтүп жатышканын айта аласыз?

- Баарына эле бештен белгилүү болуп калды. Азыр шайлоонун алдында Кыргызстан үчүн кыргыз-өзбек мамилеси кандай болот деген чоң суроо турган. Себеби Кыргызстандын экономикалык байланыштары илгертеден келаткан салттуу байланыш – суу, газ, чек ара жана бажы маселелери турат.

Акыркы убакта биз геосаясатка эмес, чек ара маселесине көбүрөөк көңүл бөлүп келе жатабыз. Эки өлкөнүн геосаясий мамилесинин татаалданып кетишине Баткендеги ЖККУ базасынын курулушу, Ошко Орусия тараптан аскерий бир топ жардамдар көрсөтүлүшү Ташкендин уйкусун алып келе жатат.

Экинчиден, мына Кыргызстандын өз ишине киришип эле, “суу жаратылыштан, кудайдан” деп коюшту. Анда газ менен мунай башка жактан келип атабы? Биздин Кыргызстанда деле өзүбүздүн газ менен мунай бар. Буга кызыкдар болуп, Орусиядан “Газпром” ишканасынын башчысы Алексей Миллердин Кыргызстанга келиши да Ташкенттин Кыргызстан менен расмий сүйлөшүүгө алып барып, бир катар ыңгайлуу шарттарды түзүп турат, жагдай ошону айтып турат.

Үчүнчүдөн, биз Камбар-Ата-2 ГЭСин куруп алдык, “Датка” подстанциясынын курулушун аягына чыгарып алсак, биз электр кубатын Өзбекстандын аймагы аркылуу алып өтпөй, энергетикалык көз карандысыздыкка толук жетишет элек.

Кыргыз-өзбек чек арасы
- "Кыргызстанга сууну кудай берген болсо, Өзбекстан газды өздөрү жасап алыптырбы" деген нааразылыктар чыгып эле келет. Чындыгында Өзбекстан коңшусуна газды дүйнөлүк баа менен сатып, сууну товар катары сатууга келгенде сууну сатуу ыйманга жатпайт деген туура эмес деп айтылат.

Бирок коңшулаш эки мамлекет “сен газды сатсаң мен сууну сатам” деп экөө эки жакты карап отура берсе, илгертеден келаткан достук, кызматташтык кайда калат? Ансыз деле өткөн жылкы апрель, июнь окуяларынан бери кыргыз-өзбек чек арасы жабык турат.


- Сиз туура айттыңыз. Чек ара маселесине келгенде эки бир тууган эл катташа албай калышты. Тууган-урук, куда-сөөк деген бар, өлүм-житим болгон учурда да өзбек тарап атайын схема киргизип койду. Ал схема боюнча жакыны өлгөн киши анын тажиясына барыш үчүн телеграмма жана жакынынын өлгөнү тууралуу жергиликтүү бийликтен маалымдама алып, чек арачыга тастыктап бериши керек.

Бул эмне деген абсурд? Киши өлүм алдында жаткан болсо, аны өлдү деген маалымдаманы кантип алат? Ушундан улам тууган-уругу өлүп, жерге берилгенден кийин гана барып, же көбүнчө барбай калып жатышат. Абал мына ушуга жетип отурат.

Эки элдин кыз алып, кыз беришүүсү да солгундап, дээрлик токтоду. Анткени паспорту жок, ал жактан чыгарбайт, балдарына жөлөк пул ала албайт, балдарын окута албайт. Укугу жок жарандар пайда болуп атат. Бул маселе албетте ыйманга да жатпайт, эки бир тууган элди бөлүп-жаруу болуп калды.

Эсиңиздерге бардыр, 2000-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түбөлүк достук жана кызматташтык боюнча кол коюлган келишимдин бир дагы пункту иштеген жок. Баткендеги Кыргызстанга тиешелүү мунай менен газ чыккан жерлерди зордукчулук менен пайдаланып келе жатат. Же акча төлөшпөйт, же кыргыздар менен теңата сүйлөшпөй келатышат.

Андан тышкары өзбекстандыктар биздин Кыргызстандын жайыттарын пайдаланып келишет. Өзбек дыйкандары өздөрү өстүргөн мөмө-жемиш, жашылчаларын өздөрү жешпейт, Кыргызстан аркылуу чыгарышчу. Быйыл чек ара жабык болгондуктан алар да жабыркап жатышат.

- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыш өнүкпөй атат, болгону газ соодасы гана жүрүп жатат. Эми бул качанкыга чейин ушинтип тура берет?

- Менимче бул маселе Кыргызстандагы апрель окуясынан кийин чочулоо деген шылтоо менен Ташкент Кыргызстандын бийлик башчыларын тоотпогондукка салып жатканынан чыгып жатат.

Стабилдүү бийлик келсе, мына президенттик шайлоо буйруса жакшы өтүп, ынтымагыбызды көрсөтүп ала турган болсок, ошондо расмий Ташкент биздин келечектеги президент жана жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы менен сөзсүз түрдө эсептешүүгө мажбур болот. Себеби мына бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Кытайдагы “Жайкы Давос” экономикалык форумуна катышып атат, ошол жерде Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу сөз бекитиле турган болсо, анда Өзбекстан сөзсүз түрдө биз менен эсептешүүгө мажбур болот.

Экинчи жагынан бул темир жолдун азыр кереги барбы деген маселе да бар. Анткени Нарын, Ысык-Көл облусунда буга каршылар да көп. Себеби экологиялык жактан алганда биздин элибиздин ден соолугу Жетим-Тоо, Сандык кендеринде жаткан запастардан алынчу пайдасынан маанилүүрөөк болуп турат. Ошол үчүн бул жерде өтө абайлап мамиле кылуу керек.

Өзбекстан тарап да бул темир жолду өз аймагында өздөрү гана курушарын, кытайлык ишкерлерди киргизбей турганын азыртан айтып атат. Алардын айтканы туура, анткени темир жолдун курулушу менен Кыргызстандын түштүгүнө 50 миң кытай жумушчусу келет, ансыз деле азыр алар түштүктү каптап атат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG