Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

ЖОЖдорду кыскартуу: сандан сапатка...


Сүрөттө Бишкектеги ЖОЖдун биринин эшигинин астында турган абитуриенттер.

Сүрөттө Бишкектеги ЖОЖдун биринин эшигинин астында турган абитуриенттер.

Кыргызстанда 31 мамлекеттик жогорку окуу жайдын айрымдары кыскартылат. Президент Атамбаевдин сунушу аткарыла баштаса, кайсы жогорку окуу жайлар жабылат же башка окуу жайларга кошулуп, ректорлор портфелсиз калышы ыктымал?

Президент Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда, Чүй районундагы Маданият айылындагы жаңы мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Кыргызстандагы 31 мамлекеттик жогорку окуу жайдын айрымдарын кыскартууну сунуштады. Өлкө күнкорсуздук алганга чейин 10 гана жогорку окуу жайда (кыскача, ЖОЖ) адистер даярдалган, окууга өтүү да оңой эмес болчу. Өлкө башчысы андан үч күн мурда мыкты студенттерге президенттик стипендия тапшырып жатып дагы бир көйгөйгө көңүл бурган эле:

- Мисалы, Талас унивеситетинде студенттердин 70 проценти сырттан окушат. Бизге тээ совет заманында окуу-жарык, окубоо-сырттан окуу деп айтышчу. Башкача айтканда, өлкө атайылап он миңдеген, жүз миңдеген сабатсыз адистерди даярдайт. Алар анан министерство-ведомстволордо отуруп алышып, өлкөнү кыйратышууда. Кант медициналык институту сыяктуу жогорку окуу жайларды бүткөн врачтар адамдарды дарылабастан, майып кылат, - деди Атамбаев.

ЖОЖдорду кыскартуу жана сапаттуу адистерди даярдоо маселесине арналган талкууга Москвадагы жогорку техникалык университет - МВТУнун профессору, физика-математика илимдеринин кандидаты Маматжан Акжолов, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти, Социология кафедрасынын докторанты Сайкал Жунушова, Ош технологиялык университетинин профессору, илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, химия илимдеринин доктору Абдували Токтоматов, Стамбулдагы Айдин университетинин окутуучусу, араб филологиясы боюнча илим доктору Инаятилла Азимов катышат.

"Азаттык": Президенттин айтымында, азыр өлкөдө 52 ЖОЖ болсо, алардын көбүндө сырттан окуу бөлүмү бар. Андан тышкары 110го жакын ЖОЖдун филиалы ачылган. Бюджеттен каржыланчу окуу жайларды кыскартуу менен эле адистерди даярдоонун сапаты жакшырабы?

Маматжан Акжолов: Сандан сапатка өтүү эбак бышып жетилген: ЖОЖдордун сапатын жакшыртуу акыркы 10-15 жылдан бери айтылып келаткан. Бирок аны кантип ишке ашыруу керек? 10 гана окуу жайды (университетти) калтыруу керек дегенди туура деп ойлойм. ЖОЖдор тааныштык, паракорчулуктан арылмайынча, биз оңоло албайбыз. Бишкектеги Кыргыз - түрк Манас университетинде окуган студенттер, окутуучулар менен сүйлөшсөм, ал жерде паракорчулук, тааныш-билиштик жок деп айтышты. Бала билсе окуйт, билбесе окуудан кубасың! Ушул шартты кармансак гана ЖОЖдогу сапаттуу окууга жетишебиз. Окуу жайларды кыскартуу менен адистерди даярдоонун сапаты өзгөрбөйт.

Абдували Токтоматов: Кыргызстандын ЖОЖдору сапаттуу адистерди даярдоого акыркы жылдары жигердүү аракет кылууда. Бүгүн өлкөнүн бир потенциалы - бул билим берүү. Билим берип, жаштарды алаксытуу. Ушуну менен иш орундарын түзүү. ЖОЖдорду жоюу менен кичинекей калыптанган системаны жок кылуу коркунучу да жок эмес. Сапатсыз кесипкөйлөрдү даярдап жатканыбыз чын. Бирок алардын ичинде жакшылары да бар. Окуу жайларды тезирээк профилдештирип, тиги же бул ЖОЖго күчтүү окутуучуларды топтоо абзел. ОшТУ инженердик-техникалык адистиктер боюнча, ОшМУ гуманитардык-педагогикалык адистиктер боюнча, ОшГПИ мугалимдерди даярдоого профилдешүүсү керек. Анан жөн гана ЖОЖдорду кыскартуу менен маселе чечилбейт.

Сайкал Жунушова: Мен ЖОЖдорду кыскартуу дебестен, аларды оптималдаштыруу жана профилдештирүү керек деп айтамакмын. Мисалы, Архитектуралык-курулуш университети менен Тоо-кен иштери жана Тоо-кен технологиясы университети мурдакыдай Политехникалык университетке биригүүсү керек. Коопсуздук кеңешинин жумушчу комиссиясы 31 мамлекеттик жана 21 мамлекеттик эмес окуу жайда коррупциялык 94 схеманы аныктап чыкты деп кабарланды. Азыр ар бир ЖОЖ мурунку техникалык базанын үстүндө эле контрактык негизде түрдүү кесиптерге кандай гана баланы болсо алып жатпайбы!? Мунун баары системалуу нерсе. Азыр билим деңгээли өтө төмөн балдар ЖОЖдорго келүүдө. Бирок ата-энелери жана студенттер өздөрү жакшы кесипке ээ бололу деп калганын социологиялык изилдөөлөр көрсөттү. Бул оң жышаана. Окутуучулардын айлыгы төмөн болгондуктан, бир окуу жайдан экинчисине, үчүнчүсүнө чуркап жүрүшөт. Ушинтип жатып жакшы сапат болот деп кимди ишендире алабыз?

“Азаттык”: Кыргызстанда орто мектептерди бүтүрүүчүлөрдүн 69 проценти ЖОЖго киргенин эки жыл мурда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын аудити Өкмөтхан Абдуллаева айткан. Совет заманында расмий маалыматтар боюнча 20 проценти гана ЖОЖго кирчү.

Инаятилла Азимов: Түркиянын университеттеринде эч кандай коррупция жок. Менимче, биздин (Кыргызстандын) окуу жайларынын проблемасы - сандан сапатка өтүү эмес, коррупция. Анткени, студенттерди канчалык сапаттуу окутканга өтпөйлү, коррупция жоюлбаса, университеттердин саны азайганы менен да сапаты жогорулабайт. Биз адамдык сапатка, адеп-ахлакка көп көңүл бурушубуз керек. Азыр бул нерселерге Кыргызстанда маани беришпейт. Акча бардык маселени чечип калган. Түркияда эч бир университетте эч кандай коррупциялык схема жок. Адам окуганда анын билимине катар интеллектуалдык деңгээли жогорулайт, андай адам ар кандай коррупциялык иш-аракеттерди кылбайт. Өлкөнүн ЖОЖдорунда коррупциянын жок экенин мен ушул жагдай менен байланыштырам. Бул нерсени Кыргызстанда да жайылтуу зарыл.

Азаттык”: Аскар Акаев президенттик кылган жылдары көбөйгөн жогорку окуу жайларды кыскартуу маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. 2006-жылы Досбол Нур уулу билим берүү министри кезде алгач козголгон эле.

Ошондо талапка жооп бербейт делген жети жогорку окуу жайы жабылып, 21 окуу жайдан 89унун кесипке даярдоо боюнча лицензиясы алынган. 20-сентябрга чейин 17 миңге жакын студент башка университеттерге которулган. Айрым адистерди даярдоо укугунан Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Нарын мамлекеттик университеттери, Кыргыз-өзбек университети, Эл аралык славян университетинин Бишкектеги филиалы жана башкалар ажыраган. Азыр демилгени президент Атамбаев өзү көтөрдү. Ал 2017-жылы бийлик мөөнөтү аягына чыкканга чейин бул ишти өтөсүнө чыгара аларына ишенесиздерби?

Маматжан Акжолов: Албетте, (ишке ашырат деп) үмүттөнөм. Көптөгөн реформаларды жарыя кылып, чоң өзгөрүштөрдү жасайбыз дейбиз. Бирок анын баары ишке ашпай келүүдө. Бул сапар да ошондой болбосо экен. Ишке ашса деген үмүтүм бар.

Сайкал Жунушова: Жакшылап системалуу түрдө иштесек, аны жүзөгө ашырганга мүмкүнчүлүктөр бар.

Абдували Токтоматов: Муну президент айтты. Президенттин иши көп. Бул сөз ишке ашпайт. Президент айтканы менен билим берүү министри өзү бул ишти колуна алып, өзү майда-чүйдөсүнө чейин көз салбаса, болбойт.

Инаятилла Азимов: Мен да (аткарылат) деп үмүттөнөм. Бирок ошол эле чиновниктер, ошол эле адамдар бийликте отурат. Алар университеттерден кандайдыр бир деңгээлде пайда табышат. Бул коррупция жоюлмайын, маселе ишке ашарынан күмөнүм бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG