Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

БШК президенттикке талапкерлердин шайлоо фонддоруна түшүп, алардын үгүт иштерине чыгымдалып жаткан каражаттар туурасында маалыматтарды жарыялады.

Бирок айрым президенттикке талапкерлер алардын кээ бир атаандаштары мыйзамда көрсөтүлгөндөн эки-үч эсе көп көмүскө акча каражатын сарптап жатышканын айтып чыгышты.

Асманды чапчыган акчалар

БШКнын маалыматы боюнча, 1-октябрга карата президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо фондуна 24 миллион 400 миң сом түшүп, анын он алты миллиондон ашууну үгүт иштерине чыгымдалган.

Талапкер Адахан Мадумаровдун эсебине 19 миллион сомдон ашуун акча каражаты топтолуп, чыгымдалгандан калганы эки миллион 367 миң 677 сомду түздү.

Калган талапкерлердин шайлоо фонддору 80 миң сомдон тогуз жарым миллион сомго чейин жетип, каражаттарынын көбү үгүт иштерине сарпталган.

БШКнын маалымат саясаты бөлүмүнүн эксперти Эленора Сыдыкова талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоо иштери тыкыр иликтенип жатканын белгиледи:

- Талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын чыгымдалышын жана так эсепке алынышын, түшүп жаткан каржы булактарын көзөмөлдөө максатында БШКнын алдында атайын жумушчу тобу түзүлгөн. Аталган топ талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышы канчалык деңгээлде мыйзамдуу болуп жаткандыгын иликтеп, салыштырып жана көзөмөлдөөнү улантып жатат.

Сырттан чыккан “шыбырттар”

Бирок президенттикке талапкерлердин айрымдары алардын кээ бир атаандаштарынын шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышы боюнча БШКнын берген маалыматына ишенишпейт.

Кыргызстан коммунисттер партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Исхак Масалиев чет элдик демөөрчүлөр колдогон анын айрым атаандаштары расмий көрсөтүлгөн суммадан бир топ көп акча каражатын шайлоого сарптап жатышкандыгын билдирди:

- Расмий түрдө көрсөтүлгөндөн эң кеминде эки-үч эсе көп акча каражаты чыгымдалып жатканы жөнөкөй көзгө деле көрүнүп турбайбы. Себеби түшкөн каражаттын булактарын жана чыгымдарды алар документ боюнча көрсөтө алышпайт. Анын себеби түшүнүктүү эле. Бир топ чоң каражат негизги делген талапкерлерге чет өлкөдөн келип жатпайбы. Алардын биздин өлкөдө кызыкчылыгы бар. Ошондуктан өздөрүнө ыңгайлуу талапкерлерди каржылап жатышат. Ошондуктан "айрым бир талапкерлер Москвага, Батышка же Астанага барыптыр" дешсе эле бери жактагылар “оо” деп калып жатышканы ошондон.

Мыйзамга ылайык, шайлоо фондуна юридикалык жактар беш жүз миң сомго, жеке адамдар беш миңге жана талапкердин жеке өзү бир жарым миллион сомго чейин гана каражат которууга акылуу. Ар бир талапкердин шайлоо фонду жалпысынан элүү миллион сомдон ашпоого тийиш. БШК кайсы талапкерлердин шайлоо фонддоруна кимдер ири каржылык салымын кошкондугун ачыктаган жок.

Президенттикке талапкерлердин дагы бири Марат Иманкулов анын айрым атаандаштарынын каржы булактары шек жаратарын кыйытты:

- Мен өзүмдүн жеке каражатым жана менин санаалаштарымдын которуп берген каражаты менен гана жүрөбүз. Ошол эле шаарлар менен айылдардын түпкүрүнө чейин миңдеген сандагы көрнөк-жарнактарын илүүгө жетишкен бирин-экин талапкерлер болуп жатат. Ошол көрнөктөрдүн ар биринин эле наркы жүз, эки жүз миң сомго барабар болуп жатканда алар ошончо акчаны каяктан алып жатат деген суроо пайда болот экен. Мына ошонун бардыгын БШК карап, текшериш керек болчу да.

Көмүскө акчанын көздөгөн максаты

Коомчулукта талапкерлердин кайсы бирлерине чет өлкөдөн каржылык колдоо болуп жаткандыгы туурасында сөздөр орун алганы менен бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.
Расмий түрдө көрсөтүлгөндөн эң кеминде эки-үч эсе көп акча каражаты чыгымдалып жатканы жөнөкөй көзгө деле көрүнүп турбайбы.

Бирок шайлоо өнөктүгүнө оңой эмес каражат сарпталып жаткандыгынан шекшиген айрым эксперттер атайын кызматтар бул багытта иш алып бара албай жаткандыгын сынга алышты.

Коопсуздук органдарынын полковниги Талант Раззаков шайлоонун жыйынтыгына көмүскө жол менен сырттан келген каражаттардын тийгизүүчү кесепеттерине токтолду:

- Шайлоо комиссиясы, талапкерлердин өздөрү дагы ушунча көп чыгымды каржылаган акча каражаты кайдан келип жаткандыгын текшериш керек. Эгерде мунун бети ачылбай кала берсе, анда ал көмүскө акча каражаттары айрым бир напсиси бузук шайлоочуларды, шайлоо комиссияларын жана чечүүчү кызматта отурушкан айрым бир аткаминерлерди сатып алууга жумшалышы мүмкүн. Ушул багытта атайын кызмат, каржылык чалгындоо кызматтары жеген нанын актап, жакшы бир иш жүргүзүшсө болмок.

Ошол эле учурда каржылык чалгындоо кызматы ушул күнгө карата банкатар аркылуу сырттан шектүү акча которуулар боюнча фактылар каттала электигин билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG