Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Электр кымбаттады, элет кантет?


Кыргызстанда электр энергиянын 90 пайызы ГЭСтерден, ал эми 10 пайызы гана жылуулук борборунан өндүрүлөт.

Кыргызстанда электр энергиянын 90 пайызы ГЭСтерден, ал эми 10 пайызы гана жылуулук борборунан өндүрүлөт.

Өкмөт электр энергиянын баасын жарыялады. Ага ылайык, өлкөдө 1 кВт. саат электр энергиясы кардарга жеткендеги өздүк баасы 1 сом 62 тыйын деп эсептелди.

Өкмөт алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик жарыялаган маалыматта электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдар эсептелген. Ага ылайык, электр энергияны өндүрүү баасы 70 тыйын болсо, аны ташуу 19 тыйын, бөлүштүрүү 44 тыйын деп көрсөтүлгөн. Буга 26 тыйындык техникалык жоготуулар жана 11 тыйындык кошумча нарк салыгы кошулат. Натыйжада, 1 кВт. сааттын баасы 1, 62 тыйын деп эсептелгенин агенттиктин жетекчи орун басары Миргүл Айдарова “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин эсептөө боюнча Кыргызстандагы ГЭСтерде өндүрүлгөн 1 кВт. саат электр энергиянын өздүк баасы 16 тыйын. Муну менен катар биз Бишкектеги жылуулук борборунда да электр энергиясын өндүрөбүз. Анын өздүк баасы 3 сом 63 тыйынды түзөт. Биз ушул экөөнү кошуп туруп, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын орточо баасын 70 тыйын деп эсептедик. Ага жеткирүү, таратуу, салык жана жоготуулар да кошулду. Жыйынтыкта 1 кВт. сааттын баасы 1 сом 62 тыйын деп эсептелди.

Бишкекти камсыздаган электр энергия үчүн эмнеге башка аймактар төлөшү керек? Мунун баарын жакшылап карап чыгып, тарифтик саясатты аныктоо зарыл эле.

Айдарова кошумчалагандай, өлкөдө электр энергиянын 90 пайызы ГЭСтерден, ал эми 10 пайызы гана жылуулук борборунан өндүрүлөт. Бирок буга карабай, жылуулук борборунан чыккан электр энергиянын баасы кымбат болгондуктан ГЭС менен биргеликте санап, чыгымды жабуу каралган.

Бирок айрым адистер электр энергиянын баасын аныктоо методикасы туура эмес деп сындап жатышат. “Түндүк электр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргынбаевдин айтымында, мамлекеттик органдар тариф саясатындагы кемчиликтерди жабуу үчүн ушундай кадамга барууда:

- Кыргызстанда ГЭСтерден жылына 13 миллиард кВт. саатка жакын электр энергиясы өндүрүлөт. Ал эми Жылуулук борборунан 800-900 миллиондун айланасында. Бул экөөнү кошуп туруп, электр энергиянын өздүк баасын аныктоо туура эмес, калыстыкка да жатпайт. Бишкекти камсыздаган электр энергия үчүн эмнеге башка аймактар төлөшү керек? Мунун баарын жакшылап карап чыгып, тарифтик саясатты аныктоо зарыл эле. Бирок ага баргысы келбей, элдин маалыматы жоктугуна таянып, жеңил жолго качырышат.

Электр энергияга тариф саясатын жөнгө салуу керектиги буга чейин эле айтылып келет. Өткөн айда энергетикалык коопсуздук маселесин Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев да көтөргөн эле. Ал электр энергиясына тарифтер өлкөдөгү реалдуу мүмкүнчүлүк жана жалпы жагдайды эске алуу менен иштелип чыгышы керектигин билдирген:

- Тариф саясатына өзгөчө маани бербесек болбойт. Калкыбызга тариф кандай түзүлөт, баа кандай эсептелип чыкканын туура түшүндүрүү керек. Эгер негиздүү, адилеттүү болсо эл аны туура эле кабыл алып төлөйт. Күмөндүү жагдайлар арбын болуп, эч нерсе түшүндүрбөй туруп эле мындай деп койсок, анда ар кыл оюндар башталат. Аны ар кандай саясатчылар колдонот. Ошондуктан тариф саясатын жакшылап түшүндүрүү керек.

Ал ортодо Кыргызстанда 1-июндан тарта өлкөдө электр энергиясына жаңы тариф киргени жатат. Ага ылайык, учурда 1 кВт. саатына 70 тыйын төлөп жаткандар 84 тыйындан, ал эми 700 кВт. сааттан ашык пайдалангандар 2 сом 20 тыйын болуп көбөймөкчү.

Ошол эле учурда тарифти көтөрүүдөн мурун энергетика тармагындагы жоготуулардын алдын алуу, бул тармактагы коррупцияны азайтуу талаптары айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG