Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Кыргызстандын тышкы саясаты өзгөрөбү?


Тышкы иштер министрлигинин имараты, Бишкек.
Тышкы иштер министрлигинин имараты, Бишкек.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине 70 жыл толушуна байланыштуу Бишкекте кыргыз дипломатиясынын тарыхын жана болочогун талкуулаган жыйын өттү.

Талкууда 1944-жылы түзүлгөн кыргыз тышкы иштер министрлигинин 70 жылдык тарыхынан тышкары дүйнөдө эл аралык мамилелер өзгөрүп жаткан кезде Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болуш керек деген да суроолор көтөрүлдү.

Крым боюнча Кыргызстан үн катыш керекпи?

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев дүйнөдөгү акыркы өзгөрүүлөр менен окуяларга кыргыз дипломаттары жетиштүү көңүл бурбай жатканын сынга алды:

- Мени бүгүн өзгөчө тынчсыздандырган нерсе, дипломатия менен байланышкан адамдардын, маселен, Сирияда, Украинада болуп жаткан окуяларга жетишээрлик көңүл бурбай жатышкандыгы. Ал окуялар биздин келечегибиздеги айрым иштер менен түздөн-түз байланыштуу. Бул маселелерди талкуулап, өкмөткө кандай кадамдарды жасоо керектигин айтып туруу керек.

Дипломатиялык академиядагы жыйынга негизинен элчи-дипломаттар, коомдук ишмерлер катышты. Легендарлуу парламенттин спикери, Түркиядагы жана Ирандагы мурдагы элчи Медеткан Шеримкулов Крымдын Украинаны курамынан чыгып, Орусияга кошулуусу боюнча референдум жана анын жыйынтыктары эл аралык мамилелердин укуктук нормаларын кескин өзгөртөт деген ойдо. Анын оюнча, бул маселеде Кыргызстан Орусияны колдогон пикирин билдиргени дурус:

- Оор мезгилге келгенде Орусияны колдобой койсок, анда кандай болот? А эгер колдосок, анда эл аралык абал жана ой-пикир кандай болот? Бирок мен Орусиянын Крым боюнча чечими бүгүнкү күндө туура чечим деп ойлойм. Кыргызстан пикирин билдирбей туруп алганы туура болбойт.

Ал эми коомдук-саясий ишмер Осмонакун Ибраимов тескерисинче, Кыргызстан Крымдагы окуялар боюнча үн катпай турганы зарыл деп эсептейт:

- Бул жерде Орусиянын саясатын колдошко эч кандай мүмкүн эмес. Бул өтө коркунучтуу жана опурталдуу империялык саясат. Ошондой эле биздин өлкөнүн жетекчилиги, же тышкы иштер министрлиги Крым боюнча кандайдыр бир кайрылуу же билдирүүлөр менен чыгышы азырынча эрте деп ойлойм. Азырынча күтүп турган жакшы.

"Бажы биримдигине барбашыбыз керек"

Осмонакун Ибраимов Орусиянын аскерий колдоосу менен өткөн Крымдагы референдумдан кийин Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдөн баш тартып, көп вектордуу кызматташтыкты, анын ичинде батыш мамлекеттери менен мамилени жандандырыш керектигин кошумчалады.

- Орусия менен көп тараптуу жана абдан пайдалуу кызматташтыкты өркүндөтүү биз үчүн абдан маанилүү. Бирок биздин өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды унутуп калып, башкалар дарбыса, кошулуп эле Бажы биримдигине кирип кеткенибиз туура эмес. Мындан утканыбыздан да уттурганыбыз көп болот.

Дипломаттардын пикиринде, эл аралык оолуттуу маселелер боюнча Кыргызстан өзүнүн дүйнөдө алган ордуна жана салмагына жараша аракеттениши керек.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун айтымында, акыркы эл аралык окуялардын өлкөнүн тышкы саясатына таасири тиет. Бирок ал Кыргызстан көп багыттуу кызматташтыкты карманаарын кошумчалады:

- Дүйнөдө Украинадан башка деле көп окуялар болуп жатат. Сириядагы, Ливандагы окуялар, акыркы кезде Түркияда болгон окуялар бар. Ал окуялар сөзсүз түрдө Кыргызстандын тышкы саясатында таасир этет. Ошого жараша биз тышкы саясатта өзүбүздүн ордубузду табышыбыз зарыл деп эсептейбиз. Анткени тышкы саясат ички саясатка байланган.

Белгилүү дипломат Ишенбай Абдуразаков болсо, Украинадагы окуялардан Кыргызстан сабак алып, бийлик тышкы саясатта гана эмес, ички саясатта да сергек болушу керек деп эскертти.

Быйыл 70 жыл толуп отурган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы түзүлүп, алгачкы министр Казы Дыйканбаев болгон. Учурда Кыргызстандын чет өлкөлөрдө отуздан ашык дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар.

XS
SM
MD
LG