Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы аяктады.

Бирок бүтүрүүчүлөрдүн билимин аныктоодо жалпы республикалык тестирлөөнү өркүндөтүү жана жогорку окуу жайына гранттык орундарга өтүүдө сынактардын айкындыгы күмөндүү деген пикирлер үстөмдүк кылууда. Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин билим берүү боюнча комитети бүтүндөй жалпы республикалык тестирлөөнүн мамлекеттик эмес мекемеге берилишине каршы чыгып келет. Аталган комитет бүтүрүү жана жогорку окуу жайга кирүү сынактарын бириктирип, бирдиктүү мамлекеттик экзамен киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып жатканын жарыялаган болчу.

Эрежелерде өзгөрүү жок

Быйыл Кыргызстанда 62 миң 184 окуучу орто мектепти аяктап, анын ичинен 49 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катталган. Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы 17-18-майда болуп өттү. Анын экинчи этабы 21-майда улантылат. Ага чейинки аралыкта жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо жүргүзүлүүдө. Тестирлөө акысы негизги тестке жана ар бир предмет үчүн 260 сомду түздү. Жылдагыдан айырмаланып жалпы республикалык тестирлөө мамлекеттик жана расмий тилде гана өтөт. Өзбек тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү мына ошол эки тилдин биринде гана тест тапшырууга мажбур.

Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов тестирлөөнүн эрежелеринде өзгөрүүлөр болбогонун белгиледи:

- Тестирлөөнүн жүрүшүнө жогорку деңгээлде көзөмөл болуп жатат. Билимди баалоо борбору тести өткөрүү жана жыйынтыктоо боюнча негизги милдетти моюнуна алган. Ошого ылайык, тесттин жыйынтыгынын бурмаланышына жол бербөө үчүн мына ушул көз каранды эмес мекеме жооп берет. Мурдатан иштелип чыккан тиешелүү эреженин негизинде иш алып барылууда.

Мамлекеттик эмес мекеменин “энчиси”

Буга чейин парламентте депутаттар жалпы республикалык тестирлөөнү билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна берүүгө каршы чыгышкан. Анткени мамлекеттик эмес бул мекеме он жылдан ашуун мезгилден бери бул ишти колуна алганы менен тестирлөөдө өркүндөтүлгөн жаңы усулдар киргизилбегени аларды канааттандырган эмес. Ошондой эле тестин жыйынтыгы боюнча окууга өтүүдөгү сынактардын ачык-айкындыгы күмөндүү бойдон калып жатканы сынга алынган. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева өкмөт бул тармакты көптөн бери мамлекеттик эмес мекеменин колуна салып бергени туура эмес деген пикирде:

- Негизи мына ошол жалпы республикалык тестирлөөдө так коррупциялык схемалар бар деп айтуудан алысмын. Бирок тестирлөөнүн жүргүзүлүшү жана аны жыйынтыктоо жана гранттык комиссия сынак өткөргөн учурда бир топ кемчиликтер кетип жатканы боюнча буга чейин эле көп нааразылык бар болчу. Анан эми тестирлөө ишин бул мамлекеттик эмес мекеме тендерден атаандашсыз эле утуп алып, он жылдан бери каалагандай иш алып барып жатканы туура эмес. Мамлекеттик билим берүү системасы турганда ага мамлекет көзөмөл жүргүзүш керек. Биз тестирлөөнүн жүрүшү боюнча маселени палатанын кароосуна алып чыгуу демилгесин көтөрүп жатканбыз.

Мамлекеттик сынак тапшыруу демилгеси

Жогорку Кеңештин билим берүү боюнча комитети жакында бүтүрүү жана кирүү сынактарын бириктирип, бирдиктүү мамлекеттик экзамен боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыга баштаган. Ага ылайык мектептин бүтүрүүчүлөрү мына ошол мамлекеттик сынактын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына кабыл алынат. Мындай тажрыйба бир топ өнүккөн өлкөлөрдө мурда эле жолго коюлган. Билим берүү министри Канат Садыков андай системага өтүүгө азырынча эртелик кылат деп эсептейт:

- Негизи учурда мына ошол жалпы республикалык тестирлөө эң эле ыңгайлуу
жана акыйкат негиздеги иргеп алуу системасы болуп жатат. Анан эми аны мамлекеттик деңгээлге көтөрүү үчүн ага мына ошол мектептердин өзүндө даярдык болуш керек. Быйыл биз пилоттук долбоордун алкагында Таласта бүтүрүү сынактарын электрондук шартта алууну мерчемдеп жатабыз. Бул долбоор жакшы ишке аша турган болсо, анда биз аны республика боюнча жайылтабыз.


Билим берүү жаатындагы эксперттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча гранттык орундар үчүн сынакта категориялык квоталаштырууда көз боёмочулук орун аларын байкашкан. Мына ушуга тоскоолдук коюуга тестирлөө борбору көптөн бери батынбай келе жатканы айтылып жүрөт. Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү Чынара Батракеева бул мекеме тестирлөө жүргүзгөнү менен жогорку окуу жайларынын кабыл алуу сынагына кийлигише албастыгын айтты:

- Биз мына ошол урнага ташталган талондорду кайрадан текшерип чыгабыз дагы биздин тизме менен окуу жайларынын тизмелерин салыштырабыз. Буга чейин канча абитуриенттин тапшырган тести боюнча туура эмес жыйынтык чыкканы боюнча маалымат бере албайм. Анан эми жогорку окуу жайларынын гранттык комиссияларынын ишине биз түздөн-түз кийлигише албайбыз. Мында байкоочулук гана кылып, тизмелерди салыштыруу менен гана алардын окууга кабыл алынгандардын тизмесин бекиткен буйрукту гана тастыктай алабыз.

Ошол эле кезде эксперттик чөйрөдө жалпы улуттук тестирлөө окуучунун билим деңгээлин аныктап бере албайт деген пикирлер үстөмдүк кылып келет. Анткен менен ошол эле учурда тестирлөө мурдагы кирүү сынактарына караганда паракорчулукту азайтып, окууга өтүүгө жөндөмдүүлөргө мүмкүнчүлүк түздү дегендер да аз эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG