Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Журналисттер эңсеген эркиндик


3-май - сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда сөз эркиндиги жылдан жылга жакшырып баратканы айтылганы менен, бирок жагдай мактанаарлык деңгээлде эмес экенин белгилегендер да бар.

Жакында эле “Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстан соңку бир жыл ичинде сөз эркиндиги боюнча мурдагы көрсөткүчтөн үч тепкичке жогорулаганын жарыялаган. Натыйжада Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 85-орунду ээлеген. Муну айрымдар Кыргызстандагы азыркы бийликтердин маалымат каражаттарына карата мамилеси оңолгону менен байланыштырууда.

Журналист, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова азыр мурдагыдай журналисттерге куугунтук жоктугун айтат:

- Мен Кыргызстандагы бүгүнкү сөз эркиндигин беш баллдык шкаланын ичинен төрткө баалайт элем. Ушундай эркиндикке жеттик, журналисттер каалаган темасында жазып, сүйлөп жатат, куугунтуктаган, соттогон, камаган киши жок. 2008-2009-жылдары журналисттерге кадимкидей чабуул жасалып, сабашты, урушту. Ал эми азыр андай жок.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Казакстан 160-, Өзбекстан 166-, Түркмөнстан 178-тепкич менен сөз эркиндиги эң начар 20 мамлекеттин катарын толуктаган.

Бирок эксперттер Кыргызстан бул өлкөлөргө эмес, өнүккөн демократиялуу мамлекеттерге карап түздөнүүсү керектигин эскертишет. Ошол эле кезде Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалын мурдагы бийликтердин тушундагы абал менен салыштыруу да туура эмес болгонун айтат медиа-эксперт Нарын Айып:

- Пропаганда деген ушундай болот. “Баары жакшы, баары сонун” деп эртеден кечке чейин мамлекеттик маалымат каражаттарынан айта берсе, коомчулукта да “бизде баары жакшы” деген ой пайда болот. Бийликтерге бир нерсе деп айтсаң эле “Бакиевдердин тушунда өлтүрүп кетишчү, азыр андай жок” дейт. Ошону мисал келтирип, “биздики абдан сонун” деп тыянак чыгарып жатышат. Кысым болушу үчүн сөзсүз эле өлтүрүп кетиши керекпи? Ал жөнүндө такыр сөз болушу мүмкүн эмес. Албетте СССР учуруна, Акаев менен Бакиевдин маалына салыштырмалуу сөз эркиндиги түзүгүрөөк. 2010-жылдагы революцияда “сөз эркиндиги орнойт, КТРК коомдук телеканал болот, мамлекеттик телеканалдар эркин болот” деп убада берилген. Ошолор аткарылдыбы? Жок. Анан Кыргызстанда сөз эркиндиги кайдан болсун?

Кыргызстандагы сөз эркиндиги кысым алдында экенин айткан адистер бейөкмөт уюмдардын ооздуктаган мыйзамдын сунушталышын жана “Вечерний Бишкек” гезитинин бийлик колуна өтүшүн мисал келтиришет.

- “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чырды чарбалык иш деп айтып жатышканы менен, бул басылманы бийлик ачыктан-ачык тартып алды. Кыргызстанда өзүнүн басмаканасы бар бир гезит болсо, ошону да жок кылышты. Экинчиден, журналисттер бийликке багынып беришти. Өзгөчө мамлекеттик телеканалдардын журналисттери бийлик эмнени айтса, ошону чыгара беришет. Үчүнчүдөн, пропагандага толгон орусиялык маалымат каражаттары Кыргызстанды басып калды. Кыргызстандын өзүндө эркин басылмалар аз болуп, орус пропагандасына туруштук бере албай жатканы үчүн бизде сөз эркиндиги басмырланып жатат десек болот.

Адистер ошондой эле оппозициялык саясатчы, публицист Уран Ботобековдун өлкөдөн чыгып кетишин, журналист Дайырбек Орунбековдун президенттин ар-намысына шек келтирген деп 2 миллион сом айыпка жыгылышын жана Адилет Айтикеевге карата психологиялык басымдарды сөз эркиндигине карата кысымдын элементи катары мүнөздөшөт.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовдун сабалышын да адистер Кыргызстанда сөз эркиндигине карата кысым катары баалашат.

Эркиндик жана жоопкерчилик

“Прогресс” коомдук бирикмесинин жетекчиси Адил Турдукулов мамлекеттик гана эмес, менчик телеканалдар да бир колго өтүп кеткенин эске салууда:

- Биринчиден, эң маанилүү делген телеканалдарга кол салуу болду. ОшТВны мамлекетке тартып алышты, “БашатТВ”, 7-канал сыяктуу бир топ телеканалдарды бийликчил кишилер тартып алып коюшту. Ал эми “Сентябрь”, НТС, 5-канал сыяктуу телеканалдар чындыкты көп чыгара албай калды. Коомдук телеканал кылабыз деген КТРК болсо “кара тизмеге” киргендерди көбөйттү. Оппозициянын, же бийликти сындаган кишилердин үнү ал жерден такыр чыкпайт. Эгер кайсы бир телеканалдар бийликти сындай турган болсо, аларга прокуратура, ИИМ, же УКМК кылмыш ишин козгоп, коркутуп, үнүн басып коёт. Натыйжада көпчүлүк маалымат каражаттары бийликтин гана обонун созуп жатат.

Кыргызстандын өзүндө эркин басылмалар аз болуп, орус пропагандасына туруштук бере албай жатканы үчүн Кыргызстанда сөз эркиндиги басмырланып жатат десек болот.

Бирок айрым журналисттер сөз эркиндиги деген укуктан пайдаланып, кээде аша чаап кетип жатканын айткандар да бар.

Оштогу журналист Азамат Абсаттаров айрым кабарчылардын башка бирөөлөрдүн абийирине шек келтиргенин сынга алууда:

- Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Бирок көпчүлүк журналисттер ошону туура пайдалана албай, кээде аша чаап жиберебиз. Кээде журналисттер адамдардын жеке турмушуна кийлигишип, абийирине шек келтирип, мыскылдап жатабыз. Анан алар сотко бергенде эле “сөз эркиндигине доо кетти” деп кайра өзүбүз кыйкырып чыгабыз. Сөз эркиндиги болгондон кийин анын жоопкерчилиги да болуш керек. Биз маалыматтарды мүмкүн болушунча эл аралык стандарттарга туура келе турган жагдайда берүүгө аракет кылышыбыз зарыл.

Апрелде АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстанда да сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканы сынга алынган эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул корутундуну “терең анализденбеген, геосаясий кызыкчылыкты камтыган документ” деп сыпаттаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG