Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Кыргызстанда билим берүү тармагында киргизилип жаткан “жан башына каржылоо” системасынын пайда-зыяны канчалык?

"Орой көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Салмоор Асанов - Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана каржы анализи башкармалыгынын башчысынын орун басары, Аят Жамансариев - Евробиримдиктин кыргыз билим берүү секторуна көмөктөшүү долбоорунун адиси жана Анара Дауталиева – “Таза табигат” коомдук уюмунун башчысы.

“Азаттык”: Салмоор мырза, “киши башына каржылоо” системасын билим берүү тармагына киргизүү менен кандай утуш болот?

Асанов: Киши башына каржылоо системасы 2005-жылы Ысык-Ата районунда эксперимент катары башталган. Бул системаны киргизүүнүн максаты – бюджеттен бөлүнгөн акчаны мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу. Ал эми окуучулардын саны аз мектептерди жабуу тууралуу маселе башка.

Дауталиева: Мен бул маселени алты жылдан бери иликтеп келатам. Ысык-Ата районундагы эксперимент болуп аткан мектепке да мониторинг жүргүзүп келатам. Салмоор мырза окуучулардын саны аз мектептер жабылбайт деди, бирок мендеги маалыматтар боюнча Бишкектин өзүндө эле жети-сегиз, Ала-Бука районунда бир мектеп, Чүй облусунда да бир канча мектеп жабылуу коркунучунда турат. Ал эми ал жерде окуган окуучулар, иштеген мугалимдер тууралуу сөз жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:






“Азаттык”: “Жан башына каржылоо” системасы мектептердеги тизмеде аты бар, өздөрү жок окуучулардын көбөйүүсүнө, тагыраак айтканда коррупцияга жол ачат деген пикирлерге кандай карайсыз?

Дауталиева: Албетте бул система мындай коррупцияга жол ачат. Мен айткан Ысык-Ата районундагы эксперимент жүрүп аткан мектептин жетекчиси 47 окуучуну кошумча “окуйт” деп жазып койгон. Бул өтө коррупциялык схема. Акчаны үнөмдөйбүз деп атат, ошол үнөмдөлгөн акча кайра эле сол чөнтөктөргө кетет.

Асанов: Бул система долбоор болуп кирип атканда биз мындай болорун айтканбыз. Анара айткан Кең-Булуң мектебинде кошуп жазуу болгон, аны мойнубузга алабыз. Бирок муну тыюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Биз жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү менен тыгыз иштеп, мындайга жол бербөө аракетин көрөбүз. Ал эми окуучулардын саны аз мектептерди жабуу маселеси азырынча ачык турат. Мына окуу жылы башталганына эки жума гана болду, ушул тапта класстар такталууда. Такталып бүткөндөн кийин окуучулары аз мектептерди жабуу сунуштары жергиликтүү бийликтерге берилет, эгер алар макул болбосо, анда жабылбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG