Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган быйылкы жылга коюлган милдеттерге арналды.

Мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлеген олуттуу эки тармакта бул жыл тарыхый окуяларды белгилөө менен эле өтүп кетеби же көйгөй болгон тарыхый учурлар аныкталабы? Аны менен бирге коомдогу жалпы маданиятты жогорулатуу үчүн кандай иш-чаралар жасалат?

Бул суроолорго Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, тарых боюнча “Мурас” фондусунун төрагасынын орун басары Кыяс Молдокасымов жана президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажиматов жооп беришти.

“Азаттык”: Санжар мырза, бул жылды белгилөө боюнча атайын уюштуруу комитети же комиссия түзүлүп, иш пландар белгилендиби? Жарлыкта көрсөтүлгөн “кыргыз жараны” деген образды кантип түзгөнү жатабыз?

Санжар Тажиматов: 2016-жыл тарыхый окуяларга бай. Атап айтсак, эгемендиктин 25 жылдыгы, жалпы түрк дүйнөсүнүн инсаны Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кыргыз АССРинин 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин 80 жылдыгы белгиленгени жатат. Андан тышкары 2010-жылдан кийин өлкөбүздөгү өзгөрүүлөрдүн бардыгы 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп президенттин жарлыгы менен белгилөөгө негиз берди. Ал эми кыргыз жаранынын образын жаратууга келсек, дүйнөлүк тарых жана тажрыйба көрсөткөндөй, тигил же бул мамлекет тарыхы менен маданиятына таянуу менен өзүнүн өнүгүү моделин жаратып жатат. Өнүгүүнүн универсалдуу рецепти жок. Ар бир мамлекет өз жолун тандайт. Биздин коомубуздагы өзгөрүүлөрдү өзүнө сиңирип алып жаңы жүрүм-турумду алып жүрүүчү жарандарыбыз пайда болууда.

“Азаттык”: Демек, кыргыз элинин тарыхый адат-салтын, үрп-адатын, нарктуулугун өзүнө сиңирген жана азыркы замандын талабына шайкеш келген жүрүм-турумду азыркы кыргыз жаранынын образы деп баалай алабызбы?

Санжар Тажиматов: Туура, азыр бизде ошондой адамдардын образы пайда болуп жатат.

“Азаттык”: Кыяс мырза, президенттин жарлыгында “маданияттын жана тарыхтын мурда иликтенбеген учурлары аныкталып, жалпы бир көз карашты калыптандырышы керек” деп жазылган. “Мурас” фонду мурда белгисиз кандай тарыхый учурлар жалпы көз карашты калыптандырат деп эсептеп жатат жана биринчи планга кандай маалыматтар чыгат?

Кыяс Молдокасымов: Албетте, биринчи планга ушул жылы болуучу мааракелик окуялар чыгат. Экинчиден, биз буга чейин тарых аркылуу жарандардын мамлекетчил, мекенчил көз караштарын калыптандыруучу эч кандай иш алып барган эмеспиз. Биз эгемендик жылдар ичинде көз карандысыз Кыргызстандын жараны катары атуулдук көз карашын калыптандырган эмеспиз. Ошон үчүн тарыхый жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүп, архивдик белгисиз маалыматтарды чогултуу зарыл. 1917-жылкы Октябрь революциясына чейинки архивдик материалдардын бардыгы чет өлкөлөрдө. Эгемендик алгандан бери ошол чет өлкөлөрдөгү архивдик материалдарды Кыргызстанга алып келүү жана аларды жаңыча көз караш менен изилдөө жүргөн жок. Бул жарлык ушундай архивдик тарыхый материалдарды чогултууга каражат жагынан негиз түзүп бериши керек. Ошондо жаңы материалдардын негизинде жаңы изилдөөлөр жүргүзүлүп, айыл жериндеги, шаардагы, айрыкча жогорку окуу жайларындагы тарыхый сабатсыздыкты жоюуга жол ачылат. Анткени, азыр бардык жерде туташ тарыхый сабатсыздык орноп калгандыгын моюнубузга алышыбыз зарыл.

“Азаттык”: Алтынбек мырза, маданият десе эле маданий-иш чараларды өткөрөбүз деп камынып калабыз. Булардан тышкары мамлекеттеги жалпы маданиятты жогорулатып, коомдук аң-сезимди көтөрө турган, натыйжасын быйыл эле эмес, келечекте ала турган стратегиялык кандай аракеттер жасалган жатат?

Алтынбек Максүтов: Албетте, маданият десе филармонияда же башка бир жерде өткөрүлө турган иш-чараларды элестетпешибиз керек. Маданият бардык жерде, биздин ар бир кыймылыбыз маданияттын көрүнүшү. Ал биздин тарых менен түздөн түз байланыштуу. Биз эгемендик алгандан баштап кыргыз жаранынын моделин түзүү керектигин түшүнүп, өнүккөн көптөгөн мамлекеттердин моделин карап жүрүп, эми өз образыбызды жаратуу керектигин билип аракеттене баштадык. Бул беш жылдан бери даярдалып, октябрда кабыл алынган маданиятты өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясына киргизилген.

Угарман Абдылдабектин пикири: Быйыл Тарых жана маданият жылы деп аталгандан кийин биз баарыдан мурун кыргыз өзү ким экендигин таанып, өзүнүн тарыхый жана маданий баалуулуктарга таянышы жана Манас атабыздан калган улуттук намысты бекемдеши керек. Ошондо элибиздин ынтымагы менен мамлекетибиздин бекемделиши күчтүү болот.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG