Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Ысык-Атада тилсиз жоо өчпөй жатат


Ысык-Ата, Туюк капчыгайы.
Ысык-Ата, Туюк капчыгайы.

Чүйдө миң гектарга чукул жерди өрт каптады. 30-августта кечке жуук башталган өрттү өчүрүү аракетинен майнап чыкпай жатат.

Тоо капчыгайына транспорттун бара албастыгы жана абадан суу сээп өчүрүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу куткаруучуларды өрттү сууланган чүпүрөк, кетмен, күрөк менен чаап, өчүрүүгө аргасыз кылууда.

Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл аймагындагы Туюк капчыгайындагы өрт 30-августта кечке жуук башталган. Тилсиз жоо үч күн ичинде миң гектарга жайылып, куураган чөп, бадалдар күйүп кетти. Өрт чыккан капчыгайга транспорт жете албайт. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары эки чакырымдай жөө басууга аргасыз болууда. Аймакка суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан ишке тартылган 122 адам өрттү кол менен өчүрүү аракетинде. Бирок андан майнап чыкпай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди:

- Ным чүпүрөк же кетмен-күрөктөр менен өчүрө турган ыкмалар бар. Ошонун баары жасалып жатат. Ал жерге суу ташып баруу өтө татаал, мүмкүн эмес. Акчанын тартыштыгынан бизде өрт өчүрүүчү тик учма, учак жок болуп жатат.

Өрттү кол менен өчүрүү.
Өрттү кол менен өчүрүү.

Куткаруучулардын айтымында, түйшүктү шамал да көбөйтүүдө. Жел соккон сайын жаңы өчүрүлгөн жердеги быкшып жаткан чөптүн тамырлары кайра тутанып жатат. Азырынча өрттүн чыгуу себептери тактала элек.

- Негизги өрттүн чыгышына жарандарыбыздын кайдыгер, шалаакы мамилеси себеп болушу мүмкүн. Кээде тамекини тартып, өчүрбөй ыргытып коюшат. Адистердин айтымында, жерде жаткан айнектин сыныктары күнгө ысыганда да оттун тутанышына себеп болот, - деди Абдышарип Бекилов.

Быйылкы кургакчылык жана август айындагы күндүн катуу ысышы Кыргызстандын аймактарында өрт чыгуу коркунучун күчөттү. Жакында эле Аламүдүн районуна караштуу Арашан айыл аймагындагы Кара-Кыя тоосунда 113 гектар жерге жайылган өрт бир аптага жакын убакытта өчтү.

Андан мурдараак Нарындагы Орток аймагынын Таш-Башат айылында август айынын башында тутанган өрт 12-августта 500 кишинин күчү менен араң өчүрүлүп, жыйынтыгында 100 гектарга чукул жер, анын ичинде 30 гектардай бадал, карагай күйүп кеткен.

Кыргызгидрометеорология борборунун жетекчиси Зарылбек Итибаевдин билдиришинче, быйылкы август айындагы күндүн ысышы акыркы 40 жылдык маалыматты эске алганда рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Ал сентябрь айында дагы аба ырайы орточо 37-38 градустун тегерегинде болоорун айтып, өрт коркунучу сакталып кала берерин эскертти.

- Сентябрь айында дагы жогорку температура болушу күтүлүүдө. Аба ырайы 39 градуска чейин барып, мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Жаан тоолордо же тоо этектеринде жаайт. Аба ырайынын температурасы 29 градуска чейин төмөндөп, кайра 36-37 градуска чыгат. Өрт коркунучу сентябрь айынын аягына чейин сакталат. Себеби, азыр кургакчылык өкүм сүрүүдө. Жайлоодогу малчыларга, туристтерге, мергенчилерге эскертким келет: өрт жөндөн жөн эле чыкпайт. Сөзсүз түрдө өрт коопсуздугуна көңүл буруш керек.

Туюк капчыгайында өрт азырынча жогору жактагы карагай-арчаларга жете элек. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине караштуу Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиевдин айтымында, ушул тапта адистер жер-жерлердеги токойлордо өрттүн алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми Ысык-Атадагы өрттү токой фондуна караштуу аймакка жеткирбеш үчүн азыр куткаруучуларга “Фрунзе” токой чарбасы менен Ысык-Ата токой-мергенчилик чарбасынын кызматкерлери жардам берүүдө.

- Өрт азыр биздин токойлорго кире элек. Ошону тосуу аракетин көрүп жатабыз. Эки жыл мурун биз өрткө суу чача турган жабдуу алганбыз. Аларды жакында Нарын, Ат-Башыга алып барып пайдаландык. Эми кайра баарын бул жакка алдырып, Ысык-Атага даярдашыбыз керек. Эми кудай сактасын, бирок өрт токойго жетсе, биз ага да даяр турушубуз керек.

Соңку күндөрү талаа жана жайыттардын күйүшү Чүй жана Нарын облустарында көп катталууда. Адистер бул күндөрү Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Токтогул, Аксы, Жети-Өгүз, Аламүдүн жана Нарын райондорундагы токойлордо өрт коркунучу жогору экенин эскертип, жарандарды талаа-түздө жүргөндө табиятка аяр, жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырууда.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG