Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Өкмөттүн иши маалымат кызматынан көрүнөт


Өлкөдөгү туруктуулук жана коопсуздук өкмөттүк маалымат кызматтардын иш алып баруусунан да көз каранды.

16-декабрда кыргыз өкмөтү менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму биргелешип, мамлекеттик мекемелердин маалымат кызматтарын реформалоону талкуулады.. Анда апрель окуяларынан кийин мамлекеттик органдар кыйла ачык болуп калса, акыркы кезде президенттин, өкмөттүн жана башка мамлекеттик уюмдардын пресс-кызматтары кайрадан мурдагы иштоо нугуна түшүп баратканы тууралуу да сөз болду. Ага мисал катары, август айында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова Ысык-Көлдө кара тумоо чыкканда маалыматты ачык таратканы үчүн кызматтан алынганы айтылды.

Жаап-жашыруу доору бутө элекпи?

ЕККУнун эксперти Евген Глибовицкий басма сөз кызматтарынын ишинен өлкөнүн коопсуздугу да көз каранды деп эсептейт.

- Коммуникация өлкөнүн туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн абдан маанилүү. Бул мамлекеттик маанидеги маселе. Байланыштын начарлашы ишенимдин жоголушуна алып барат. Ал эми ишенимдин жоголушу коопсуздуктун жана туруктуулуктун жоголушуна түртөт. Ошондон улам кайсы гана мекемеде болбосун туура жүргүзүлгөн байланыш бүткүл мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ маселе.

Ак-Суудагы карантин, 26-август, 2013-жыл
Ак-Суудагы карантин, 26-август, 2013-жыл
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова август айында Ысык-Көлдө катталган кара тумоо боюнча журналисттерге утур-утур расмий маалымат берип турганы өкмөткө жаккан эмес. Өкмөт анын иш-аракети өлкөнүн аброюна доо кетирди деп тапкан жана Баялинова кызматынан кеткен. Ал эми журналисттер Баялинова өз ишин так аткарды деп баалашкан.

Бул окуя маалымат кызматтары кандай иштеш керек деген суроону пайда кылган болчу. Өкмөт аппаратынын мурдагы кызматкери, медиа-эксперт Авланбек Жумабаевдин айтышынча, мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өтө сактыгы көпчүлүк учурда тескери натыйжаларга алып келет.

- Албетте мамлекеттик сырдагы маалыматтар болсо этиятташ керек. Бирок көпчүлүк учурда ашыкча сактанышып, маалымат бербей отуруп алышат. Анткен сайын ушак-айыңдар, туура эмес маалыматтар чыгып кетип, коомдо терс пикирди жаратып коюуда.

Ал эми Президентик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов мындай дооматтар менен макул эмес. Ал өз бөлүмү журналисттер жана коомчулук үчүн ачык экенин айтты.

- Президенттин маалымат саясаты бөлүмүн айтсам, биз баары менен иштегенге даярбыз, баары менен иштешебиз. Президенттин бүгүнкү басма сөз жыйыны да ошого күбө. Эки жарым саат ачык-айкын журналисттердин бардык суроосуна жооп берди.

“Маалымат катчыны эмес, министрди окуталы”

Коомчулук үчүн өтө маанилүү болгон кайсы бир маалыматты кечиктирген же бербей койгон үчүн бир гана маалымат кызматтарын айыптоо туура эмес. Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, маалыматты таратуу зарылдыгын түшүнө бербеген жетекчилер да болот.

- Маалымат кызматтар жана анда иштегендер коомчулукта маалымат берүү зарыл экенин эң жакшы түшүнөт. Бирок көпчүлүк учурда мамлекеттик органдардын жетекчилери ар кандай шарттарга байланыштуу ачык иштегенди каалашпайт . Анын айынан бүгүн да айтылып кеткендей, маалымат кызматтары эле эки оттун - журналисттер менен жетекчинин ортосунда калат.

Андыктан, талкуу учурунда маалымат катчыларды гана эмес, өкмөттөгү министр-жетекчилерди да маалымат саясаты боюнча окутуу сунушу айтылды. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун пикиринде, өкмөт журналисттер жана коомчулук үчүн маалымат берүүдө ачык-айкындуулук принцибин карманат. Бирок ал айрым бир министрлер журналисттер менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланбаганын сынга алды.

- Деңгээл, маданият жетишпейт же жумушун билбейт. Билими болсо, жумушун билсе эмнеден коркот. Тескерисинче, журналисттерди пайдаланып, жасаган иштерин айтып берип алганы жакшы эмеспи.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму маалымат кызматтарын жакшыртуу боюнча кыргыз өкмөтүнө бир катар сунуштарды берди. Алар: мыйзамдарды өзгөртүү, маалымат кызматтарында иштегендердин айлыгын көбөйтүү, ошондой эле алардын макамын көтөрүү үчүн түз министрге караган атайын маалымат башкармалыктарын жана департаменттерин түзүү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG