Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

Футболго кире албагандардын акчасы кайтарылат


Кыргызстан жана Австралия футбол командаларынын беттешинде терс көрүнүштөр да орун алды. Кечээки беттеш Кыргызстан чоң масштабдагы оюндарды өткөрүүгө даяр эместигин көрсөттү дешет айрым серепчилер.

16-июнь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Австралиянын футбол курамаларынын оюну 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктады.

Кубаныч колунда билети туруп, оюнга кирбей калган жүздөгөн күйөрмандардын бири.

- Бүгүнкү жагдай дагы бир ирет Кыргызстанда мыйзам иштебегенинен кабар берет. Уюштуруучулар таптакыр иштешкен эмес. Миңдеген адамдар билет сатып алып, атайын келсе... Анын үстүнөн жарнамалар аркылуу оюн укмуш өтөөрүн байма–бай айтып жатышты. Жыйынтыгы эмне болду? Билетим колумда туруп, кире албай жатам. Эмне үчүн мэр иштеген эмес? Эмне үчүн уюштуруучулар иштеген жок? Милиция кызматкерлердин жоон тобу бул жерде эмне турат? Алар эмнени коргоп жатышат? Стадион жеке менчик эмес, элдики го?!

Кыргызстандын футбол күйөрмандары гана эмес, Австралия курама командасынын айрым колдоочулары да стадиондун сыртында калды.

Кыргызстан менен Австралиянын футбол таймашына билеттердин баштапкы баасы 150 сомдон 500 сомго чейин болгон. Бирок оюнга бир күн калганда алып сатарлардын колундагы билеттердин баасы 1000 сомдон ашты.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион 18 миң орундук. Анын баары толуп, ошол эле кезде билет алып, бирок стадиондун сыртында калган күйөрмандардын саны болжол менен 3-4 миң киши болгону айтылууда. Бул деген билети жок адамдар да оюнга кирип кетти деген ойлорду бышыктап тургандай. Алтүгүл билетсиз адамдар укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен кирди деген да сөздөр чыкты. Бирок Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев бул маалыматты четке кагууда:

- Билети жок 100 чамалуу адам тосуп турган милиция кызматкерлерин жөөлөп кирип кеткенин айта алабыз. Бирок калган адамдар билет текшерип жаткандардын көзөмөлүнөн өтүшкөн. Бул жагдай билетти алып, жасап саткан ортомчулардын кесепетинен да болушу мүмкүн. Себеби стадиондо орундуктар толгондон кийин да билетин көтөрүп, жүздөгөн адам келген.

Мындан улам бүгүн нааразы болгон футбол күйөрмандары Футбол федерациясынын алдына чогулуп, билетке кеткен акчаларын кайтарууну талап кылышты. Федерация билеттердин акчасын баштапкы баасында кайтарып бере баштаганын маалымдады. Башкы футбол мекемесинин вице-президенти Асылбек Кадыралиев күйөрмандардан кечирим сурап, кийинки оюндарга даярдыктар мындан жакшы болот деп убада кылууда:

- Кечээги оюнда кеткен кемчиликтер боюнча күнөөнү уюштуруучулар мойнуна алат. Бул жерде бир гана милиция кызматкерлерин күнөөлөө туура эмес. Бизге өз өлкөбүздө өткөрүлгөн мындай ири оюндар да керек. Анткени күйөрмандар колдоп, оюнчуларга дем-күч берет. Биз ушул тапта кечээки окуя боюнча өз ара тыкыр иликтөө жүргүзүп, бир жыйынтыкка келебиз. Бирок мындай деңгээлдеги оюндарды мамлекеттин жардамысыз уюштура албайбыз.

Кыргызстан-Австралия беттешин, андагы терс окуяларды президент Алмазбек Атамбаев да өкмөт башчы Темир Сариев менен талкуулаганы айтылды.

Өкмөт башчы болсо Ички иштер министрлигине, Дене тарбия жана спорт агенттигине, Футбол федерациясына кемчиликтерге жол берген жетекчилердин жана башка кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгууну, бул сыяктуу көрүнүштөр кайталанбашы үчүн иш-аракеттерди көрүүнү тапшырды. Бирок, ал кандай чаралар экендиги айтылган жок.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, стадионго кире албай жаткан сүрмө топтун арасынан эки адам жабыр тартып, ооруканага жаткарылган. Бул расмий гана маалыматтар.

Кыргызстан-Австралия футболдук беттеши учурунда кеткен алешемдиктерди айрым серепчилер мындай масштабдагы оюн Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жатканы менен байланыштырышууда. Андыктан бул сыяктуу терс көрүнүштөр кайталанбашы үчүн жаңы стадион курулушу керек же жок эле дегенде азыркы стадиондун сыртына чоң-чоң экрандар орнотулушу керек дешет.

Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр арасындагы тандоодо В тайпасында ойноп жатат. Топто Австралия, Тажикстан, Иордания жана Бангладеш да бар. Кыргыз футболчулары 11-июнь күнү Дакка шаарында Бангладеш курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алган.

Билет алып, бирок сыртта калган көрүүчүлөр

Стадион сыртында калгандар

Дубалдан ашып өтүү

Күйөрмандар өтө бийик дубалга да чыгып жатышты

​Футболдун кудурети

Чектен чыккан фанаттар

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG