Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов кызматын мыйзамсыз ээлеп тургандыгын айтып чыкты.

Буга анын мусулмандардын курултайында толук кандуу бекитиле электигин негиз кармоодо. Андыктан Дин иштери боюнча комиссия анын ажылыкты уюштурууга моралдык укугу жок экендигин жана анда алешемдиктер орун алып жаткандыгын белгилеп жатат.

Мындай дооматтарды муфтий Чубак ажы Жалилов четке кагып, ажылык сапарды уюштуруу иштери мыйзам чегинде жүрүп жатканын жана өзүн мыйзамдуу муфтий деп эсептерин айтты.

Курултай беките элек муфтий

Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршенов муфтий Чубак ажы Жалилов кыргызстандык мусулмандардын курултайында муфтий катары бекитиле электигин белгилеп, "андыктан ажылыкты уюштурууга мыйзамдуу укугу барбы" деген маселени көтөрүүдө.

- Биз өкмөткө да айттык. Ажылык мыйзам чегинде өтүш үчүн адегенде аны уюштуруп жаткан адам өзү легитимдүү болуш керек.

Ормон Шаршенов ажы башчыларды тандоодо сынактан өтпөгөн талапкерлерге да ажы башчы деген уруксат кагазы берилип калганын, дунган улутундагы айрым адамдар да кыргыз тилин билбейт деген кине менен ажы башчы болуудан четтетилгенин кошумчалады.

- 51 ажы башчынын арасынан сынакка катышпаган ажы башчылар да өтүп кетти деген арыздар түшкөн. Кечээ да дунган улутундагылар “биздин арызыбызды кабыл албай койду, Кыргызстандын жарандары болсок да кыргыз тилин билбейт экенсиңер деп бизди бөлүп таштады” дегендерин окуп алып, “мындай болгону өтө өкүнүчтүү” деп отурабыз.

“Уламалар кеңешинин чечими мыйзамдуу”

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов жогорудагы дооматтардын негизсиз экендигин “Азаттыкка” билдирди. Ал сынакка жүйөлүү себеп менен катышпай калган бир гана ажы башчыдан кийин сынак алынганын айтууда.

- Мурдагы муфтий, легендарлуу парламенттин депутаты Садыкжан Камалов арыз тапшырып, бирок сынакка келе албай калган. Ал ооруп калганы боюнча аныктамасын көрсөткөнүнө байланыштуу бир гана ал адамдан кайра сынак алганбыз, калган адамдардын баары сынакка катышкандар. Ал эми экинчи маселеге келсек, ажылыктын шарттарын түшүндүрүп айта албай калат, ошондуктан ажы башчылар жок эле дегенде жөнөкөй кыргыз тилин билсин деген талап болгон. Эми Баш мыйзамда президенттерге деле кыргыз тилин билсин деп жатпайбы.

Быйыл ажылык сапарды башында муфтий Чубак ажы Жалилов турган “Ажылык жана умра борбору” уюштурууда. Анын көзөмөл кеңешинде депутаттар жана укук коргоочулар бар. Аталган борбор ажылык сапарды уюштурууга нааразы болгондор жылда көрүп келген пайдасынан ажырап калган адамдар экендигин айтышууда.

Ал эми муфтийлик кызматты мыйзамсыз ээлеп турат деген айыптоого карата Чубак ажы Жалилов буларды билдирди:

- Чындыгында муфтийди Уламалар кеңеши шайлап, курултай бекитет. Бирок курултайга чейинки эң чоң орган Уламалар кеңеши болуп саналат. Ошондуктан курултайга чейин анын чечими толук мыйзамдуу деп эсептелет.

Шайлоо алдындагы жүрүштөрбү?

Муфтий Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын курултайы кийинки жылдын жаз айларына белгиленип жатканын кошумчалады. Ал былтыр июнь айында Уламалар кеңешинин жыйынында атаандаштык негизде Кыргызстандын муфтийи болуп шайланган. Бирок муфтийди мусулмандардын жалпы курултайы да бекитиши талап кылынат.
Ажылык мыйзам чегинде өтүш үчүн адегенде аны уюштуруп жаткан адам өзү легитимдүү болуш керек.
Ормон Шаршенов

Чубак ажы Жалилов кызматын мыйзамсыз ээлеп турат деген маселе президенттик жарыштын алдында көтөрүлгөнүн шайлоо менен байланыштырып, аны алмаштыруу аракеттери болушу ыктымалдыгы белгиленүүдө. Андыктан муфтийлик кызматтын коомдук-саясий турмуштагы орду жана таасири боюнча “Азаттык” талдоочу Искендер Ормон уулуна кайрылды:

- Коомдук турмушка муфтий сөзсүз таасир этет. Анткени коомдун көпчүлүгү өзүн мусулман деп санагандыктан, Муфтияттын ар бир сөзүнүн белгилүү бир таасири болот. Эгер саясатка колдоном десе, сөзсүз болот.

Кыргызстан Мусулмандар диний башкарлыгынын уставында муфтийди Уламалар кеңеши шайлап, мусулмандардын жалпы курултайы бекитет. Бирок талдоочулар Кыргызстандын жыйырма жылдан берки тарыхында муфтийлер бийликтин түздөн-түз көрсөтмөсү жана макулдугу менен алмашып келатканын ырасташууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG