Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

“Алтынкен” үмүттү актай элек


Кеминдеги Талды-Булак-Сол Жээк кенинен толук алтын өндүрүү үчүн кошумча убакыт берилди. Муну кен казган компания алтын кошулмасын иштетүү технологиясын өздөштүрүү зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Буга чейин кендеги алтын кошулмасы Кытайга кетип жатканы айтылган. “Алтынкен” компаниясы кошулмалар өкмөттүн уруксаты менен ташылып жатканын билдирүүдө.

Кеминдеги Талды-Булак-Сол Жээк кениндеги алтын кошулмасын жеринде иштетүү үчүн сегиз айлык мөөнөт берилди. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын иштетүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында кабыл алынды.

Ишкананын директорунун орун басары Умар Изабаевдин айтымында, алтын кошулмасы жеринде иштетиле элек:

- Тоо кен аябай оор тармак. Жеринде алтын кошулмасын иштетүү үчүн бизге ыңгайлуу технология таба албай жатабыз. Ар түрдүү ыкмаларды колдондук. Болбой жатат. Ошондуктан, Орусия, Казакстандагы эки-үч институт менен сүйлөшүп, иштеп баштадык. Биз жасаганды экспертиза кылып бергиле, сунушунарды айткыла деп сурандык. Балким биз туура эмес жолдо баратабыз. Алар алты айга чейин убакыт сурады. Биз да кошумча убакыт сурадык.

Алтын кошулмасы
Алтын кошулмасы

Изабаев кошумчалагандай, геологиялык чалгындоодогу маалыматтар боюнча колдонулган технология учурда эч кандай жыйынтык бербей жатат.

Ошондуктан, кендеги фабрикада алтын кошулманы иштетүү үчүн жаңы технологияны иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болду.

Кемин районунун акими Тынарбек Супатаевдин айтымында, өлкө үчүн маанилүү кенди толук кандуу иштетүүгө кошумча мөөнөт берүү зарыл болчу:

- Эми кен жаңыдан иштеп баштады. Быйыл май айында толук ишке берилди. Ошондуктан, анын технологиясын дагы жакшыртып, анализдерди алуу керек болуп жатат. Бул аракеттин баары кендеги алтынды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында болуп жатат.

Талды-Булак сол жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” ЖЧКсы лицензия алган. Анын 60 пайыздык үлүшү Кытайдын “Цзыцзинь”, 40 пайызы “Кыргызалтын” ишканасына таандык.

Бул эми 280 миллион доллардык насыяга салынган комбинат. Анын 40 пайыздык үлүшү биздин өлкөгө таандык. Ошондуктан, жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл.
Нургазы Нышанов

Жакында эле ишкана 1170 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткени боюнча талкуулар жаралган эле. Бул тууралуу билдирген өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов аталган компания алтын тазалоочу фабрика бар экенине карабастан, кошулманы өлкөдөн чыгарып жатканын иликтөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылган.

Компания өкүлдөрү алтын кошулманы чыгарууда өкмөттөн уруксат алганын, өндүрүш жолго коюлганча иштегендерге айлык төлөө үчүн алтын кошулмаларды сатып, каражат табуу айласын көргөнүн айтууда.

Эми болсо өлкө бийликтери үчүн маанилүү алтын кени толук кандуу өндүрүштү жолго коюуга кошумча убакыт сурады.

Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын иштетүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Нургазы Нышанов бул жаатта мурда берилген убадалар аткарылбай жатканына көңүл бурууда:

- Биз буга чейин бул кен иштесе, жергиликтүү бюджетке миллион доллардай каражат түшөт. Буга кошумча социалдык пакет төлөнөт деп көп укканбыз. Эми болсо Советтер Союзунун учурундагы техника-экономикалык негиздемеге ишенгенбиз, бирок өндүрүү учурунда андай болбой калды деп, алтын азыраак чыгып калганын айтууда. Бул эми 280 миллион доллардык насыяга салынган комбинат. Анын 40 пайыздык үлүшү биздин өлкөгө таандык. Ошондуктан, жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл.

Ошол эле учурда мурда чалгынданган технологиядан майнап чыкпай жатканы боюнча түшүндүрмөгө ынанбагандар да бар. Мисалы, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов өз жүйөсүн төмөнкүчө келтирди:

- Биздин инвесторлор жаман адат таап алды. Мурдагы маалыматтарга ишенбей, өзүбүз текшеребиз, анан улантабыз деген. Ал эми мурда бул кендердин баары бир нече жолу текшерилип, абдан так маалыматтар коюлган. Мурда бекиген маалыматтардын негизинде иштетүү керек болчу. Бул жаатта биздин мамлекеттик органдар көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл.

Расмий маалымат боюнча, учурда "Алтынкен" ишканасында 976 адам иштейт. Анын 96 пайызы жергиликтүү тургундар, төрт пайызы кытайлык адистер. Быйылкы жылы компания 220 миллион сом салык төлөсө, инфраструкталык долбоорлорго 4,5 миллион сом которгон.

Талды-Булак Сол жээкте алтындын 77 тоннадан ашык запасы бар экени аныкталган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG