Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Жогорку Кеңеште 30-декабрда акыйкатчыны шайлоо маалында добуш берүүнүн ачык көзөмөлдөнүп жатканы талкуу жаратты.

Социалдык тармактарда айрым депутаттардын бюллетенди урнага салардан мурун аны фракциялашына көрсөткөнү сынга кабылды. Былтыр Ош шаарынын мэрин шайлоодо да ушундай көрүнүш болгон эле.

Акыйкатчы жашыруун добуш берүү менен шайланат дегенге карабай бюллетенди урнага салардан мурун фракциялашына көрсөткөндөр арасында “Кыргызстан” партиясынан депутат Алмазбек Баатырбеков да бар. Ал кагазды Азизбек Турсунбаевге көрсөткөнүн танган жок, бирок кимге добуш бергенин эмес, андагы техникалык катаны көрсөткөнүн айтып актанды:

- Эми ал мындай болгон. Бюллетендеги торчолор андагы талапкерлердин аты-жөнүнүн тушунда эмес, андан ылдый болуп калыптыр. Анан мен ушуну туштап койбойсуңарбы, болбосо ылдый кетти, өйдө кетти болуп калбасын деп көрсөткөм.

Айтор урнанын жанында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаевден сырткары Социал-демократтар фракциясынан Мээрбек Мискенбаев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Мирлан Жээнчороев менен Акылбек Жамангуловдор турушту.

Мирлан Жээнчороев добуштарды көзөмөлдөдү деген дооматты четке какты. Ал арыздангандар болсо парламенттин атайын комитетине кайрылуусун сунуштады:

- Шайлоо болду. Бул демократиянын белгиси. Добуш берүүнүн купуялуулугун ар бир депутат өзү чечет. Эгер купуялуулук сакталган жок деген маселе болсо аны Регламент жана этика комитети карашы керек. Талапкерлерби, же кайсы бир депутат ушундай деп кайрылса, анда аны комитет карашы зарыл. Бирок жалпысынан шайлоо өттү.

Азыр социалдык тармактарда депутаттардын жоругу катуу талкууланып жатат. Буга байланыштуу айрымдары былтыр жыл башында Оштун мэрин шайлоодо дал ушундай көрүнүш болгонун белгилешти. Анда Мелис Мырзакматовдон Айтмамат Кадырбаев көп добуш алган, муну айрым байкоочулар добуштардын ачык көзөмөлдөнүшү менен да байланыштырган.

Акыйкатчыга добуш берүү. Жогорку Кеңеш, 30-декабрь, 2015-жыл

Бюллетенди урнага салардан мурун башка депутатка көрсөткөндөрдүн арасында Ош шаардык кеңештеги “Адилдеттүү Кыргызстан” фракциясынын төрагасы, азыр Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев да болгон. Нурбаев “Азаттыкка” комментарий берип жатып добуштардын көзөмөлдөнүшүн туура эмес деди, бирок Ош шаарынын мэрин шайлоодогу окуяны эсине салганыбызда бул ар бир фракциянын, ар бир депутаттын өз эрки экенин айтты:

- Эми бюллетенди бардыгы эле көрсөткөн жок, кээ бирлери көрсөтүшү мүмкүн. Бул туура эмес.

Нурбаевге Ош шаарынын мэрин шайлоодо да ушундай ыкма колдонулуп, бюллетендерди көрсөткөндөр арасында өзү болгону тууралуу суроо узатканыбызда, "ал ар кимдин өз иши" деп жооп кайтарды.

- Эми ал жерде өзүнүн иши да. Ал жерде көрсөтсүн, же көрсөтпөсүн деп эч жерде жазылган эмес. Өзү кааласа көрсөтөт. Ал жерде көпчүлүк, фракция өзү чечим кабыл алды. Мен көрсөттүм, ал менин өзүмдүн ишим.

Анткен менен Жогорку Кеңеште мындай жорукту депутаттар өздөрү да сындап жатат. Алардын бири - “Ата Мекен” фракциясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов. Ал парламентте этикага, мыйзамга каршы келген көрүнүштөр адатка айланып баратканына кейиди:

- Ушул жаман адат, жаман өнөкөттү ташташыбыз керек. Кээде ушундай учурлар болуп жатат. Добуш берип жатканда жанагындай жанына туруп алып, ар бир адамдын добуш бергенин текшерип атат. Эми мындай кыла берсек, биз жашыруун добуш берүү дегенди жокко чыгарабыз. Бул этикага да, мыйзамга да жатпайт. Парламент бул нерседен кичине бийигирээк болушу керек. Саясий маданияттуулук деген болушу керек. Мыйзамды сыйлоо абзел. Мындай жаман адатка бөгөт койбосок болбой калды. Ушундай маал да келди, бышып жетти.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков мындай адат буга чейин деле болуп келгенине токтолду, бирок азыркы парламенттин тушунда чектен ашып кетти деп баа берди:

- Биздин убагыбызда мындай нерселер жашыруун, жымсалданып жасалат эле. Эми ушундай болуп жатканын билчүбүз, бирок кээ бир учурда байкабай деле калат элек. Бирок бүгүнкүдөй айдан ачык жасалбайт эле. Азыр Социал-демократтар түрмөчүлөрдүн ролун ойноп, өздөрүнүн эле депутаттары эмес, оппозиция да добушун көрсөтүп жатканы Жогорку Кеңештин кылмыштуу уюмга айланып баратканынын көрсөткүчу болуп эсептелет. Бул мамлекет үчүн өтө опурталдуу.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын төрайымы Динара Ошурахунованын баамында, акыйкатчы шайлоонун айланасындагы мындай жагдайлар аталган институттун өзүнө доо кетирди:

- Добуш берүүнүн көзөмөлдөнүп жатканын мына “Азаттыктан” көрдүк. Акыйкатчы биринчи аракеттен шайланбай калды. Экинчи жолку сынакка катышкан Кубат Оторбаевди баарыбыз билебиз, тааныйбыз. Мүмкүнчүлүгү деле андай деле жаман эмес болчу. Бирок анын шайланышына өзүнчө бир ыкмаларды киргизип, добуш берүүнүн көзөмөлдөнүп жатканы туура эмес. Акыйкатчыны шайлоо туура эмес болгон үчүн бул институт жакшы иштебей жатат.

30-декабарда Кыргызстандын төртүнчү акыйкатчысы болуп Кубат Оторбаев шайланды. Алгачкы акыйткачы Турсунбай Бакир уулу гана мөөнөтүнүн акырына чейин иштеген эле. Калган экөө - Турсунбек Акун менен Бакыт Аманбаев болсо толук иштебей кызматтан чуу менен кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG