Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Кыргызстанда президенттик жарыш талапкерлердин жигиттик шерт алышуусу менен башталды.

Бишкекте 26-сентябрда онго жакын талапкер Абийир кодексине кол коюшту. Бул укуктук жактан күчү жок, бирок саясый-моралдык гана күчкө ээ документте шайлоо маалында бири-бирин каралоодон алыс болуу жана жеңүүчүнү таануу сыяктуу жоболор камтылган.


Жеңгенди да, жеңилгенди да билиш керек


Бирок бул жөрөлгөгө негизги оюнчу аталган талапкерлер келген жок.

Абийир кодексине 8 талапкер: Марат Иманкулов, Марат Султанов, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Исабеков, Алмамбет Матубраимов, Роман Оморов, Сооронбай Дыйканов жана Темирбек Асанбеков кол койду.

Дагы эки талапкер Курманбек Осмонов менен Шамшыбек Медетбеков кол коюдан баш тартты.
Жигит деген жеңе да, жеңиле да билиш керек. Жеңсек, жеңдик, жеңилсек, эми бул да болсо элдин амири, эрки экен деп кол коюп жатканы абдан туура жөрөлгө... Ишенбай Абдуразаков


Осмонов шайлоонун таза, ачык, чыр-чатаксыз өтүшү талапкерлерден эле көз каранды эместигин, ошондуктан бийлик өкүлдөрү да кол коюшу керек деп эсептейт:

- Шайлоо процессинин бардык субъектmери катышышы керек. Мамлекеттик органдар, Борбордук шайлоо комиссиясы. Талапкерлер эле шайлоо жараянынын субъектиси эмес. Булар “Биз талапкерлер аны кылбайбыз, муну кылбайбыз, жакшы жүрөбүз, антебиз-минтебиз” деген милдеттерди талапкерлерге таңуулап жатат. Шайлоону мамлекеттик органдар камсыз кылат да. Ошол мамлекеттик органдар шайлоону уюштуруп өткөрүүдө негизги субъекттер болуп эсептелет. Ошон үчүн мындай таңууланган нерсеге биз кол койбойбуз.


Негизги оюнчу саналгандар эмнеге шерттешпеди?


Жигиттик шерт алышуу жөрөлгөсүнө негизги оюнчулардан саналган Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров өңдүү талапкерлер келген жок.

Ташиев Жалал-Абаддын Чаткал районунда эл менен жолугушуп жүргөндүктөн катыша албай калганын “Азаттыкка” маалымдады. Мадумаров да бул тушта Ысык-Көлдү кыдырып жүрүптүр.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаев жигиттик шерт алышуу жөрөлгөсүнө аны уюштуруп жаткандардын айынан катышпай калганын “Азаттыкка” билдирди:

- Бүгүнкү күнгө чейин Алмаз Шаршеновичтин колуна бул кол коё турган материал жеткен эмес. Муну уюштургандар, демилге көтөрүп чыккандар бербей келишкен. Бүгүн Атамбаевдин атайын өкүлү иш-чара болгон жерге барып ал кагаздарды алып келди. Аны юристтер карап чыгып өздөрүнүн бүтүмүн беришти. Анча-мынча тилдик, юридикалык-укуктук жаңылыштыктар бар экен. Ошолордун баарын түзөткөндөн кийин албетте кол коюуга болот.

Абийир кодексине кол койгон талапкерлер шайлоо маалында жана андан кийин жол тосуп, элди козуткан башаламандыктарды уюштурбоо, атаандаштарын каралабоо, добуштарды сатып албоо, шайлоонун жыйынтыгын таануу тууралуу милдеттеме алышты. Бирок анда жигиттик шерттен кайткандарга каршы чара көрүү жобосу жок.


Саясий маданияттын жаңы быскычыбы?


Президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев бул документ талапкерлердин коом алдындагы жоопкерчикти аңдап-билүүсү үчүн өтө маанилүү деп эсептейт:

- Шайлоодо жеке кызыкчылык, жеке амбицияны көздөбөй, жалпы мамлекеттик кызыкчылыкты көздөшү керек. “Шайлоодон оюн чыгарабыз, чатак чыгарып анын арты менен саясий оюндарга, саясий процесстерге жол ачабыз” деген жаман ой болбошу керек. Шайлоонун таза, демократия нормасынын чегинде өтүшү маанилүү. Биринчи жолу президенттик бийлик тынч, мыйзам чегинде, иштеп аткан президенттин өткөрүп бериши биздин мамлекет үчүн өтө чоң нерсе.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков да Абийир кодексин жакшы жөрөлгө, саясий маданияттын өсүп жетилгендиги деген пикирин айтты:

- Жигит деген жеңе да, жеңиле да билиш керек. Жеңсек, жеңдик, жеңилсек, эми бул да болсо элдин амири, эрки экен деп кол коюп жатканы абдан туура жөрөлгө. Келбей койгондор “мен кол койбойм, сөзсүз чатак чыгарам” деген сөз эмес болбосо керек. Ошондуктан күтө туралы. Калгандары да колдоп кетсе биз үчүн, коомчулук үчүн алга жылыш болот, аны биз саясий маданияттын көтөрүлүп калганы деп түшүнүшүбүз керек. Эми көрөбүз да. Убаданы берерин берет, бирок бизде тилекке каршы, кээде берген убадасын танып кеткен учурлар да болуп жатпайбы.

Кыргызстандын эгемен тарыхында жигиттик шерт алышкан, шайлоо алдында чыр-чатак чыгарбоого, жеңишти таанууга чакырган меморандумдарга кол коюлуп эле жүрчү. Бирок буга чейин парламенттик болобу, президенттик болобу, бири-бирин каралаган басылмалар чыгып, шайлоо артынан тынымсыз митингдер, жол тосуулар боло келген. Бул жолку талапкерлер жигиттик шерттин өтөөсүнө чыгышаар бекен?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG