Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Кыргызстанда акыйкатчы кызматына 35 талапкер көрсөтүлдү. Парламент экинчи жолу акыйкатчыны шайлоого аракет жасайт. "Азаттыктын" суроолоруна “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова жооп берди.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш акыйкатчыларды кызматтан кетирүүнү өнөкөткө айланта баштады. Мындай шартта жаңы акыйкатчы шайланган күндө да анын өз алдынча көз карандысыз иштөөсүнө негиз барбы?

Абдирасулова: Бүгүнкү күндө “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга ылайык жана Конституциядагы норманын парламенттеги талкуулоосу, түшүнүгү боюнча акыйкатчы көз карандысыз иштейт дегенге кепилдик жок. Акыйкатчы кызматына адам укуктарын терең түшүнгөн адам келерине да ишеним жокко эсе.

“Азаттык”: Парламенттен көз каранды болбош үчүн акыйкатчыга кандай кепилдик керек? Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керекпи?

Абдирасулова: Эң биринчиден, “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Биздин акыйкатчынын статусу Париж принцибине ылайык “Б” статусуна ээ. Башкача айтканда, парламентке көз каранды.

Кыргызстанда адам укугунун сакталышына кепилдик бере турган акыйкатчынын иштешине өбөлгө түзүш үчүн “А” деген статус бериш керек. Ал парламентке да, президентке да жана башка системалардын эч кимисине көз каранды болбош керек. Ал болгону Кыргызстанда адам укугунун сакталышына түздөн-түз аракеттенген, эч кимге көз каранды болбогон институт болуш керек. Ошондой институт түзүлүш үчүн “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек.

Бизде калыптанган акыйкатчынын жылдык отчетун парламент кааласа кабыл алып, каалабаса кабыл албашына бөгөт коюш керек. Акыйкатчы маалымат гана бериш керек. Ал маалыматта кайсы жакта адам укуктары бузулуп жаткан болсо, ошолор боюнча парламент өзүнүн аракетин жасаш керек. Акыйкатчыны каалаган убакта иштен алып койгонго жол берилбеш керек.

“Азаттык”: Отчет жактырылган жок деген негизде биздин парламент акыйкатчыны кызматтан алууга көнүп калды. Мыйзамдын мына ушул жобосун өзгөртүү керекпи?

Абдирасулова: Мен ошол жөнүндө айтып жатам. Биз отчет деп жатабыз. Ал отчет эмес, баяндама бериш керек. Баяндамада адам укуктары кандай абалда экени көрсөтүлүш керек. Мына ошол фактыларга таянып, парламент өзүнүн чечимин кабыл алып, адам укуктарын бузган системаларга, структураларга "бул жерди оңдогула, бул жер эмнеге ушундай болуп жатат" деп айтыш керек. Мыйзамдагы отчетту жактырат же жактырбайт, кабыл алат же кабыл албайт деген жерин жок кылыш керек.

“Азаттык”: Бийлик партиясы каалаган адам акыйкатчы болору күтүлүүдө. Өткөн шайлоолор да аны көрсөтүүдө. Ал бийликтин бир филиалы болуп калбайбы?

Абдирасулова: Бүгүнкү күндө акыйкатчы кызматы саясий кызматка айланып калды. Акыйкатчыга каалаган адамын алып келүү аракеттери жасалууда. Бул адам укугу боюнча маселени терс жактарга алып бара турган көрүнүш. Өткөндө ат салышкан 15 кишинин бирин да өткөрбөй коюшту. Эң жогорку балл алгандарды да жактырышкан жок. Бул атайын жасалды деген ой бар. Бүгүнкү күндө 35 талапкер болуп атат. Аларды да бийликте отурган фракция кааласа өткөрөт, кааласа өткөрбөйт деген ой бар.

“Азаттык: 35 талапкер аз эмес. Алардын арасында акыйкатчылык кызматка татыктуулар да жок болбосо керек?

Абдирасулова: Алардын арасында адам укугун түшүнгөн, адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарын билген инсандар бар. Көп жылдан бери адам укугун коргоо багытында иштеп аткандар да бар. Бирок аларды өткөрөт деген ишеним менде жок.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG