Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Тирешүүсүз шайлоо болбойт


Добуштарды эсептөө. Ош, 30-октябрь.
Добуштарды эсептөө. Ош, 30-октябрь.

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары маалым болду. Ага ылайык Алмазбек Атамбаев жеңишке жетишти. Бирок анын башкы атаандаштары шайлоо жыйынтыгын тааныбастыгын жарыялап чыгышты.

Президенттик шайлоо жана анын жыйынтыктары “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов, Адахан Мадумаровдун пикирлештеринин бири Артур Медетбеков жана Оштон саясат таануучу Эркин Абдыразаков катышты.

“Азаттык”: Президенттик шайлоо өттү. Мурдагы шайлоолордо да оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, өлкөдө тирешүү кала берчү. Азыр да ошондой көрүнүш кайталангандай болуп жатпайбы, Өмүрбек мырза?


Өмүрбек Абдырахманов: Мурунку шайлоолор менен азыркы шайлоо түп тамырынан бери башкача. Себеби мурун шайлоо кандай өтпөсүн Ак үйдүн ичинде, администрация башчысынын кабинетинде бирөөнү көбөйтүп, бирөөнү чийип ташташчу. “Ата Мекенди” ошондой кылып чийип ташташкан. Азыр андай монополдук күч жок. Биз акыр аягына чейин ким президент болоорун билген жокпуз. Албетте үйрөнгөн адат калабы дегендей жер-жерлерде бир топ кемчиликтер болду. Бирок бир күчтүн монополиялык бийлиги жүргөн жок деп мен кескин айта алам.

“Азаттык”: Президент Роза Отунбаева эми бакиевчилерге жеңишти бербейбиз деп... шайлоонун жыйынтыгын алдын-ала айтып койду. Ошол эле президентке жакын журналисттердин бири президенттин аппараты шайлоонун алдында толугу менен шайлоо фронтуна жиберилип, жеңиш камсыз кылынганын атады. Бул административдик ресурсту ачыктан-ачык эле жогорку деңгээлде колдонууну моюнга алуу эмеспи?
2007-жылы мен коопсуздук кызматында иштеп жүргөм, чындыгында ошондо “Ата Мекен” уткан 50 пайыздан ашык алып. Бирок тилекке каршы бурмалап, чийип таштап өткөрбөй койду.
Артур Медетбеков

Өмүрбек Абдырахманов: Административдик ресурсту колдонууга аракет болсо болгондур. Бирок мурункудай бүт баары тура калып бир киши үчүн чуркаган жок. Мен шайлоонун учурунда Ош, Жалал-Абадда болуп келдим, ошол жерде иштеген акимдер, башкалар менен жолукканда алар биз каалаган кишини шайлайбыз деп өздөрүнүн жердештерине жан тартып турганы ачык эле көрүнүп турду.

“Азаттык”: Артур мырза, шайлоо өтүп келген, артында ушундай жаңжалдар дайыма калып атат, тааныбайт, ортодо коомдо чыңалуу кала берет, анан негативдүү процесстер акыры өнүгүп отуруп, жаман жагдайга келип калып атабыз. Ошондой сезим калбадыбы сизде?

Артур Медетбеков: 2007-жылы мен коопсуздук кызматында иштеп жүргөм, чындыгында ошондо “Ата Мекен” уткан 50 пайыздан ашык алып. Бирок тилекке каршы бурмалап, буларды чийип таштап өткөрбөй койду. “Ата Мекендин” башчыларынын көбү Америкага качууга аргасыз болгон. Ошол шайлоонун негизинде 2010-жылы акция болуп, Бакиевдер качып кетти. Азыркы күндө карап көрө турган болсок, шайлоодо ар кандай мыйзам бузуулар болду.

Биздин билишибиз боюнча, шайлоодо тизме боюнча көп чатак чыгып атат. Мисалы 10-20 жыл бир жерде жашаган адамдардын тизмеси да жок болуп чыкты. Ошондон абдан көп кишилер нааразылыгын билдиришти. 18-октябрда бир миллиондон ашык бюллетендер транш менен ар кайсы шайлоо участокторуна жиберилген. Депутат Жылдыз Жолдошева билдирип кетти, бул шайлоого 409 млн. сом кетти деп. Бул башка шайлоолорго караганда бир нече эсе көп. Экинчиден, үкөктөрдү жаңы жасоо, бюллетендердин кээ биринде кол коюлуп, кээ бирлерине кол коюлбаганы түрткү болду.

“Азаттык”: Ушул шайлоонун легитимдүүлүгү сизге маселе туудурабы, же жокпу?

Артур Медетбеков: Азыркы болгон шайлоонун легитимдүүлүгү абдан чоң маселени туудурат жеке эле мага эмес, Кыргызстандын көпчүлүк шайлоочуларына.
Мурунку шайлоолор менен азыркы шайлоо түп тамырынан бери башкача. Себеби мурун шайлоо кандай өтпөсүн Ак үйдүн ичинде, администрация башчысынын кабинетинде бирөөнү көбөйтүп, бирөөнү чийип ташташчу. “Ата Мекенди” ошондой кылып чийип ташташкан. Азыр андай монополдук күч жок...
Өмүрбек Абдырахманов

“Азаттык”: Эркин мырза, Ош шаарында шайлоо кандай өттү. Эл шайлоонун мыйзамдуулугун күмөнгө салган жокпу?

Эркин Абдыразаков: Республиканын жалпы деңгээлин алып келгенде түштүк аймагында, Ош шаарында көптөгөн шайлоочулар өз укугун пайдалана албай калганы ачык эле болуп турат. Маселен, мен Ак-Тилек кичи районунда 20 жылдан бери жашайм. Келинибиздин фамилиясы тизмеде жок, уулум эки жылдан бери Бишкекте иштейт, ал тизмеде турат. Мен 10-15 күн мурун эле барып эскертип айткам. Алар “БШК ушундай кылды, бизде күнөө эмес” деп ийин куушуруп туруп атышат. Ар бир участоктон 30-40тан кем эмес киши өзүнүн тизмесин таппай калып, үмүтү үзүлгөн боюнча бул бийлик деле баягы турбайбы, административдик ресурс колдонуп атат деп түкүрүнгөн боюнча кетип калып атышты.

Шайлоо күнү шаарда транспорт маселеси абдан оор болду. Алар буйрутма менен белгисиз ар кандай кишилерди ташып, алып келип жүргөнү байкалып турду. Азыркы чиновниктердин жанында беш-ондон жансакчылары менен күтүп турганы билинип турду, көзөмөлдөп атканы ачык көрүнүп турду. Ресурс колдонбодук деп айтканы туура эмес.

“Азаттык”: Саноо, жыйынтыктарды чыгаруу учурунда бурмалоолорду байкадыңызбы?

Эркин Абдыразаков: Эсеп чыгарып атканда андай болгон жок. Байкоочуларды окутканбыз. Бюллетендерди бир күн калганда кечинде салып келди, Ош шаарынан 9 миң бюллетен кечирээк келип калды, ушул жерден шек болуп атат.

“Азаттык”: Ушундай шартта шайлоо демократиялык мүнөздө болду деп кантип айта алабыз?

Өмүрбек Абдырахманов: Мен административдик ресурс колдонулган жок деп айткан жокмун. Бирок мурдагыдай кабинетте отуруп алып, баарын өздөрү жазып койгон жок, монополдук күч болгон жок дедим. Санап атканда жыйынтыгын чыгарганда көз боёмочулук болгон жок. Бул шайлоодо административдик ресурс колдонгонго аракет болду. Бирок канчалык деңгээлде азыр эл акимден, айыл өкмөтүнөн коркуп кетет?..

“Азаттык”: Коркпогондорду тизмеге киргизбей койдубу?

Өмүрбек Абдырахманов: Бул жер-жерлердеги участкалык комиссиянын шалаакылыгынан болгон нерсе.

Эркин Абдыразаков: Айыл өкмөттөрдөн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинен тизмени түзүүнү алып коюп, участкалык шайлоо комиссияларына берди. Алардын айлыгы жок, эптеп көндүрүп атса, ошолор сапаттуу аткарып береби? Башка жактарга айлыктарды сарптагандан көрө, ушул участкалык комиссиялардын айлыгын көтөрүп, материалдык кызыкчылыгын чечкен болсо тизме түзгөнгө жоопкерчилик менен мамиле кылат болчу.

Атайын өкүл деген ачып койду, алардын айлыгы 18-20 миң экен, алар аймактык участкалык комиссия менен жергиликтүү бийликтин ортосунда интрига кылып, бири-бири менен атаандашып жүргөн мезгили. Ошонун айлыгын участкалык комиссиянын мүчөлөрүнө берсе болмок. Бул БШКнын шалаакылыгы. Ошон үчүн бийликке ишенбөөчүлүк пайда болуп атат.

“Азаттык”: Артур мырза, силердин талапкер дагы тизмеге сын айтты, бир эле райондо 4 миңге жакын адам шайлоого катыша албай калды деп?


Артур Медетбеков: Биринчиден, көп шайлоочулардын тизмеге кирбей калганы жеке эле участкалык комиссиядан эмес, кандайдыр бир деңгээлде административдик ресурстун пайдаланганынын себеби болду. Көрүп атабыз биринчи жолу Чүй облусунан, Бишкектен абдан чоң шайлоочулар келип атат, Чүй облусунда саат 3кө чейин 400 миңдин ичинен 200 миңге жакын адам келди, анан үч саттын ичинде 300-400 миңге жакын болуп кетти. Көп кишилердин баары тизмеге кирбей калса дагы, шайлоочулардын саны көп болуп атпайбы. Бул бюллетендер алдын ала даяр болуп ташталган. Кайра текшерүү болуш керек. Ошондо көп нерселер чыгат.

“Азаттык”: Баткен облусунда саат 3тө 30 пайыз болгон, саат 7де да 30 пайыз бойдон калган.

Артур Медетбеков: Талапкерлердин ичинен баары эле алдын ала айтып атышкан Мадумаров, Атамбаев, Ташиев үчөө алдыда болот деп. Бирок тилекке каршы ошол эле Суваналиев, Асанбеков, Байболовдордун шайлоочулары да бар да. Аларга 3-5ке чейин 2-3-10дон кошулуп атып баш-аягы 15 миңге жетти. Былтыркы шайлоо менен карай турсак Асанбеков 50 миңден ашык алган, азыр 15 миңге жетпей атат.
Кыргызстан кризистен кандай чыгат деп бир ойго келсе өнүгүп, өсүп кете алабыз. Жок деп бири-бирине өчөшсө иш чатак болот.
Артур Медетбеков


“Азаттык”: Орусияда миллионго чейин жаран бар дейбиз. Алар жиберип турган 1.5 млрд. доллар менен өлкөнүн улуттук валютасы кармалып турганын айтабыз. Бирок алардын добуш берүүсүн бийлик уюштурган жок. Муну менен аларды укугунан ажыраткан жокпузбу?

Өмүрбек Абдырахманов: Кээ бир мамлекеттерде, маселен Түркияда өлкөнүн ичиндеги гана жарандары добуш беришет. Биз андайга барган жокпуз. Өткөн шайлоолордо жасалма шайлоолор тыштан көбүрөөк болгон. Ошон үчүн элчилик, консулдук бар жерлерде гана адамдардын көзөмөлүндө болсун деген чечим чыккан. Мүмкүн кийинки шайлоолордо шаарларды көбөйтүш керек.

“Азаттык”: Эркин мырза, ушул туура болдубу, биз ушуну менен бурмалоолордун алдын алгандырбыз?

Эркин Абдыразаков: Бир чети биздин шайлоочуларды көндүрүшүбүз керек болуп атат. Айрымдары жоопкерсиз болуп атайын барбай коёт. Ушунчалык кыйналып Орусия, Казакстанга барып иштеп аткандан кийин миграция карточкасын алат дагы, Орусиянын чек арасынан өткөндөн кийин каттоого туруп атышат, ишке уруксат дегени да бар. Атуулдарыбыздын акчасы жакшы, ал эми добушу жаман болуп калабы. Антпестен келечекте мигранттардын турган жеринде диаспоранын жетекчилиги менен ушул маселени чечиш керек.

Артур Медетбеков: Бул жерде биздин жарандардын конституциялык укугу бузулуп атат. Себеби былтыр парламенттик шайлоодо Орусияда 18 участок болсо быйыл 3 эле участок кылып койду. Болгону 2 миңден ашык эле шайлоочулар катышып калды. Үй-бүлөсүн багыш үчүн акчаларын жиберсе жарандык укуктары пайда болот дагы, ал эми шайлоого келгенде жарандык укугунун кереги жок болгону бул бузулуш.

Өмүрбек Абдырахманов: Буга башкача көз караш менен карашыбыз керек. Алар акчаны Кыргызстандын бюджетине бербейт, алар өздөрүнүн туугандарына берет. Түркияда 6 млн. түрк Европада иштейт. Аларды шайлоого катыштырбай койгон, ичинде турган адамдар гана катышсын деп. Эмки шайлоодо мүмкүн көбөйтүшүбүз керек.

Артур Медетбеков: Биз Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгын ойлошубуз керек.

“Азаттык”: Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары шайлоочулардын тизмесин сынга алды. Андан сырткары шайлоо күнү жана добуштарды саноо, жыйынтыктарды чыгарууда олуттуу кемчиликтер орун алганын билдирди.

Байкоочуларга саноону байкоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Үкөктөргө массалык бюллетен ыргытуулар катталды деп 3-4 жерден фактыларды келтирип жатышат. Үгүт кампаниясы эркин жүргүзүлдү дегендей да оң баалаган жери да бар. Ушул нерсе бизди Европа менен байланышыбызга кандай таасир этет. Бүгүн болсо шайлоодо жеңди деген Алмазбек Атамбаев транзиттик борбордун таасири терс болуп атат деп айтып жатат?

Өмүрбек Абдырахманов: Европанын байкоочулары шайлоону негизинен туура баалашты. Бирок бир топ техникалык каталар кетти дегендей болду. Алар ар дайым ачык, чындыгын айтып келген. Мурдагы Бакиев, Акаев учурунда европалыктар шайлоо жасалма болуп атат деп айтып келишкен. Ал эми КМШныкы туура болуп атат деген. Азыр туура деп айтып атышат. Анткени өз көзү менен көрүштү. Негизинен туура деп атабыз.

Бирок техникалык көп мүчүлүштөр болду. Ал эми Атамбаев транзиттик борборду кетирем деп Орусияга убада берген. Орусияга шайлоонун астында жүгүрүп барып, мен чыгарып берем деген убадасы болсо керек, ошон үчүн айтып атат. Транзиттик борбор Кыргызстанга тоскоол болгон жок. Жылына 60 миллиондон түз акча түшөт экен, андан тышкары күйүүчү май жана башкалардан 100 млн. доллар акча түшөт экен. Менин оюмча, Американын дагы, Орусиянын дагы базасы бизде туруп турса, коопсуздук маселеси жакшы чечилмек.

Артур Медетбеков: Азыр Кыргызстанда транзиттик базанын турганы террордук, экстремисттик, диний күрөшкө абдан катуу сокку берет. Ошон үчүн биздин өкмөт башчылары, Жогорку Кеңеш туура түшүнүш керек, бул материалдык эмес, саясий, чек арабыздын сакталышына жакшы.

“Азаттык”: Жеңди деп жарыяланып жаткан Алмазбек Атамбаев Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевди жогору баалап, аларды сүйлөшүүгө чакырып жатат, бул мүмкүнбү? Коомчулукту чочулатып, дагы баягыдай тирешүү кайра келбейби деген нерсени жоюш үчүн эмне кылыш керек?
Бийликтин бийик серелеринде мурунтан, 20 жылдан бери айланып жүргөн 200-300 киши бар, ошолордон кутула албай аткан эл, жаңы жаштардын бирине берип, жаңы муун келсе деп ойлоду эле...
Эркин Абдыразаков

Өмүрбек Абдырахманов: Мамлекет башындагы адам ал адамдар менен сүйлөшүш керек, бир консенсуска келиш керек. Ал эми базардагыдай соода болуп, сен унчукпай кал, сага кызмат берем десе туура эмес болуп калат. Алар Кыргызстанга белгилүү, өз жумушун өзү таап алган адамдар. Мисалы Адаханды кедей, эч нерсеси жок адам экен десек, Кыргызстанда эң бай адамдардын бири экенин көрсөттү, шайлоодо канча акча чачканы баарына көрүнүп турат.

“Азаттык”: Ушундай сүйлөшүүлөр болсо, коомдо чыңалуу жоголсун деген мааниде Ташиев, Мадумаровдун шайлоочулары туура түшүнөбү?


Эркин Абдыразаков: Мурунтан 20 жылдан бери айланып жүргөн 200-300 киши бар, ошолордон кутула албай аткан эл, жаңы жаштардын бирине берип, жаңы муун келсе деп ойлоду эле. Андай болгон жок. Бул үчөө тең белгилүү инсандар, булар эч кимдин жардамына муктаж эмес. Булар мурунку парламенттик бийликтин башында турган кишилер.

Ошондуктан административдик ресурсту булар тең эле колдоно алышты десек болот. Жергиликтүү бийликтен баштап Бишкектеги министрлик, ведомстволордун баарын бөлүп алышкан булар. Анан Атамбаев баарын жасады деп күнөөлөгөнгө укугу жок. Баары бирге өкмөттү түзгөн, ошондуктан жоопкерчиликти баары бирге тартыш керек. Булар кызматка, акчага таңкыс эмес, элге чындыгын айтып, орто жолдон кетирилген кемчиликтерди жигитче моюндарына алып, республикада элдин тынчтыгын камсыз кылып берсе болду.

“Азаттык”: Маалымат үчүн айтып коюш керек, Мадумаров өкмөттү түзгөнгө катышкан эмес, анын эч кандай тиешеси жок. Артур мырза, силердин команда ушундай сүйлөшүүгө даярбы?

Артур Медетбеков: Адахан мырза кедей эле, шайлоого ушунча акчаны кайдан тапты деп Өмүрбек мырза айтып атат. Биринчиден, жүз сомуң болгончо жүз досуң болсун дейт. Чогулушуп ар кайсы партия, адамдар шайлоого үлүштөрүн кошкон. Экинчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн Атамбаев, же бийликтеги адамдар чогулуп, шайлоонун жыйнытыгы боюнча чоң форум өткөрүш керек. Ошондо кандай кемчилик болду жана Кыргызстан кризистен кандай чыгат деп бир ойго келсе өнүгүп, өсүп кете алабыз. Жок деп бири-бирине өчөшсө иш чатак болот.

"Азаттык": Рахмат сиздерге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG