Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Мал киндиктүү Кыргызстандын элинин бир тобу мал этинин ордуна сырттан ташылган арзан этке качырышууда.

Өлкөдө калктын калың катмары килосу 7-10 долларга тете этти дайыма эле сатып ала алышпайт. Ар кайсы базарларда Америкадан же Кытайдан келген тоок эти, же Индиядан келген уй эти деген жазууларды көрүүгө болот.

Базарларда каз-катар тизилип турган ар кыл малдын этин канча суу, канча мазар басып Кыргызстанга алып келинээрин көпчүлүк эле биле бербесе керек.

Бишкектеги базарлардын биринде эт саткан Беки Токтаналиев сырттан ташылып келген эттин таржымалын мындайча айтып берип жатат:

- Мисалы, бул “сосиска” Бразилиядан келет, бул өрдөктүн эти болсо Кытай, ал эми тооктун эти АКШдан келет. Бизге үкөктөргө салынып, тоңдурулган бойдон алып келишет. Биз бузуп туруп, анан сата беребиз. Эл болсо өзүбүздүн малдын этин албай калды. Мисалга, 300 сомго бир эле киллограм эт аласың. Бул “окарачкадан” болсо ошол эле акчага 3-4 киллограм эт келет. Ошентип курсакты алдап жатпайбызбы...

Сатуучунун маалыматын расмий органдар деле тастыкташат. Өкмөт алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга онго жакын өлкөдөн эт азыктары импорттолгон. Алардын ичинен АКШ жана Бразилиядан дээрлик 56,5 миң тоннадан ашуун канаттуулар эти алып келинген. Ал эми Кытайдан 8 миң тонна чочконун,
570 тонна уй жана 10 миң тонна тоок эти, Индиядан 520 тонна уй, Монголиядан 135 тонна жылкы, 20 тонна кой эти сатып алынган. Мындан тышкары Орусия менен Голландиядан 4 миң тонна балык азыктарын кыргызстандыктар керектеген.

Аталган агенттиктин ветеринардык көзөмөл башкармалыгын башчысы Ашырбай Жусупов бул эттердин Кыргызстанга кандай жол менен ташылып келээрин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биздин өлкө бир нече эл аралык келишимдерге кол койгон. Анын үстүнө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Ушул уюмга кирип, биздин ички санитардык талаптарга жана эл аралык нормаларга жооп берген өлкөлөрдөн келген тамак-аш Кыргызстанга кире берет.

Жусуповдун айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн эт жергиликтүү керектөөнүн 60 пайызга жакынын гана камсыз кылат.

Анткен менен алыстан алып келинген эттин кандай жол менен даярдалаарынан, анын сапатынан күмөн санагандар арбын.

Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков арзанына качырып, күмөндүү этти алганча, Кыргызстандагы эт өндүрүшүн колдоо зарыл деп эсептейт.

- Биздин малдын эти, сүтү эң сапаттуу, экологиялык жактан таза. Биз ошол этти, сүттү кайра иштетип сыртка чыгармак тургай, өзүбүздүн ичибизде жакшыраак сата албай жатабыз. Мунун айынан ички базарды башкалар ээлеп жатат.

Депутаттын пикирин жергиликтүү эт өндүрүүчүлөр деле колдойт. Кыргызстандагы ташып келүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаеванын айтымында, жергиликтүү фермерлер, эт комбинаттары эле өлкөнү эт менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал тургай чет өлкөгө экспорттоого да даяр. Бирок айрым шарттар түзүлбөгөндөн улам бул иш аксап келе жатат.

Маселен, Кыргызстан былтыртан тарта расмий түрдө 1 киллограм да эт экспорттоого укугу жок. Буга чейин өлкөдөн эт импорттоп келген Иран жана Казакстан былтыртан тарта Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын начардыгынан улам этти алууга тыюу салган. Учурда эт өндүрүүчүлөр этти контрабандалык жол менен гана сыртка чыгарууга аргасыз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG