Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин 1987-жылкы техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык курса, экономикалык жактан чоң утуш алат. Мындай пикирин белгилүү сейсмолог Бекташ Ильясов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Адистин айтымына караганда, Камбар-Атанын сейсмикалык пайдубалы Токтогул ГЭСи менен Бишкек шаары жайгашкан аймактардан да бекем Окумуштуу-адис Бекташ Ильясов Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Кыргызстан-Орусия долбоорунун айланасында “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Камбар-Ата ГЭСин, Жогорку Нарын каскадын куруу долбоору боюнча азыр талкуулар жүрүп жатат. Бул долбоорго сиз кандай баа берип жатасыз? Кыргызстан үчүн канчалык жөндүү болуп атат?

Бекташ Ильясов: Мындай чоң долбоор Кыргызстандын 20 жылдык өмүрүндө болгон эмес. Бул инвестицияга өтө так, аяр мамиле керек. Анын үстүнө ратификация (эки тараптуу макулдашуулар Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат - ред.) маалында ирээнжитип алышыбыз да мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги депутаттар айткан сөздөрүнө кичине сагыраак болсо деп кесипкөй катары айтат элем. Мен келишимди колума алып окуган жокмун. Бирок “Кумтөр” менен Нарын дайрасына курула турган ГЭСтер эки башка да. Нарын дайрасы кечээ депутаттар айткандай кылым бою ага берет. Келишим боюнча теңме-тең ээлик кылат экен. Анан келишимди эскертмеси менен кабыл алуу канчалык эл аралык келишимдин шартына туура келет билбейм, бирок, менин оюмда ратификация кылып алып, анан иш үстүнө келгенде оңдоп жүрүп отурсак жакшы болоор эле. Камбар-Ата-1ди Кыргызстан эч убакта кура албайт. Ал эми өөдө жакта курулуп аткан төрт ГЭС майда ГЭСтердин эле катарына кирет.

“Азаттык”: Макулдашууларга кол коюлду. Бирок ратификациялоодо айтылып жаткан сындардын бир өңүтүндө макулдашуунун өзү Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогудай макулдашуу болдубу же жокпу деген суроого жооп изделип жаткандай. Сиз документ менен таанышкан жокмун деп атасыз, бирок маалыматтарды алып атсаңыз керек. Ушул эки тараптуу документ Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деп өзүңүз ишенесизби?

Бекташ Ильясов: Толук ишенем. Анткени мындай чоң инвестиция Кыргызстанга оңой менен келбейт. Анын үстүнө Орусия бизге бөлөк-бөтөн эл эмес, тырмактайыбыздан бирге өстүк дегендей. Ошончолук чоң, 2 миллиардга жакын акча киргизип аткандан кийин анын да кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү болушу керек. Бардык инвесторлор өз кызыкчылыгын жогору карайт. Ошол эле кезде Кыргызстандын кызыкчылыгы туура эле сакталган. Жанагы 75 пайыз акцияны айтып атышат. Курулуп, чыгымы акталып бүткөндөн кийин Орусия өткөрүп бериши керек.

“Азаттык”: Сиз өткөрүп берет деп ишенесизби? Мисалы, Кумтөр чатагы эмгиче созулуп келатат. Бул маселени Өмүрбек Текебаев көтөрүп жатат кезинде биргелешкен ишкана түзүлгөнү менен канадалыктар өз кызыкчылыктарына ойлоп кетишти деп. Ошондуктан бул ирет Кыргызстан тарап ушундай болбош үчүн кепилдиктерди алдыбы деген суроо пайда болуп атпайбы?

Бекташ Ильясов: Кепилдикти эки мамлекет тең алышы керек. Биз келген инвесторлорго шарт түзүп беришибиз керек деп атабыз. Балким бышпаган жерлери бардыр, бирок, Кумтөр боюнча түзүлгөн келишим менен бул келишимдин айырмасы асман менен жердей. Көп нерселер изилденип, такталып, анан кол коюлуп атат.

Жыйырма жыл ушунча такшалгандан кийин биз кызыкчылыгыбызды жедирип жиберген шарттан өттүк. Эми Текебаевдин майда ГЭСтерге берилип кетет дегени жүйөөлүү. Бирок ал деле 8 пайыз эле акция, калганы мамлекеттики болуп атпайбы.

“Азаттык”: Ратификация болду дейли. Экологиялык коопсуздук, дегеле коопсуздук курулуштун өтө маанилүү бөлүгү да. Сиз көптөгөн жылдар бою ГЭСтер боюнча иштеген тажрыйбалуу адисмин деп атасыз, коопсуздук сакталабы?

Бекташ Ильясов: Камбар-Ата Токтогулга салыштырмалуу бир тепкичке оң. Салыштырайын: Токтогул ГЭСи боюнча тыянагын алып келгенде Борбордук Комитет 10 балл деп берген болчу. 10 балл деген СИНИПте (ар бир баллга канча курулуш материалдары кетерин, кантип куруларын аныктоочу орган) болгон эмес. Анан 9 баллга түшүргөн.

Камбар-Атаны жаратылыш босого кылып койгон. Жанагыдай эл көчүрүү, жардыруу, кымкуут түшүү деген жок. Босогосуна эле жакшылап куруу керек. 8 баллдык зона. Талас, Фергана өрөөнүндөгү эң ыңгайлуу жер. Кудай таала ушуну берген.

Кантип аныктаганбыз? Ага 1979-жылдан 1986-жылга чейин Колумбия университетинин окумуштуулары, дүйнөгө атагы чыккан белгилүү геолог-сейсмологдор катышкан, Орусия академиясынан, Кыргызстан академиясынан жалгыз мен катышкам. Ошол тыянак менин колумда турат, ошо бойдон берилбей калды.

Камбар-Атанын экологиясын эл аралык экспертизадан өткөргөнбүз. Биринчи, коопсуздугу, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, экинчиден, сейсмологиялык коркунучу, үчүнчүдөн, көчкү-мөңгү болбойбу деген өндүү 18 вариантты изилдеп чыкканбыз.

1987-жылы СССРдин Илимдер Академиясынын жер физикасы институтунда бул иликтөө корголгон. Ошол кезде атагы чыккан академиктер, корреспондент-мүчөлөр, Колумбия университетинин профессору Дэвид Симсон, Альварос, Милл деген окумуштуулар катышкан. Ошондо бардыгыбыз бир добуштан 8 баллдык зона деп кол койгонбуз. Бишкек шаары 9 баллдык аймакта жайгашкан. Демек экологиялык, экономикалык жактан дагы бир тепкич жогору турат. Камбар-Ата Токтогул ГЭСинен эки-үч эсе жогору турат. Ошондо негизи техникалык-экономикалык негиздемени бүткөнбүз.

“Азаттык”: Камбар-Ата ГЭСи крулушка даяр деп айтып атканыңыздын жөнү ушул болуп жатабы?

Бекташ Ильясов: Ушул. Эл аралык экспертизага туруштук берген отчет менин колумда турат. Ошол кезде Орто Азиядагы республикалардан Өзбекстан абдан кызыккан. Ташкентте Орто Азия борбордук гидродолбоор деген бар болчу.

“Азаттык”: Ташкенттин бир аз таарынып жатышынын жүйөсү да ушундан го дейм?

Бекташ Ильясов: Мүмкүн. Ошолор менен да кеңешип коюш керек болчу. Нарын дайрасы биздин эле эмес, ошол казак элинин, өзбек элинин, кыргыз элинин бактысы. Эгер Камбар-Ата-1 ишке кирсе, ушунчалык ыңгайлуу шарт болот. Кышкысын сактайбыз да, жайкысын канча сураса беребиз. Камбар-Ата бүтсө Токтогул толук көзөмөлгө алынып калат.

“Азаттык”: Ушул макулдашуу иштелип жаткан кезде, азыр деле ТЭН даярдалып жаткан кезде сизден кеңеш сурагандар болдубу?

Бекташ Ильясов: Тилекке каршы азыр окумуштуулардын ой-пикирин оңой менен укпай калган. Энергетика министрлигине ошол отчетту берип көрсөм жыйырма күн жатты. Алып туруп Экономика министрлигине алып бердим. Алар кат жазып келиңиз дейт.

“Азаттык”: Азыр эми жаңыча ТЭН өткөрүү кандай өзгөрүүлөрдү көрсөтүшү мүмкүн?

Бекташ Ильясов: Эми геологиялык, сейсмикалык процесстен алып караганда өткөн жыйырма жыл миллондон жылт эткен эле бир үлүштү берет. Мендеги документ бир кылым өзүнүн маанисин жоготпойт.

“Азаттык”: Сиздин сунушуңуз кандай?

Бекташ Ильясов: Мен азыр билбейм азыр кандай кылып атышат. Эгер 8 баллдык аймак деп таанылса экономикалык жактан да, убакыттан да утуш болмок. Анда 3-4 жылда курулуп бүтөт, эгер 9 балл деп эсептеп алышса жок эле дегенде 7-8 жылга барат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG