Линктер

Быйыл Кыргызстандын орто мектебин аяктаган 62 миңге жакын бүтүрүүчүнүн көбү жогорку окуу жайлардын студенти болууга умтулуп жатат. Алардын ата-энеси тапкан-ташыганын окуу акысына төлөө үчүн камдап жаткан кези. Бирок жыл өткөн сайын төлөнгөн каражатты жогорку окуу жайдан алган адистик билимдин деңгээли актабай жатат деген дооматтар көп айтылып, элүүдөн ашык жогорку окуу жайдын ортосунда атаандаштыкты күчөтүүдө.

Ал адистик билим берүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөбү же студенттердин эсебинен күн көргөн окуу жай менен мугалимдердин санын көбөйтөбү? Эмне үчүн ЖОЖдордо берилген билим тайкы болууда?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салды.

Талкууга Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева жана Кыргыз Улуттук университетинин профессору Жолборс Жоробеков катышты.

“Азаттык”: Элвира айым, быйыл орто мектепти аяктаган 62 миңге жакын бүтүрүүчүгө төрт жылдан кийин кайсы ЖОЖдор татыктуу кадр болчудай билим бере алат десек болот?

Элвира Сариева

Элвира Сариева

Элвира Сариева: Өкмөттүн тапшырмасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги 20-июлга чейин Кыргызстандагы мыкты окуу жайлардын рейтингин жарыялайт. Ал билим берүүнүн сапаты, илим, инфраструктура жана каржылоонун негизинде түзүлдү. Мындай иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча маалыматтар сайтта жайгаштырылат. Былтыр жогорку он окуу жайдын тизмеси бекитилип, белгилүү бир багыттар боюнча билим берүүгө уруксат берилген. Ал эми президентке караштуу башкаруу академиясы менен Дипломатиялык академияга магистрлерди гана даярдоого уруксат берилсе, жогорку окуу жайлардын баары бакалавр даярдасын деген чечим кабыл алынган.

Бизде КУУ катардагы эле 55 окуу жайдын бири. Ал эмес рейтинг боюнча алсак, Кыргызстандагы жогоруда айтылып кеткен 10 мыкты окуу жайдын арасына кире албайт. Себеби, профессор-окутуучулук курамы начар, окуу техникалары менен начар жабдылган.

“Азаттык": Жолборс мырза, сиз Кыргызстандын тарыхый окуу жайы болгон Улуттук университеттин профессорусуз, бирок ал окуу жайда башталган реформа сизди канааттандырган жери жок.

Жолборс Жоробеков: Талкуу билим берүү боюнча жалпы маселеге арналгандыктан мен Улуттук университеттин ичинде болуп жаткан жагдайларга токтолгум келген жери жок.

Чындыгында КУУдагы бүгүнкү абал өтө кыйын. Башка мамлекеттерди алсак, аларда Улуттук университетке абдан жакшы көңүл бурулуп, мугалимдердин маянасы жогору болгондуктан мыкты адистер даярдалат. Себеби, Улуттук университет деген Туу, Гимн сыяктуу мамлекеттик белгилердин бири. Ал эми бизде КУУ катардагы эле 55 окуу жайдын бири. Ал эмес рейтинг боюнча алсак, Кыргызстандагы жогоруда айтылып кеткен 10 мыкты окуу жайдын арасына кире албайт. Себеби, профессор-окутуучулук курамы начар, окуу техникалары менен начар жабдылган. Бул абдан жанды кейите турган маселе. Ал эми мурун бул университет Советтер союзундагы 10 ири окуу жайдын бири болчу.

Абитуриент

Абитуриент

“Азаттык”: Элвира айым, азыр коомдо "быйыл ЖОЖдордо окуу кымбаттады" деген сөз көбөйүп, ата-энелер катуу кабатыр болуп жатат. Быйыл контракттык билим алуунун эң кымбаты канча сом, эң арзаны канча сом болду? Кайсы окуу жайлардыкы арзан, кайсыныкы кымбат болду? Кайсы окуу жай талашка түшө турган адистерди даярдай алат?

Элвира Сариева: Билимдин сапатынын начар болушуна эки нерсе түрткү болууда. Биринчиси - мыкты мугалимди ишке тартуу үчүн айлык акы, каржылоо жакшы болушу шарт. Бизде ЖОЖдордун каржылоосунун 27% гана мамлекет эсебинде, калгандары контракттын негизинде ишке ашат. Биз жогорудагы рейтингге каржылоо маселесин да киргизели деп жатабыз. Контракттык негизинде алынган каражатты оңдоп-түзөө иштерине, маяналарды көтөрүүгө жумшасын деп жатабыз. Биз өткөн жылы окуу жайлардагы юридикалык жактарды жапкыла дегенде, 120 миллион сом үнөмдөлдү. Ал каражат мугалимдердин маянасын көтөрүүгө жумшалсын деп чечим чыгарганбыз. Жеке пикиримде, ректор тың болсо окуу жайды эки жыл ичинде эле оңдоп, студенттерди да ыраазы кылып коет экен, аны биз өз тажрыйбабыздан кездештирип жатабыз.

Мамлекеттик каржылоонун негизинде башка окуу жайлар контракттын наркын бекитишет. Контракттын наркына билимдин сапаты көз каранды. Биз ата-энелерди алдабашыбыз керек.

Ошон үчүн кийинки жылы киргизиле турган тестирлөө системасына бардык адистиктердин кайтарымынын деңгээли ата-энелерге да көрүнүктүү болсун деп жатабыз. Мисалы, жакында Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге түзүлгөн комиссия медициналык билим берген окуу жайларды текшерип чыкты. Анын жыйынтыгы жакында жарыяланат. Анда Саламаттык сактоо министрлиги берген лицензияга жана биздин билим берүү талабыбызга адистердин сапаты дал келет бекен деген маселе аныкталды. Анын жыйынтыгын карап көрүп, ата-энелер рейтинги төмөн окуу жайларга балдарын жибербей калат деген ойдомун. Окууга тапшыруу алдында окуу жайды тестирлөөнүн жыйынтыгы менен рейтингине сөзсүз көңүл буруу керек. Себеби, рейтинг бир нече багыттардын көрсөткүчтөрүнүн жыйындысы болуп эсептелет.

Окуу жайдын контракт акысын мурда Антимонополиялык комитет бекитчү, азыр аны окуу жай өзү аныктайт. Жаз мезгилинен бери жүргүзүлгөн текшерүүлөр студентти көбүрөөк кабыл алуу үчүн окуу жайлар наркын арзандатканын аныктады.

Бирок, 26-27 миң сомдон төмөн баада адистерди даярдоо мүмкүн эмес. Мисалы, мамлекет эсебинен билим алчу 5 миң 700дөн ашуун ар бир студентке бөлүнгөн каражаттын көлөмү 27 миң 360 сом деп белгиленди. Ал дагы 8 коэфициентке көбөйтүлөт. Дал ушул мамлекеттик каржылоонун негизинде башка окуу жайлар контракттын наркын бекитишет. Контракттын наркына билимдин сапаты көз каранды. Биз ата-энелерди алдабашыбыз керек. Мисалы, жылына Тоо-кенде 28 миң, энергетикада 30 миң, информатика технологиясы 31 миң, билим берүү 26 миң, саламаттык сактоо 39 миң сомго адис даярдалат. Мындан арзан каражатка жакшы адисти даярдоо мүмкүн эмес. 11-12 миң сомго окуган студенттин билими эч нерсеге жарамсыз болот.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG