Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Депутат менен министрдин акыйнеги


Нурлан Макеев жана Мэлис Мамбетжанов
Нурлан Макеев жана Мэлис Мамбетжанов

Кыргызстанда жетекчилердин этикасы боюнча талкуу жаралды. Буга төрт айдан бери ооруп жатканын айтып, парламент комитетине катышпай жаткан Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисине депутаттын айткан сыны себеп болду. Фонддун төрагасы депутаттар иш боюнча сындабастан, адамдык кадыр-баркына шек келтирип жатканына нааразы болду.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мэлис Мамбетжанов өз пикирин депутат Нурлан Макеевге аталган органдын маалымат кызматы аркылуу жолдоду.

Анда Мамбетжанов парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Нурлан Макеевди өлкөдөгү олуттуу маселелерди чечүүнүн ордуна “куру сөз” менен алектенип жатат деп айыптады.

Мамбетжановдун билдирүүсүндө, Макеев жеке таарынычынан улам фондго жөнү жок асылып жатканы айтылат:

- Мамлекеттик кызматтагы көптөгөн кесипкөй адистер Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кылык-жоруктарына, кежирлигине чыдоого мажбур болгону өкүндүрөт. Бирок мен парламенттин ушундай олуттуу комитеттин төрагасы куру сөз менен алектенгендин ордуна өлкөдөгү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн олуттуу маселелерин чечүүгө киришет деп үмүттөнөм.

Буга кошумча Мамбетжанов эл өкүлүн адамдар менен сүйлөшүүдө маданияттуулукка чакырып, бекем ден соолук каалаган.

"Мурдагы ишинде да келчү эмес"

Депутат менен Маммүлктүн ортосундагы кайым айтыш Мэлис Мамбетжановдун парламент комитетинин жыйынына катышпай койгон соң чыккан. Анда комитет төрагасы Нурлан Макеев баштаган депутаттар Мамбетжановдун бул жоругун сынга алган эле.

Нурлан Макеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Мамбетжанов ден соолугуна шылтоолоп, төрт айдан бери комитет жыйына катышкан эмес:

- Мүлк фондуна байланыштуу маселени комитетте карайлы десек Мамбетжанов алты жолу келбей койду. Анын айынан алты жолу маселе жылдырылды. Орун басарларын жиберет, бирок алар жооп бере албайт. Жооп берчү төрага да. Кыргызстан үчүн иштеп бер деп милдет жүктөлгөн соң өз жоопкерчилигин сезип келиши керек да. Бирок аны кылбай жатат. Мен ал кишиге ден соолук гана каалайм.

Ошондой эле Нурлан Макеев Мамбетжанов өзү жетектеген органдын маалымат кызматы аркылуу билдирүү таратышына нааразылыгын билдирди. Анын пикиринде, расмий органдын депутаттардын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү таратууга укугу жок. Мамлекеттик мүлк агенттиги болсо Мамбетжановдун сасык тумоологону үчүн парламент жыйынына катышпай калганын билдирүүдө.

Парламенттин дагы бир депутаты Алмамбет Шыкмаматов Мамбетжановго карата айтылган сын орундуу болгон деп эсептейт:

- Мамбетжановдун минтип айтып чыкканы өзүнүн жалкоолугун жашырып-жабуу аракети. Мамбетжанов буга чейин финансы министри болуп турганда 5-чакырылыштагы парламентке келчү эмес. Дайыма орун басарларын жөнөтүп койчу. Бул кызматында да парламентке такыр келбейт. Ал эми жетекчилерди парламентке чакыруу процедурасы өкмөттүн ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого байланыштуу. Эгер парламент көзөмөл функцияларынын негизинде өкмөттүн аткарып жаткан иштеринен отчет алып, массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирип турбаса, аткаруу бийлигиндеги ачык-айкындык жөнүндө кантип айта алабыз?

Калыптана элек саясий маданият

Бирок ошол эле учурда парламентте мамлекеттик жетекчилерге жөнсүз асылып, кемсинткен учурлар бар экенин байкоочулар четке кагышпайт. Бул жагынан Мүлк фондунун жетекчисинин билдирүүсүн жөндүү санап, аткаруу бийлигиндегилердин чыдамынын чеги бар экенин белгилешет. Буга чейин депутаттар арасында министр жана башка жетекчилерди орой сөз менен урушуп, опузалаган учурлар да кездешкен эле.

Парламентти көзөмөлдөө боюнча долбоорду ишке ашырган эркин журналист Гүлзада Медералиеванын айтымында, депутаттардын мындай жоруктары аткаминерлердин саясий маданиятынын төмөндүгүнөн кабар берет:

- Негизи парламентке чакырган соң иш боюнча сын айтып, жүйөлүү пикирди айтышыбыз керек. Бирок жетекчилердин адамдык аброюна шек келтирген, сындаган учурлар Жогорку Кеңеште көп орун алып келет. Бул туура эмес. Бул деген депутаттар баш болгон ишмердин саясий маданиятынын төмөндүгүнөн кабар берет. Тескерисинче, бул жагынан үлгү болчу жолдо элек, бирок андай болбой жатат.

Президент аткаминерлердин жоругун сындады

Президент аткаминерлердин жоругун сындады

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматкердин күнүнө карата куттуктоосунда айрым аткаминерлер «бай-манаптык» жоруктары менен кызматтык кадыр-баркын кетирип жатканын белгиледи.

Ал ортодо айрым маалымат агенттиктери Мэлис Мамбетжановдун кызматтан кетүү боюнча өкмөт башчыга арыз жазганын жазып чыгышты. Бул боюнча Мамбетжанов жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду комментарий берген жок. Ал эми өкмөттөн Мамбетжановдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын четке кагышты.

Ошол эле учурда айрым эксперттер мындай кырдаалдын жаралышын мамлекеттик кызматкерлерди даярдоонун начардыгынан көрүшөт.

Буга чейин бир катар жетекчилердин жүрүш-турушундагы осол аракеттери боюнча сүрөт, тасмалар социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууланган эле. Маселен, Бишкектин мурдагы прокурору, өкмөттүн Оштогу өкүлү жамгырда кол чатырларын жардамчыларына карматып турганы көпчүлүктүн сынына кабылган.

Президент Алмазбек Атамбаев жогорку кызматтагылардын адеп-ахлагына, жүрүм-турумуна карата коомдогу дооматтар адилеттүү экенин моюнуна алган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG