Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:33

Жакында дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайлар белгилүү болду. Ал эми Кыргызстанда кайсы жогорку окуу жайлар мыкты деп саналат?

Кыргызстанда университеттердин рейтингин иликтеген атайын уюмдар жок. Бирок эл арасында алардын кайсынысы артыкчылыктуу экендигин аныктоочу көрсөткүчтөр бар. Билим берүү министрлигинин малымат катчысы Керез Жукеева:

- Окутуу ыкмалары, чыгарган адистеринин сапаты жана кайсы ЖОЖго тапшыруучулардын саны көп - ушулар боюнча гана биле алабыз. Бирок атайын изилдөө жүргүзө элекпиз.

Айтылгандай, кайсы ЖОЖ эл арасында артыкчылыктуу деп саналарын жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен да билүүгө мүмкүн. Керез Жукеева өткөн жылы абитуриенттер көп тапшырган окуу жайларды атады:

- Былтыр Бишкектеги Медициналык академияга тапшыргандардын саны көп болду. Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи айлампасында эле аларда абитуриенттердин саны толуп калды. Андан кийинки орунда кыргыз-орус Славян университети, Бишкек аскердик академиясы, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет, андан кийин Кыргыз улуттук техникалык жана Кыргыз архитектура жана курулуш университеттери болду. Мурдатан жакшы деп, салт болуп калган окуу жайларга тапшыргандар басымдуу болууда.

Булардан тышкары Бишкек гуманитардык университетине да тапшыргандар көп болгон.

Биргелешкен окуу жайлардын аброю

Ушул тапта Кыргызстанда 52 ЖОЖ бар. Алардын 31 мамлекеттик болсо, 21и жеке менчик.

Адистердин айтымында, акыркы кездери окуу жайлардын арасынан башка өлкөлөр менен биргелешип түзүлгөн жана чет элдик университеттердин кадыр-баркы өсүүдө. Маселен, кыргыз-орус Славян, кыргыз-түрк “Манас” университеттерине тапшырсам деп дилгирленген абитуриенттер арбын.

Кыргыз-түрк “Манас” университети бекер окутканы жана анда коррупциянын жоктугу менен артыкчылыкка ээ. Мындан тышкары, Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университети да өтө абройлуу экендигин адистер белгилешүүдө. Борбор Азиядагы эркин базар институтунун изилдөөлөр бөлүмүнүн деректири Азиз Иса анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Күчтүү мугалимдер БААУга барышат. Мындан тышкары, чет өлкөдөн келген мугалимдер да бар, ректору да америкалык. Алардын болсо ой жүгүртүүсү башкача. Пара бермей деген да такыр жок. Студент жакшы окуйт, же окуудан чыгарылат. Мисалы, жаман окуса окуудан чыгат же окууга көп акча төлөйт. Ал эми жакшы окуса, окуусун арзандатып беришет.

Мында окуунун баасы өтө кымбат болгону менен ага тапшыргандар көп. Билим берүү маселери боюнча талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтышынча, атамекендик окуу жайларда паракорчулук көп болгондуктан аларда билимдин сапаты да төмөн болууда.

- Дүйнөдөгү Гарвард, Оксфорд сыяктуу алдыңкы окуу жайларда акча төлөгөн студенттер, алардын ата-энелери сөзсүз ар кандай жолдор менен университеттин ички ишине аралашат. Ошон үчүн алар жакшы иштейт. Бул окуу жайлардын сайттары бар, ошол жерге баары жарыяланып турат. Ал эми биздин университеттер жабык, өлкөдөгү эң жабык мекеме университеттер болууда.

Кыргызстанда окуу жайды кантип тандайт?

Анткен менен жергиликтүү мамлекеттик ЖОЖдордун баарын бир беткей жаман деп айтууга болбойт. Отуз-кырк жылдык тарыхы бар окуу жайлар бүгүн да мыкты адистерди чыгарып жатканын белгилешүүдө. Эл аралык инновациялар университетинин ректору Улукбек Бегалиев биргелешкен университеттердин ийгиликтүү болуп жатышынын себебин каражат маселесинен улам деп эсептейт.

- Бул жерде кошумча акча маселеси маанилүү болууда. Аларга Кыргызстандан акча берилбесе да даяр имараттарды аларга берип жатышат. Алар өздөрүнүн каалаган окуу пландары менен окутушат. Мисалы, Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы окуу жайларга башка, ал эми биргелешип түзүлгөн университеттерге өзүнчө мамиле кылат. Мамлекеттердин ортосунда келишимдер бар үчүн ушундай мамиле. Биргелешкен ЖОЖдор жакшы болуп жатышынын дагы бир себеби, аларда сырттан кошумча акчалар келип жатат.

Кыргыз Улуттук университеттин студенттери археологиялык казуулар маалында. 1-июль, 2011-жыл

Кыргыз Улуттук университеттин студенттери археологиялык казуулар маалында. 1-июль, 2011-жыл

Мамлекеттик окуу жайлар бюджеттин эсебинен бекер да, келишим түрдө да окутушат. Келишим түрдөгү окутуунун баасынан улам да кайсы окуу жайлар жана кайсы кесиптер калк арасында абройлуу экендигин боолголоп билүү мүмкүн.

Мындан улам, акыркы кездери коммуникация жана байланыш, эл аралык мамилелер, европа тилдери, медициналык бөлүмдөрдүн баасы жогору болууда. Булар менен катар эле юридикалык, экономикалык бөлүмдөр да турат. Бирок Аскарбек Мамбеталиев көпчүлүк эл жогорку окуу жайды эскиче түшүнүк менен тандап жатышканын белгиледи.

- Бизде эл илгерки ой менен келатат. Мурда кандай болсо ошол боюнча эле тандашат. Мисалы, юрист менен экономист жакшы, ушуну бүткөндөр чоң кызматта иштеп жатат деп, 5-10 жыл мурдагы адат боюнча тандагандар бар. Азыр болсо заман 3-4 жылда эле абдан өзгөрүүдө. Ошондон улам 5-10 жыл мурдагы артыкчылыктуу делген кесиптерге жана ЖОЖдорго андай талаптар болбой калып жатат.

Билим берүү тармагынын адистери Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктаган изилдөөлөр зарыл экендигин айтышууда. Мурдагы президент Роза Отунбаева да өткөн жылы ушундай сунуш менен чыккан. Бирок бирин-экин иликтөөлөрдү эске албаганда, бул жаатта ар тараптан изилденген жана байкоо жүргүзүлгөн жыйынтыктар азырынча жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG