Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

Бишкек шаардык милициясы №27 мектепте “мугалим окуучу кызды тынымсыз кемсинте берип өз жанын кыюуга жеткирген” деген арызды териштирип жатат.

№82 мектепте да мугалимдердин окуучуларга жасаган мамилеси боюнча чуу чыкты. 26-майда Жогорку Кеңеште өспүрүмдөр арасында суицид боюнча өкмөттүк саатта мектептердеги ушундай көрүнүштөр тууралуу сөз болду.

Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө 24-майда 61 жаштагы шаардык тургун арыз менен кайрылган. Анда №27 мектепте окуган 14 жаштагы небересин соңку 1,5 жылдан бери бир мугалим классташтарынын көзүнчө такай кемсинтип, жаман сөздөрдү айтарын, мындан улам небереси өзүн өзү өлтүрүүгө даяр абалга жетип калганын айтып даттанган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тушта териштирүү жүрүп жатат. Азырынча кылмыш иш козголо элек:

- Мугалим кемсинтпегенин айтып жатат. Ал эми кыздар болсо ошентип кемсинте берчү деп ырасташууда. Азыр ошол күбө болгон дегендерди өз-өзүнчө чакырып, көрсөтмө алып жатабыз. Азырынча далил жок, эгер видеого тартып алган болсо анда бир жөн эле. Азыр териштирүү жүрүп жатат.

Былтыр 102 өспүрүм өз жанын кыйган, быйыл соңку беш айда мындай 49 факт катталды.

№27 мектептин жетекчилиги бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Арызданган ата-эне менен дагы байланышуу мүмкүн болгон жок.

Мугалимдердин, айрыкча мектеп директорунун окуучуларга болгон мамилеси боючнча Ала-Тоо жаңы конушундагы №82 мектепте да чуу чыкты. Бул мектепте эки баласы окуган Зинагүл Баймоңолованын айтымында, директор фондго акча төлөбөгөн балдарды классташтарынын көзүнчө кодулаган. Ким акча төлөп-төлөбөгөнүн аныктоо үчүн анкета толтурткан:

- Кээ бир балдар үйүнө келип алып “мына, силер акча төлөбөй, мен балдардын алдында уят болдум” деп ыйлашыптыр. “Ушинтип 500-1000 сом төлөй албай жатсаң, сени кийин ата-энең университетте кантип окутат” дегендей сөздөрдү айтышыптыр. 10-11-класста окугандарга чейин киришиптир. Ошентип уяткарылган бала өзүн өзү асып алса эмне болот? Эгер мектеп директору өзүнүн мугалимдерине ишенбей, кошумча акча чогултуп жатат десе эмнеге былтыр, быйыл жылдын башында текшербейт? Эмнеге окуу бүтүп жатканда текшерет? Ата-энелер фондуна акча төлөгөндөн бир класстан бир-эки эле бала бошотулсун дейт экен. Бирок ошондой бошотулган балдардан ата-энеси жок, жетим-жесир, акча төлөгөнгө шарты жок дегендей маалымдама чогултушун талап кылат экен.

Биз мектеп директору Атыркүл Конушбаева менен байланыштык. Ал айрым ата-энелердин мындай дооматтарын четке какты жана аны чагым деп атады. Анкетаны ашыкча акча чогултулуп жатканын аныктоо үчүн жүргүзүлгөнүн айтты:

- Фондго айына 60 сомдон чогултулат. Кыбыр эткендин баарына ошол чогултулган акчадан жумшап, мектепти кармап турабыз. Шарты келбеген, каалоосу болбогон көп эле ата-эне 60 сомдон бербей коёт. Мен азырынча ата-энелер комитетинен отчет ала элекмин. Мен анкета алганга, административдик көзөмөл жүргүзгөнгө акым бар. Балдардын баары эртең тараганы жатса мен бир күн ичинде алардын ата-энелерин кантип чогултам? Анан чукул арада анкета жүргүзүп, сурамжылап териштирип жатам. Ата-энелер комитети ремонтко акча чогулталы деп чечишиптир, кээ бири макул болбой коюшуптур, ошону менен эле накталай акча деле чогултулбаптыр.

Бишкек

Бишкек

Мектептеги мугалимдердин окуучуларга жасаган мамилеси жана анын кесепети тууралуу Жогорку Кеңеште өспүрүмдөр арасындагы суицид боюнча 26-майда өкмөттүк саатта да сөз болду. Баш прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов окуучулардын өз өмүрүнө өзү кол салган фактылардын басымдуу бөлүгүнүн негизги себептери ачыкка чыкпай жатканын бышыктады. Билим берүү менен Ички иштер министрлиги берген сандан кыйла көп экенин билдирди:

- Мындай фактылардын 70-80 пайызынын чыныгы себептери иликтенбей калууда. Биздин сан менен менен ИИМ жана Билим берүү министрлиги берген сан дал келбей турат. Бирок биз так санын тактап чыктык. Былтыр 102 өспүрүм өз жанын кыйган, быйыл соңку беш айда мындай 49 факт катталды.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бул маселеге жетиштүү көңүл бурулбай жатканын моюнуна алды жана атайын программа даярдалып жатканын билдирди:

- Суицид маселеси өтө олуттуу экенине карабастан жер-жерлерде өспүрүмдөр менен иштешүүгө жеткиликтүү маани бербей жатканын ачык айтып коюуга милдеттүүбүз. Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүн өзү кыйган учурлардын көпчүлүгүн алдын алса болот. Бул ишке жалпы коомчулукту тартуу максатында өкмөт 2022-жылга чейин үй-бүлөнү, эне-баланы колдоо боюнча комплекстүү программанын долбоорун даярдап жатат жана ал программа сентябрь айында өкмөттүн талкуусуна коюлат.

Анткен менен айрым байкоочулар өкмөттө буга чейин деле далай программалар даярдалып кабыл алынганын, бирок дээрлик баары кагаз жүзүндө калганын белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG