Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Кыргызстан экстремизм жана радикализм коркунучун участкалык милиция кызматкерлеринин күчү менен алдын алууну көздөөдө.

Бул тууралуу 4-октябрда Бишкекте Ички иштер министрлиги менен Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму биргеликте өткөргөн форумда айтылды.

Ички иштер министрлигинин экстремизм менен күрөшүү боюнча 10-башкы башкармалыгынын башчысы Таалай Акбаевдин маалымдашынча, жыл башынан бери эле Кыргызстанда экстремизм аракеттери боюнча 114 кылмыш иши козголгон. Ал эми экстремист деп шектелген 1315 адам каттоодо турат.

Беш-Күнгөйдөгү операциядан кийин, 6-январь, 2011-жыл
- Жалпы республика боюнча Ички иштер министрлигинде экстремисттик жана террордук топтордун 1315 мүчөсү каттоодо турат. Анын ичинде 1166 адам “Хизб ут-Тахрир”, 56 адам “Ваххабий” диний-экстремисттик уюмунун адамдары.

Ал эми “Акрамий” диний-экстремисттик уюмунун 36 мүчөсү жана “Байат” диний-экстремисттик уюмунун 4 мүчөсү бар. Мындан тышкары, салафизм диний агымынын 25, ал эми суфизм агымынын 26 адамы каттоодо турат.


Тартип коргоо органдары экстремизм элементтеринин арты террордук чабуулдарга алып келерин белгилешет. Ага ылайык, ИИМ Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму менен биргеликте “Кварталдык полиция” деген жаңы долбоорду талкуулап жатат. Анда экстремизм менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасына өтүү пландалып, жергиликтүү участкалык милиция кызматкерин экстремизм менен күрөшүүдө негизги таяныч катары карашууда.

Адегенде адам укуктары

Ички иштер министрлигинин Диний экстремизм менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Эмил Жээнбеков экстремизмди жеринен жок кылуу зарыл деп эсептейт.
Мамлекет да, өкмөт да мага “экстремист" деген ким, "террорист" деген ким экендигин түшүндүрүп бере албай жатат.
Динара Ошурахунова

- Экстремизм элдин арасынан, коомдон чыгып жатат. “Кварталдык полиция” деген, же болбосо биздин сөз менен айтканда участкалык инспекторлор, милициялар эл менен иштейт. Биринчи кезекте булар түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Жок эле дегенде биздин мыйзамдарды түшүндүрүп берсе, ошонун да жакшы таасири болмок.

Ал эми Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн өкүлү Мехди Кнани күч түзүмдөрүнүн экстремизм менен күрөшүүдөгү бардык аракеттери адам укугун бузбашы керектигин эскертүүдө.

- Катаал экстремизм жана радикализмге каршы күрөштү күчөтүү мыйзамды туу тутуп, адам укугу боюнча эл аралык эрежелерге ылайык жасалышы кажет. Анткени адамдын жана жарандык коомдун укугунун бузулушу радикализмге жана терроризмге алып келүүчү негизги себептердин бири.

Мамлекет кантип күрөшүүдө?

Анткен менен бийлик өкүлдөрүнүн экстремизмди алдын алуу аракетинен майнап чыгарынан күмөн санагандар да арбын. Анткени буга чейин мамлекеттин экстремизм жана терроризм менен күрөшүү аракеттери бүдөмүк болуп келатканын айтышууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” жетекчиси Динара Ошурахунова бүгүнкү күнгө чейин мамлекет өзү элге жана коомго терроризм жана экстремизм эмне экендигин түшүндүрүп бере албай келатканын сынга алды.

- Мамлекет да, өкмөт да мага “экстремист" деген ким, "террорист" деген ким экендигин түшүндүрүп бере албай жатат. Мисалы, менин алдымда эки адам турса, бирөө террорист болсо, мен аны кантип айырмалашым керек? “Мына, бул адам террорист экен, муну мен азыр укук коргоо органдарына айтышым керек, тиги болсо жөнөкөй эле адам экен” деп кантип айырмалайм? Ушуну мамлекет түшүндүрүп бере албай жатат, бирок ошол эле кезде экстремизм менен күрөшүп жатат.

Тартип коргоо органдарынын билдиришинче, Кыргызстанда расмий тыюу салынган 8 террористтик жана экстремисттик уюм бар. Учурда башка да шектүү делген уюмдардын иш-аракеттери иликтөөгө алынууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG