Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Бангладеш: кыргыз балдары кандай багытта билим алууда?


Бангладештеги медреселердин биринде, 30-март, 2009-жыл

Бангладештеги медреселердин биринде, 30-март, 2009-жыл

Кыргызстандан ар кандай жолдор аркылуу Бангладештеги диний окуу жайларга кетип жаткан өспүрүмдөр жана жаштар кандай билим алып жатышат?

Ушул жылдын май айында Бангладештин борбору Даккада ири демонстрация болуп өттү. Көчөгө чыккан исламчылар аягында полиция менен кагылыша кетип, 30дан ашуун киши мерт болуп, дагы жүздөгөн адам жараат алды. Борбор шаарда чогулган 150 миңдей демонстранттардын көбү - өлкөнүн ар тарабындагы медреселердин окуучулары эле. Алар Бангладеште исламга акаарат келтиргендерди катуу жазалай турган мыйзам кабыл алууну, эки жыл мурун өкмөт жактырган аялдарды өнүктүрүү саясатына тыюу салууну талап кылышты. Башкача айтканда, алар аялдарга эркиндик берилип, эркектер менен теңата мүлккө ээлик кылуу, мураскер болуу өңдүү укуктар берилишине каршы чыгышты. Балким, алардын арасында ушу тапта Бангладештеги медреселерде билим алып жаткан кыргызстандык жаштар да болушу ыктымал.

Даккадагы медресенин окуучулары

Даккадагы медресенин окуучулары

Бангладеш - билим "бешигиби"?


Бангладеш – Түштүк Азиядагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Эгемендүү өлкө болгонуна 50 жыл толо элек. Кылымдар бою Индиянын, кийин Пакистандын бир бөлүгү болуп келген. Аймагы Кыргызстандан кичинекей, бирок калкынын саны 163 миллион адамдан ашат. Саясий бейстабилдүүлүк, татаал тарыхы, илим-билим жагынан артта калганы – Конституциясы боюнча секулярдык демократиялуу өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келет. Быйыл эле исламдык кыймылдар жаз-жай айларында улам бир демонстрация өткөрүп, полиция менен кагылышуулар болду.

Ушундай өлкөгө эмне үчүн Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн диний билим алууга жүздөгөн, миңдеген адамдар барып жатат? Суроону Бангладештик журналист, Daily Star гезитинин редактору Шамим Ашрафка узаттык.

- Бангладеште жүздөгөн, миңдеген медреселер бар. Алардын көпчүлүгү Qawmi (кыргызча – нейтралдуу) медресе деп аталат. Бул эми каалаган кишинин баары медресе ача алат дегенди билдирет. Ал медресеге керектүү акчаны өзүңүз таап, өкмөттөн эч нерсе сурабасаңыз, өкмөттүн сиз менен иши болбойт. Каалаган сабактарын окутушат, кандай билим берип атканы менен эч кимдин иши жок. Андай жеке менчик, же Qawmi медреселерди Башкаруу кеңеши бар, аларды өкмөт көзөмөлдөөгө аракет кылып көрдү, анысы ишке ашкан жок. Соңку кездери Бангладеште болгон ири демонстрацияларды карасаңыз, анын катышуучуларынын көбү дал ушул Qawmi, же өкмөттүк эмес медреселердин студенттери. Мындай окуу жайларда окугандардын көбү - кедей үй-бүлөлөрдүн балдары. Медресенин мугалимдери айыл аралап, "балдарыңарды бизге бергиле, биз окутуп беребиз" деп алып кетишет. Анан андай окуучулар мугалим эмне кыл десе ошону кылат. Балаң ишсиз калбайт, кийин жумуш да таап беребиз деп алып кетишет.

- Андай медреселерде сабакты ким окутат? Мугалимдери кимдер?

- Ошол эле медресени аяктаган адамдар окута берет, жүздөгөн жылдардан бери ошондой. Алар болгону араб арибин, кээ бир учурларда урду тилин, бир аз бенгал тилин үйрөнүшөт. Анан Куранды жатташат. Аң-сезимди толугу менен бир жакка буруп, динди баштарына куят. Андай медреселердин көбүндө “Талибан сиздер үчүн үлгү болушу керек, анткени алар Ислам үчүн күрөшүп атат” деген сөздөрдү айтышат. Бангладештеги журналисттер, укук коргоочулар жана коомчулуктун алдыңкы бөлүгү мындай медреселерге каршы чыгып, өкмөткө айтып эле келатышат. Өкмөт эч нерсе кылган жок. Анткени медреселер жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап кетти. Аларга каршы чыкса, өкмөт, же кайсыл бир партия шайлоочуларынын чоң бөлүгүнөн ажырап калабыз деп коркушат.

- Биздеги маалымат боюнча кыргызстандык жаштардын бир тобу Даккадагы Какрайил мечитинде окушат экен. Ал жер "Таблиги жамаат", же даваатчылардын дүйнөлүк борбору саналат. Ал жердеги окутуу тууралуу маалыматыңыз барбы?

- "Таблиги жамаат"- бул Qawmi медреседен тараткан идеялары жагынан бир аз айырмаланат. Алар күч колдонуп каршылык көрсөтүү, саясатка кийлигишүүнү колдошпойт. Бирок Кыргызстандан келген жаштардын баары дал ушул таблигилердин мектебинде окуп атат деп бир жактуу айта албайм. Бангладештеги медресе жана башка диний окуу жайлары Жакынкы Чыгышта жайгашкан бир нече уюмдар аркылуу каржыланат. Кувейт, Сауд Арабия жана башка өлкөлөрдө атайын борборлор бар. Аларда акча аябагандай көп. Ай сайын эбегейсиз каражат жөнөтүп турушат. Ушундай медресе, мечиттердин ишин толугу менен каржылашат.

- Бангладеш өкмөтү өлкөдөгү он миңден ашуун ар кандай медреселердин билим берүү системасын оңдоп-жакшыртуу маселесин караштырып жатабы? Бул маселе талкууланып турабы?

- Аларда эч кандай окутуу системасы жок. Мечит-медреселердин ичинде эмне окутулуп, кандай иштер болуп атканын эч ким билбейт. Анда иштегендер журналисттерге интервью беришпейт. Окуу китептеринде эмнелер жазылганын көргөзүшпөйт. Өкмөттүн кишилери да андай диний окуу жайларга кирип текшере албайт. Таблигилердин окуу жайларына келсек, алар берки Qawmi медреселердей экстремист, же фундаменталист деп айта албайм. Анчалык катуу кетишпейт. Алар даваат аркылуу таза исламды таратабыз деп ишенет. Таблигилер Бангладештеги медреселерди кыдырып, элди өзүлөрүнүн талкууларына чакырып жүрө беришет.

Колго тийген изилдөөлөрдү карасак, Бангладеште "Нари Прогати Сангха" деп аталган бейөкмөт уюм өкмөттүн тапшырмасы боюнча медреселердеги акыбал-жагдайды иликтеп чыккан. Алардын жыйынтык документинде айрыкча Qawmi, же өкмөттүк эмес диний окуу жайларда жүз миңдеген жаштар ар тараптуу билим албай, курбалдаштарынан артта калып жатканы, алардын көбү өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн жоготуп, өзүлөрүн Талибан, же араб катары таанырын эскерткен. Көпчүлүк бейөкмөт медреселерде өлкөдөгү башкы тил – бенгал тили жарытылуу окутулбай, жалпы билим берүүчү сабактар жокко эсе экени, эртеден кечке жалаң Куранды жаттаган жаштар кийин Бангладештин келечеги үчүн анчейин пайдасыз адамдар болоору айтылат.
"Өңүттү" толугу менен угуңуз:




"Куранды жаттагандын өзү диплом"

Бангладеште билим алып жүргөн кыргызстандык жаштар менен телефон аркылуу байланышканыбызда, алар дал ушундай өкмөт көзөмөлдөбөгөн окуу жайда билим алып жатышканын билдик.

Аттарын арабча ысымга өзгөртүп алган эки жигит ал жакка кандайча барып калышканын, окутуу системасы тууралуу азыноолак айтып беришти. Айтымында, Бангладештин борбору Даккадагы Какрайил мечитинин бир бөлүгүн ээлеген медреседе балдар таңкы 4төн түнкү 10го чейин араб, урду, фарсы тилин үйрөнүп, көпчүлүк убактысын Куранды жаттаганга коротушат. Андан башка кошумча жалпы билим берүүчү сабактар дээрлик окутулбайт.

"Аллага шүгүр, жашоо-шарты, окуу - баары ойдогудай. Күнүнө беш маал намаз окуп, ортосунда Куранды жаттап, жуунуп, тамак ичип, ынтымакта жашайбыз. Жаңы келгенде балдар араб арибин үйрөнүшөт, аны билсең Куранды жаттаганга башка сабактардын деле кереги жок".

Бангладеште медреселердин бир нече түрү бар. Аалия медреселери мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн, окутуу программасы өкмөт менен макулдашылган окуу жайлар болуп эсептелет. Аларга караганда, жеке менчик, же ар кайсы мечит, диний уюм, жеке адамдар ачкан Кавми медреселер өкмөттүк жайлардан алда канча көп. Так санын эч ким билбейт. Даккалык эксперт он миңден ашуун деп боолголойт. Аларды өкмөт көзөмөлдөбөйт. Рафикул Ислам, Даккадагы университеттин Тынчтык жана Чыр-чатактар кафедрасынын башчысы:

- Бангладештин тарыхына сереп салсак, медреседе окугандар согушчул аракеттерге кеңири аралашкан эмес. Андайга өлкөдөгү социалдык-экономикалык жагдай жол берген эмес. Бирок соңку кездери Вахаби жана Маудуди идеологиясына сугарылган, Пакистандагы медреселерде билим алган, Ооганстандагы согушка аралашкан адамдар Бангладеште көбөйө баштады. Ошондой адамдар Борбор Азиядан жаш балдарды, студенттерди алып келүүгө байланышы бар. Жаштарды Бангладеште окутуп, кайра Алланын желдеттерин Борбор Азияга жөнөтүшөт. Ушундай болуп атат.

Биз менен Бангладештеги Какрайил мечитинде окуп атабыз деп телефондон сүйлөп берген эки жигит да алардын окуу жайы мамлекет менен иши жок экенин, окууну бүткөн соң аларга эч кандай диплом берилбей турганын ырасташты. "Куранды жаттагандын өзү диплом. Далили ошол. Куранды баштан аягына чейин окуп бере алсаң ошонун өзү далил. Мамлекет тарабынан үч кандай документ берилбейт. Алла-таала тарабынан диплом берилет".

"Өкмөткө баш ийген медреседе окусаң, чыныгы таза Исламды, Шарияттын бардык жол-жоболорун өздөштүрө албайсың"- деп ишенет бул жумгалдык жигит.

"Мен жумгалдыкмын, бул жакта окуп атканыма беш-алты жылдай болуп калды", - деп улантты сөзүн бизге өзүн Ахмад деп тааныштырган бул кыргыз жигит - "Бишкектеги Борбордук мечиттеги Абдурахим деген байкеге барсаңыз, ал бардык документтерди даярдап, факс менен жөнөтөт".

Окууга кабыл алуу шарттары кандай? – деген сурообузга "Эч кандай шарт деле жок. Бала 15 жашка чейин болушу керек. Андан башка өзгөчө деле шарты жок. Кыргыз балдардан бул жакта бир 50дөн ашууну бар. Ондон ашуун дунгандар, Таиланд, Азербайжан жана башка жактан келгендер бар", -деп жооп берди.

"Таблиги жамааттын" "жашыруун" ишмердиги

Кыргызстанда мыйзам боюнча 16 жашка чейинки балдарды мектептен чыгарып, чет өлкөдөгү диний окуу жайга жиберүүгө тыюу салынат. Анткен менен, атайын кызматтардын маалыматы боюнча ушу тапта Бангладешке 7 жаштан 15-16 жашка чейинки балдар медреселерге окууга кетип жатат. Дакка шаарындагы медресеге көпчүлүк учурда "Таблиги жамаат" уюмунун мүчөлөрүнүн балдары, же дааватчылардын тууган-тааныштары жиберилет. Жогорку Кеңештеги Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев «Азаттыкка» курган маегинде бардык мыйзамсыз иш-аракеттер ата-эненин түркөйлүгүнөн, бийликтегилердин алсыздыгынан, диний мекемелерде жана аларды көзөмөлдөй турган мамлекеттик органдарда акча жасагысы келгендер отургандыгынан улам болуп жаткандыгын айтты.


"Таблиги жамаат" уюмунун ишмердигине Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанда тыюу салынган. Кыргызстанда бул уюмдун тамыры терең жайылган, активдүү мүчөлөрү Бишкек жана башка жерлердеги чоң мечиттерде иштешет. "Таблиги жамаат" – тынч жол менен үймө-үй кыдырган даваатчылар аркылуу таза исламды жайылтуу максатын көздөйт. Саясатка кийлигишпейт, куралдуу, же башка күч колдонуу ыкмаларын колдобойт. Айрым кыргызстандык эксперттер бул уюм алыскы айылдарда жокчулукта жашаган жаштарды дин жолуна салып, туура иш кылып атат деп ишенишет.

Анда эмне үчүн Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп, 16га чыга элек жеткинчек, өспүрүмдөрдү Бангладештеги диний окуу жайларга жөнөтүп атышат? Андай окуучуларга журналисттер менен сүйлөшүүгө болбойт. Жогорудагы эки маектешти биз кокустан жаздырып калдык. Бангладештеги алар дарегин берген мечитке журналист кесиптешибиз барганда, босогодон эле бул жерде чет элдиктер окубайт деп эшикти жаап коюшкан. Жогорудагы эки жигит телефондон айткандай, аларга телерадиодон маалымат алууга, гезит окууга, интернет колдонууга тыюу салынат. Алар өз курдаштарына салыштырмалуу билим жагынан бир топ өксүккө учурап жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Бангладештик эксперттер медресе бүтүрүүчүлөрү коомго керектүү тармактарда иштей алышпай, пайдасы аз болууда деп эскертип жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG