Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Жарыктын айынан жалп өчкөн өмүр...


Иллюстрация
Иллюстрация

Карызы үчүн электр зымын кесип жаткан кезде Кочкор районунун Кара-Суу айылынын 62 жаштагы тургуну жүрөк оорусу кармап каза тапты. Электриктер болсо муну жөн гана дал келүүчүлүк деп эсептешүүдө.

Маркумдун туугандары болсо, окуя үчүн электриктерди күнөөлөп жатат.

Кышы катаал Нарын жеринде электр энергиясына болгон кичине карызы үчүн жарыктын өчүрүлүп жаткандыгы эл ичиндеги нааразылыкты көбөйтүүдө.

Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Анарбек Чортоевдин кыштай жаккан электр энергиясына болгон карызы 763 сом болгон экен. Анын төлөнбөгөн карызы үчүн энергетиктер бир канча ирет эскертүү беришкен. Акыры электриктер жарыкты өчүрүүгө келгенде үй ээси үйүндө кичине бала бар экенин айтып, бир күн күтө туруусун суранган. Бирок кеп-сөзгө келбеген электриктер жарыкты өчүргөндө жүрөгү кармап, көп өтпөй көз жумган. Окуя тууралуу маркумдун жакын туугандарынын бири Жакшылык мындайча айтып берди.

- Үйүмдө неберем бар, эртең төлөйүн деп светчилерден жакшы эле суранды. Бирок ага болбой өчүрүп салышты. Байкем кан басымы көтөрүлүп жыгылгандан кийин гана светти кайра кошуп, өздөрү качып кетишти. Азыр сөөк коюлуп аяк-башыбызды жыйнагандан кийин кайрылчу жерлерге кайрылалы деп жатабыз.

Ал эми Кочкор райондук электр тармактары боюнча ишканасынын башчысы Канат Кадыракунов өлүм электр энергиясына болгон карыздын айынан болгон эмес дейт. Бул жөн гана дал келүүчүлүк болуп калды деп эсептейт.

- Мен балдарга да аяр мамиле кылгыла деп такай эскертем. Бул чындыгында светин кыркып жатканда каза болду. Бирок 763 сом үчүн андай болушу мүмкүн эмес болушу керек. Анткени "Тез жардам" чакырганда да биздин балдар ошол жерде экен. Кийин дарыгерден сурасам инфаркт болуптур дешти. Менин оюмча, бул киши мурда эле ооруп жүрсө керек, анан биздикилер барганда "араң турган көз эле чыгып кетти өзү эле" дегендей болду окшойт.

Бул окуя боюнча “Чыгыш электр” ачык акционердик коому тарабынан атайын комисия түзүлдү. Алар маркумдун өлүмүнө эмне себеп болгондугун иликтешмекчи.

Мен балдарга да аяр мамиле кылгыла деп такай эскертем. Бул чындыгында светин кыркып жатканда каза болду. Бирок 763 сом үчүн андай болушу мүмкүн эмес болушу керек.
Канат Кадыракунов

Деген менен Нарында азыраак эле карызы төлөнбөгөндүгү үчүн жарыктын жалп өчүрүлүшү эл ичинде нааразылык жаратууда. Бул маселе 27-январда шаардык борбордук аянтында болгон митингде да айтылган. Анда 200-300 сом үчүн жарыкты өчүрүп, кайра кошуу үчүн кошумча кызмат катары төлөнчү 220 сомду электриктердин бизнеси деп сындашкан. Алардын бири Нарын шаарынын тургуну Гүлмира мындай деди:

- 1200 сом бир айга чыгып келиптир. Акчам азыраак болгону үчүн 1000 сом эле төлөй тургам. 200 сомун кийинки айда төлөйүн деп. Бирок ошол 200 сом үчүн светимди өчүрүп кетишиптир. Бир ооз эскертип койбойсуңарбы десем үйүңүздө киши жок экен дейт. Кыштын күн болсо свети жок олтура алмак белек? Барып төлөсөм кайра коштурганы үчүн 220 сом дейт. Айла жоктон төлөдүм. Азыр калтырбай башкасы болбосо да ушуну төлөйүн деп тапканымды берип калдым. Ушуну бийлик деле көзөмөлгө алып коюшса. Кышында ушундай суукта элге каралашуу керек да.

"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун Нарын аймактык филиалынын ички эрежеси боюнча электр энергиясына 100 сомдон ашык карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлүшү шарт. Бирок, Нарындын суук жаратылышын эске алуу менен бул мөөнөт 10 күнгө чейин узартылат. Ал эми карыздардын жарыгын өчүрүп кайра кошуу үчүн алынган акча кызматкерлердин айлыгына кошулат, - дейт аталган ишкананын жетекчиси Алмаз Жумакадыров.

- Бир айлык төлөмдүн кагаздарын таратканда бардыгы жазылуу болот. Эгер сиз бул күнгө чейин төлөбөй турган болсоңуз эскертүүсүз өчүрүлөсүз деп. Биз үйүнө барганда да эскертебиз, төлөп коюңуз деп. Макул болбосо өчүргөнгө туура келет. Биз да планды аткарышыбыз керек. Элге берген электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында чогултушубуз керек да. Анан дароо барып эле эскертүүсүз туш келди өчүрөт деген чындыкка дал келбейт, - деп айтты Алмаз Жумакадыров.

"Чыгыш электр" ачык акционердик коому тарабынан ай сайын электр энергиясына болгон карызы үчүн облус боюнча 5000ге чукул үйдүн жарыгы өчүрүлөт.

XS
SM
MD
LG