Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:31

Коргоо кеңешинин 27-сентябрдагы жыйынында шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.

Жыйында прездент Роза Отунбаева былтыркы июнь коогасы өңдүү социалдык жана улуттар аралык жаңжалдардын алдын алуу жол-жоболорун жаңыртуу керектигин айтты. Шайлоо маалында талапкерлерге улутка, аймакка жана диний көз караштарга карап бөлүү ыкмасын колдонууга жол бербөө зарылдыгы белгиленди.


Кооптонууга негиз барбы?
Борбордук Азиядагы парламенттик республиканын идеясын дискредитациялоо үчүн белгилүү бир ички жана тышкы күчтөр шайлоо мезгилинде мүмкүн болгон күч-аракеттерин жумшайт...
Роза Отунбаева


Роза Отунбаева Коргоо кеңешинин жыйынында өлкөдөгү коопсуздук боюнча кырдаалды татаал деп атап, жарышка түшкөн талапкерлерди саясий жактан сыпайы жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Президент Кыргызстандагы тополоңсуз, шайлоо жолу менен бийлик алмаштыруу жараянына дүйнө коомчулугу тыкыр көз салып жатканын белгилөө менен өлкө туруксуздугун каалаган күчтөр бар экенин айтты:

- Борбордук Азиядагы парламенттик республиканын идеясын дискредитациялоо үчүн белгилүү бир ички жана тышкы күчтөр шайлоо мезгилинде мүмкүн болгон күч-аракеттерин жумшайт. Биздин өлкөнүн эсебинен өз көйгөйлөрүн, алыска кете турган пландарын чечүү үчүн биздин жарандардын бир бөлүгүн этнорегионализмге жана сепаратизмге түртүүгө аракет жасап, алар кайсы бир кызыкдар болгон тараптын пайдасына тартышы мүмкүн. Биздин чек араларды кайтаруунун начардыгы, анын ачыктыгы кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча бир катар адистердин өлкөгө кирип келүүсүнөн шектенүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов чек араны кайтаруу күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Сөзсүз шайлоо убагында биз, чек арачылар өзүбүздүн чек арабызды бек кармоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Шайлоо убагында эч кандай террористтер биз жакка кирбеш үчүн, чек арадан курал-жарак, ок-дары, маңзат алып өтпөшү үчүн бардык чараларды көрөбүз.

Былтыр кандуу калабаны баштан кечирген Ош, Жалал-Абадда улуттар аралык жаңжал чыгып кетиши ыктымал экени айтылууда. Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова кенедей гана нерседен окуялар курчуп кетиши мүмкүн экенин айтып, бул жерде шайлоону таза, администравдик ресурс колдонбой өткөрүү маанилүүлүгүн белгиледи:

- Эл мурдагыдай эмес. Айрыкча былтыркы Ош коогалаңынан кийин элдин баары тынч алалбай, кооптонуп турган мезгил. Биринчи кезекте ушуну эске алуу керек. Экинчиден, биздин коңшу мамлекеттер, мисалы Ооганстанды кароо керек. Биз Ош маңзаттарды ташып өткөн жол болуп калган деп айтып жатпайбызбы. Ушул тапта Ооганстанда маңзаттын маалы болуп турат. Ушул жаатты да эске алыш керек. Анан улуттарды бири-биринен өйдө көрбөш керек.


Кандай коркунучтар бар?

Айрым мурда иштеген, азыр кызматта турган аткаминерлер да “тополоң чыгып кетсе, кылган былыктарым жарыкка чыкпаса”, - деген ойдо өлкөдө абалдын туруктуу болбошуна кызыкдар...
Токон Мамытов


Түштүктө диний экстремизм, терроризмге байланыштуу кырдаал да адистерди ойлондурууда. Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчи орун басары Станбек Бакиров “Азаттыкка” бул жаатта жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу айтып берди:

- Шайлоонун алдында кайсы бир деструктивдүү күчтөр, же диний агымдар кырдаалдан пайдаланып кетпеш үчүн, мындай аракеттердин алдын алуу максатында биз Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Ош шаарында төрт топ түздүк. Маалыматты өз убагында алып, аны Ички иштер министрлигине тапшырып жатабыз. Бүгүнкү күндө алдын ала жасалган, алынган маалыматтын негизинде экстремизм, терроризм жана диний агымдар багытында кооптонууга негиз жок.

Айрым серепчилер бул президенттик шайлоодо азыркы бийликтегилерден өч алгысы келгендер, реваншисттер үчүн акыркы мүмкүнчүлүк калгандыктан, алар да жөн калбайт деп айтып келишет.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов аларга кошулуп дагы башка күчтөр чыгышы ыктымал деп эсептейт:

- Мурдагыдай улуттар аралык кандайдыр бир кагылышууларды уюштуруу колдорунан келбейт болуш керек. Себеби, кыргыз эли да, өзбек эли да жана башка улуттар да буга жол бербейт, ээрчип кетпейт, алданбайт. Бирок булар өздөрүнүн тактикасын өзгөртөт. Кандайдыр бир массалык акциядан баштап айрым бир саясий лидерге, же саясатчыга, же талапкерге кол салуу уюштурушу ыктымал. Ошондуктан укук коргоо органдары ушуга көңүл бурса. Булардан сырткары дагы бир коркунуч бар. Айрым мурда иштеген, азыр кызматта турган аткаминерлер, айрыкча мобул апрель окуясынан кийин башаламандык учурунда мыйзам бузууларга жана башка терс көрүнүштөрдү жасап жиберишти. Ушулар да кызыктуу. “Тополоң чыгып кетсе, кылган былыктарым жарыкка чыкпаса”, деген ойдо өлкөдө абалдын туруктуу болбошуна булар да кызыкдар.

Кыргызстанда ири саясый окуялар митингдер, элдик толкундоолор менен коштолуп келатат. Былтыркы парламенттик шайлоо негизинен тынч жыйынтыкталган. Бул жолку шайлоонун артын болжоп айтыш мүмкүн эмес.

Ырас, Коргоо кенешинде абал татаал деп айтылган соң, демек ар кандай жагдайларга даяр болуш керек деген ой калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG