Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Кадырова: Республикалык тестирлөөдө өзгөрүүлөр бар


Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун тестирлөөнү уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Мээрим Кадырова быйылкы тестирлөө тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө башталганы жатат. Быйылкы тестирлөөдө мурдагы жылдарга салыштырмалуу кандай өзгөрүүлөр, саамалыктар бар?

Мээрим Кадырова: Тесттин ичинде көп деле өзгөрүүлөр жок десек болот. Бирок быйыл жалпы республикалык тестирлөө боюнча өзгөрүүлөр бар. Эгер мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл тестирлөөгө катышпаса анда жогорку окуу жайларга өтпөй калат. Анткени Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, бардык жогорку окуу жайлар күндүзгү окуу формасынын гранттык жана контракттык орундарды жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча гана кабыл алышат.

“Азаттык”: Мурун кандай эле?

Кадырова: Мурун жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары менен бюджеттик орундарга эле тапшырышчу. Ошондой эле ЖОЖдор 50 пайыз контракттык орундарга эле алышчу. Быйыл болсо 100 пайыз болот.

“Азаттык”: Тестирлөөгө быйыл канча бала катышат деп болжолдоп жатасыздар?

Кадырова: Мурунку жылдарга караганда көп катышат деп ойлойбуз. Былтыр 33 миңге жакын бала катышкан. Быйыл 50 миңге жакын болот деп ойлойм. Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 75 миңге жакын. Биз ошондой эле былтыр окууну бүтүргөндөрдү да эсепке алышыбыз керек.

“Азаттык”: Тест тапшыруу үчүн канча төлөш керек? Бул эми бекер эмес да.

Кадырова: Ооба, бекер эмес. Өткөн жылдан тарта жалпы республикалык тестирлөөнүн каттоо акысы 220 сом болчу. Бизде негизги тест менен беш предметтик тест бар. Ар бири 220 сом. Быйылкы жаңылык деп деле эсептебейбиз, былтыр башталган, жогорку окуу жайларга өтүш үчүн сөзсүз түрдө негизги тест менен кошо кеминде бир предметтик тест тапшыруу керек. ЖОЖдорго тапшырып жатканда негизги тест менен предметтик тесттин жыйынтыгы менен кабыл алынышат.

“Азаттык”: Ошондо тестирлөө качан башталат?

Кадырова: Окуучуларды каттоо 14-марттан 15-апрелге чейин созулат. Окуучулар мектептин ичинде каттоодон өтүшөт. Мурунку жылдын бүтүрүүчүлөрү райондук же шаардык билим берүү мекемелерине кайрылып, ошол жерден катталышат. Тестирлөө 21-22-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, 27-майдан 31-майга чейин башка облустарда өтөт.

“Азаттык”: Мурунку бийликтин тушунда "жалпы республикалык тестирлөө жарабайт, анын ордуна башка ыкма киргизүү керек, бирдиктүү экзамен тапшыруу зарыл" деген сунуштар байма-бай көтөрүлчү. Эми бул маселеге чекит коюлдубу? Тестирлөө улана береби?

Кадырова: Бул жылы чекит коюлду деп эсептесек болот. Анткени жаңы министр "жалпы республикалык тестирлөө быйыл болот, аны силер өткөрөсүңөр" деп октябрь айында эле кол койгон.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG