Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Кыргызстан муфтияты шайлоо алдында чагымчыл аракеттер күчөгөнүн билдирип, мусулмандарды мындай аракеттерге алдырбоого чакырды. Буга байланыштуу Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов “Азаттыкка” маек курду.

- Сиздер шайлоо оюндарына мусулман коомчулугун аралаштырып, аларды пайдаланып кетүүнү каалаган тараптар бар экенин айтып, билдирүү таркаттыңыздар. Мындай билдирүү жасоого эмне түрткү болду? Буга кандай негиздер бар?

- Бул маселенин негизги себеби болуп, өткөндөгү Ош коогалаңында молдокелердин аралашканы бар деген күнөө турат. Мындай иш-чараны биз жыл сайын эле колдонуп келебиз. Диниятчыларга шайлоо ишине, үгүт ишине катышууга тыюу салабыз, бирок шайлоого катышуусун милдеттендиребиз. Себеби ар бир мусулман өзүнүн добушун бериши керек деген позицияны карманабыз. Биз бул багытта атайын токтом кабыл алдык.

2012-жылдын 1-мартына чейин эч кандай уставдык шайлоого тийиштүү диний жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Бирок катардагы жумалык, айлык жыйналыштарга уруксат берилет. Ал эми шайлоо болуп, кайсы бир имамды, казыны жумуштан алуу, же болбосо, ушул сыяктуу бир иштерди аткарууга толук тыюу салдык. Эгерде кайсы бир имам же казы же баш имам же муфтияттын өкүлдөрү мына ушундай деңгээлдеги жыйналыш өткөрчү болсо, анда биз өзүбүз тараптан ага атайын бир чараларды колдонобуз. Мунун баары келип, ислам дининин тазалыгынын сакталып калуусуна камылга көрүү болуп турат.

- Мусулмандарды шайлоо оюндарына кошууга, абалды туруксуздаштырууга ким кызыкдар болушу мүмкүн? Ким колдонуп кетиши мүмкүн?
Балким бул шайлоого таптакыр байланышкан эмес, болгону шайлоонун шарапаты менен мусулман динине көө жабууга аракет кылган бир күчтөр бар болушунун ыктымалдуулугу бар.

- Бул жерден биз сырткы тараптан күчтөрдү күткөн жерибиз жок. Маселенин баары өзүбүздө. Балким кээ бир талапкерлер мына ушундан колдонуп кетүүсү ыктымал. Мисалы, түндүк-түштүк, же болбосо улут аралык маселелерди колдонуп кетүү дегендей эле. Диний факторду да ортого коюп, ошонун натыйжасында упайга ээ болуп калам дегендей ойлор пайда болуп калышы мүмкүн. "Сактанганды сактармын" дегендей, ушундай чараларга барып турабыз.

- Сиздердин билдирүүңүздөрдө хижап маселеси да шайлоо алдында улам-улам көтөрүлүп жатканы чагымчыл аракет катары сыпатталган экен. Кайсы учур тууралуу кеп болуп жатат?

- Бир апта мурда Бишкек шаарында негизги деп эсептелген 7-8 мечитке бир учурда бирдей кара кийимчен, кээ бирлери жүзүн жапкан жана жанында коштогон атайын спорттук дене түзүмдөгү адамдар келип, "эмнеге турасыңар, эмне үчүн биздин укуктар тепселип жатса, мусулман эркектер турасыңар" дегендей чакырыктар айтылган. Жума намаз учурунда имамдан микрофон талашканга аракет кылышкан.

Биз жыйналыш өткөрүп "бул мусулман аялдардын адеп-ахлагына туура келбеген иш-чара болду" деп айттык. Андан сырткары жоолук маселеси биздин өлкөбүздө жолго коюлган. Бир гана проблема болуп мектептер турган. Бирок министр бизде тыюу салынсын деген сөз жок деп жазып жиберди. Андыктан бизде азыр жоолук боюнча маселе өз нугунда, өз жолунда кетип, мусулмандардын укугу сакталып турат.

Бул мусулман эмес жамаат, же болбосо, бизге белгисиз кайсы бир күчтөр келип, мусулмандарды жек көрсөтүп, ошонун натыйжасында кандайдыр бир тыянактарга келүүгө аракет кылган деген ой келип турат. Ошондуктан биз бул боюнча маалымат жарыяладык. Себеби ислам шарияты боюнча жума намазда имамдын жанына келип турууга аялзатына уруксат берилбейт, себеби аялзаты назик, ийменчек келет. Анан ушунча көп адамдын астына чыгып, ошол жерде тартынбастан сүйлөгөнү бизде кайсы бир деңгээлде шектенүүлөрдү жаратты.

- Мындай жагдайларды алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

- Биз бул боюнча, биринчиден, имамдарга да кошумча буйрук бердик. Мурда мындай түшүнүк, буйрук бар болсо да микрофонду чоочун адамдарга карматпоо, имам, имамдын орун басары гана уруксат берүүнү чечтик. Макул эркек болсун, макул аял болсун, макул белгилүү бир адам болсун, алардын бардыгын адам лекция, текст окуй турган жерди пайдалануу укугунан ажыратып турабыз. Муфтияттын өзүнөн, же казияттардан уруксат болсо гана уруксат берилет.

- Мындан тышкары мечиттерде видео көзөмөл орнотулат деген демилге көтөрүлгөн эле?
Диниятчыларга шайлоо ишине, үгүт ишине катышууга тыюу салабыз, бирок шайлоого катышуусун милдеттендиребиз. Себеби ар бир мусулман өзүнүн добушун бериши керек деген позицияны карманабыз.

- Ооба, учурда биздин борбордук мечитибизде жана муфтиятта бар. Андан тышкары, дагы башка чоң мечиттерге коюу боюнча биз айтып жатабыз. Алар мүмкүнчүлүгүнө жараша аракеттерди кылууда. Себеби атайын бир жардыруучу заттарды таштап кетүүлөрү мүмкүн. Балким бул шайлоого таптакыр байланышкан эмес, болгону шайлоонун шарапаты менен мусулман динине көө жабууга аракет кылган бир күчтөр бар болушунун ыктымалдуулугу бар.

Ошондуктан биз шектүү болуп, эгерде кимдир-бирөө ээсиз 5-10 мүнөт туруп калса, аны барып баамдап, эгерде шектүү бир нерсе табылса, анда дароо күч кызматтарына кайрылгыла деген буйрук бердик. Бул буйрук бардык түштүк облустарына, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бардык мечиттерине жарыяланды.

- Буга чейин Кыргызстанда диниятчылардын шайлоо өнөктүгүнө колдонуп келгендиги айтылып келет. Сизге же сиздин кызматкерлериңизге шайлоо өнөктүгүнө, кайсы бир үгүт иштерине катышууга чакыргандар болгон жокпу?

- Албетте чакыруулар түшүп турат, бул болуп келген. Жеке талапкерлердин эмес, буга кээ бир диниятчылардын жеке бир кызыкчылыктары же болбосо өздөрүнүн кээ бир талапкерлерге симпатиясы болгондугу үчүн аракет кылышы мүмкүн. Бирок биздин эч бир диний кызматкер өткөн шайлоодо да, бул шайлоодо да, насип кылса, ачык түрдө катышпайт деп ойлойбуз.

Бирок кимдир бирөө үгүт иштерине катышууну кааласа, анда арыз тапшырып, жумушунан бошогондон кийин гана катышууга толук укугу бар. Биз муну менен молдокелердин диний укугун тебелегибиз келген жок. Болгону булардын сөздөрү жамааттын арасында таасирдүү болгону үчүн адамдарга тигил же бул багытты туура эмес көрсөтүп койбосун дедик. Себеби молдонун пикири да туура эмес болуп калышы ыктымал деп ушундай кадамдарга барып отурабыз.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG