Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Кыргызстан: "Тарых жана маданият жылынын" орчун жүгү


Бурана шаар чалдыбары – Караханийлердин борбору Баласагын шаарынын орду. Чүй өрөөнү, Кыргызстан. 07.6.2015.
Бурана шаар чалдыбары – Караханийлердин борбору Баласагын шаарынын орду. Чүй өрөөнү, Кыргызстан. 07.6.2015.

2016-жыл Кыргызстанда “тарых жана маданият жылы” деп жарыяланды. Бул окуяны келекелегендер да, ага олуттуу маани бергендер да бар. Атаганат, жалпы дүйнө жүзүндө тарыхый эстеликтерге астейдил мамиле жасалса кандай сонун болоор эле, деп улутунуп, түркөйлөрдүн колунан тарыхый мурастар ойрон болуп жаткан учурларга кейигендер да көп.

Жылды кошумча атоо салты

Негизи, тигил же бул жылды атайын бир окуяга, көйгөйгө же инсанга байланыштырып атоо – эзелтеден келе жаткан адамзат салты. Кыргызстанда 2016-жыл “тарых жана маданият жылы” деп жарыяланганын айтып, айрымдары муну советтик, акаевдик, бакиевдик жосунсуз көрүнүштүн уландысы деп сындап чыгышты.

Көөнө тарыхка үңүлсөк, кээ бир элдерде тигил же бул жылды падышанын туулган күнү же тактыга отурганы, мамлекеттин аскерлеринин жеңиштүү жортуулдары, апааттуу табигый же башка окуялар ж.б. менен байланыштырып атап келишчү.

Жыйырманчы кылымда эл аралык уюмдар да тийешелүү жылды тигил же бул ооруга каршы күрөштүн жылы, адамзат цивилизациясына зор салым кошкон тигил же бул тарыхый бабанын жылы, ж.б. деп атаган учурлар кездешти. ТүркСОЙдун алкагында, маселен, 2014-жыл “Токтогул Сатылган уулунун жылы” деп жарыяланса, 2016-жыл “Жусуп Баласагындын жылы” деп алдын-ала жарыяланды.

Мындай салттын тилеги жакшы – бабанын мурасы тууралуу маалыматты анын мааракесине байланыштырып кеңири жайылтуу, тигил же бул коомдук көйгөйдү чечүү үчүн коомчулуктун демилгелүү иш-аракетине огожо болуу, ж.б.

Кыргызстанда 2016-жылы күтүлгөн ири тарыхый мааракелер, чынында да, тарыхый мураска астейдил мамиле кылууну талап кылышат.

Баласагын – 1000

Ала-Тоо аймагы мындан он кылым илгери жалпы мусулман цивизизациясы өрүш алган мейкиндикке кирген. Адам Мец айткан “ислам кайра жаралуусу” (ренессансы) доорунун ири мейкиндигинин бир өңүрү биздин Атажуртубузду камтыгандыгы шексиз. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү – баласагындык Жусуп ал-Баласагуни (кыргызча азыр аны Жусуп Баласагын деп расмий атап калдык) менен ысык-көлдүк Махмуд ал-Кашгари ал-Барскани деген энциклопедиячы аалымдар жана айдыңдар болгон.

Жусуп Баласагындын эмгегинин үч көчүрмөсүнүн түстүү факсимилелери.
Жусуп Баласагындын эмгегинин үч көчүрмөсүнүн түстүү факсимилелери.

“Кутадгу билиг” (“Куттуу билим” же “Куттуу бийлик”) деген философиялык, насаатчыл дастанды жазган акын жана аалым Жусуп Баласагын 1015-1016-жылдардын ичинде Карахандар каганатынын борбору Баласагын шаарында туулган. Бул шаардын сакталып калган чалдыбары азыркы тапта Бурана археологиялык-архитектуралык ажайыпкана комплекси катары маалым.

Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн 1072-1077-жылдары арапча жазган “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) эмгегинде бул Баласагын шаары менен Кочкор-Башы шаарынын ортосун Занби-Арт ашуусу бөлүп тураарын жазган. Маркум арабист Өмүркул Караев ж.б. далилдегендей, бул ашуунун аталышы азыр Шамшы ашуусу катары саал өзгөрүп сакталып жетти. Чынында да, Кыргыз Кырка тоосунун тескейиндеги азыркы Бурана шаар чалдыбарынан Кочкор өрөөнүнүн түндүгүндөгү Кум-Дөбө кыштагындагы Кырк чоронун күмбөзү шаар чалдыбарына ушул Шамшы ашуусу аркылуу атчан жетүүгө болот.

Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан Баласагын шаарында башка да даңазалуу аалымдар жашагандыгын орто кылымдарда ас-Самани, Йакут, Катиб Челеби сыяктуу мусулман окумуштуулар эскеришкен.

Демек, бабабыз Жусуп Баласагын – жалгыз эмес болгон, бирок ал – Карахандар мамлекетинде байырлаган аалым, акын жана айдыңдардын ичинен өзгөчө бараандуусунан болгонунда шек жок. Бул орток түрк даанышманынын миң жылдык мааракесин кыргызстандыктар гана эмес, мүлдө түрк дүйнөсү жана жалпы адамзат белгилеп жаткандыгы ала-тоолуктар үчүн зор сыймык.

Улуу көтөрүлүш менен Үркүндүн кылымдык мааракеси

2016-жылы кыргызстандыктар жана жалпы борбордук азиялык калктар 1916-жылы өз бабаларынын падышалык Орусиянын оторчул өкүмүнө каршы чыккан ири улуттук боштондук кыймылынын 100 жылдык мааракесин белгилөөдө.

1916-жылы падышалык жазалоочулардан качкан маалда ашууда кырылгандардын сөөгүн жерге берүү учуру. Ысык-Көлдүн сырты. 30.07.2006.
1916-жылы падышалык жазалоочулардан качкан маалда ашууда кырылгандардын сөөгүн жерге берүү учуру. Ысык-Көлдүн сырты. 30.07.2006.

1916-жылы 4-июлда Кожентте (азыркы Түндүк Тажикстанда) башталып, көп узабай жалпы Фергана аймагына жайылган бул көп этностуу көтөрүлүшкө ферганалык, жизактык, алайлык ж.б. кыргыздар да катышкан.

Ала-Тоонун түндүк аймагы бул боштондук күрөшүнө 1916-жылдын баш оона (август) айынын башында аралашкан. Башка борбордук азиялык аймактардан айырмаланып, Түндүк Кыргызстандын кээ бир көтөрүлүш очокторунда жергиликтүү лидерлер хан жарыяланган (Мөкүш Шабдан уулу, Канаат Ыбыке уулу, ж.б.). Демек, ала-тоолук көтөрүлүшчүлөр падышалык режимден эркин болгон эгемен хандыкты түзүү идеясына чейин өсүп, өзгөчө бийик сереге көтөрүлгөн.

Мындай идеяны аркалагандарды замбиректер менен аткылап айоосуз жазалоо акыры барып начар куралданган көтөрүлүшчүлөрдү жана алардын айылдаштарын жапатырмак Улуу Үркүнгө – Батыш Кытайдын чек арасынан өтүп, элди кыргындан сактап калуу тактикасына барууга аргасыз кылган. Мындай тактиканын аталышы он кылым мурда да катталган: Махмуд Кашгари Барскани өз эмгегинде “бодун (эл) үрктү” сөзүн чагылдырганы жамы журтка маалым. Эмир Темирдин жортуулу маалында да ага багынгысы келбеген көчмөн теңир-тоолуктар Ыртыш, Алтайга чейин чегинип барып кайтканы белгилүү.

Улуу Үркүндөн көп узабастан, падышалык залим режим өзү да Орусиянын көп этностуу калайыгы тарабынан кулатылган. 1917-жылдын февралындагы элдик ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Баарынан кызыгы, падышалык жазалоочу кошуундарды жана борбордук азиялык оторчул бийликтерди кыргын үчүн айоосуз сындаган Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты катары демократ саясатчы – Александр Керенский бул ыңкылапчыл өкмөттү башкарып калган. Андан аркы саясий тарых, цензуралык бурмалоолорду да эске алуу менен айта кетсек, совет доорунда эле кыйла дурус чагылдырылган.

Эгемендигибизге чейрек кылым

Эң маанилүү мааракебиз – эгемен Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгы. Анын маанисин анчейин аңдабаган көрпенделер деле бар чыгаар, бирок 1991-жылдын 31-августунда (баш оонанын акыркы күнү) суктанарлык саясий эрк көрсөтүп, Кыргызстанды көз каранды эмес мамлекет жарыялаган Жогорку Кеңеш элибиз үчүн тарыхтын жаңы барагын ачып берген.

Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөшкөн бир катар бабаларыбыздын сөөктөрү "Ата Бейит" эскерүү жайындагы орток көрүстөндө коюлган. 12.12.2008.
Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөшкөн бир катар бабаларыбыздын сөөктөрү "Ата Бейит" эскерүү жайындагы орток көрүстөндө коюлган. 12.12.2008.

“Тарых жана маданият жылында” эгемендиктин чейрек кылымдык мааракеси ар тараптуу белгиленмекчи. Кыргызстан 2010-жылы багыт алган парламенттик демократияга карай нук андан ары тереңдей берет деп ишенелик.

Бирок бул чейрек кылым шыктанаарлык окуяларга гана жык толгон, бул доордо кыйынчылыктарды камырдан кыл суургандай оңой чечип келгенбиз деп айтуу кыйын. Кылымыбыздын башында эле элдик ыңкылаптар эки жолу жүзөгө ашырылгандыгы буга түздөн-түз далил.

Демек, акыркы 25 жылдын тарыхы да окуяларга бай болду, аны калыс талдоо аракетинин өзү дагы кыйла каршылыктарга дуушар болору шексиз. Кээ бир учурларда кетмендин сабы эки-үч жолу чекебизге кадала калып жатты.

Өзгөчө бул – жемкорлук жаатында болду. Дүйнөдөгү каржы кризисин алдын-ала жоромол кылып айткандыгы менен өзүн көшөкөрлөрүнө мактаткан мурдагы мамлекет башчыбыз бар. Бул физик мырзага бир-эки гана суроо сурасак: эмне үчүн 1992-жылдан тартып эле Бирштейндин капканына илинип калгансыз жана эмне үчүн Кум-Төр алтын кенин иштетүү жаатында 2002-2003-жылдары Кыргызстандын пайдасына толук чечилчү жагдай 180 даражага тетири бурдурулуп калган? Азыркыга чейин Кум-Төрдүн алтынына уютулган аякка салынган каймакты көмүскөдө кала берип жаткан баалуу кагаз ээлери (арасында “биздикилер” деле болсо керек) жеп, карапайым кыргызстандыктар кырмычык кырган бойдон кала берип келет.

Кыргызстандагы саясий эркиндиктер, басма сөз эркиндиги үчүн күрөш, атуулдук коомду калыптандыруу түйшүктөрү да чейрек кылым ичинде узун сабак сөз болчу тарыхка айланды. 2002-жылдын мартындагы Аксы окуясы, андан кийин бакиевчилер маалында саясий себептер менен өлтүрүлгөн же жарадар кылынган инсандарыбыз жаатында эле бир нече томдук китеп жазууга болот.

Чейрек кылым маалында маданиятыбызда олуттуу окуялар жана саамалыктар орун алды. Эски цензурадан бошонгон театр, цирк жана кино өнөрпоздору, жаңычыл сүрөткерлерибиз саамалыктары жана өрнөктүү тажрыйбалары менен эл көзүн ачышты. Манас айткан жомокчуларыбыздын жаңы мууну өсүп чыкты. Атай Өмүрзаков, Клара Чотоева, Жумаш Дурусалиев сыяктуу өнөрпоздорубуз, Базбек Давлетов, Талантбек Батыралиев сыяктуу окумуштууларыбыз, миңдеген спортчуларыбыз кыргыз туусун төгөрөктүн төрт бурчуна таанытышты.

Кыргызстан өзүнүн эгемендиги доорунда дүйнөнү өз алдынча ачууга өттү, өзү да дүйнөгө ачыла баштады.

Маданият мурастарынын көйгөйлөрү

Чын-чынында, 2016-жылды “тарых жана маданият жылы” катары жарыялоо аркылуу Кыргызстан өзүнүн асыл-нарктарын жакшылап таразалоого мүмкүндүк алмакчы.

Маселен, металл издөөчү аспаптар менен куралданып алып, эски мүрзөлөрдү казган көркоолорго жана эски тыйындар, сүрөттөр, жасалгалар менен буюмдарды тымызын чек арадан уурдап өтүп жаткан шылуундарга каршы күрөшкө коомчулук көңүлү мурдагыдан да олуттуу бөлүнмөкчү. Шаар-кыштактардагы тарыхый имараттарды арзан сатып алып, тарыхый келбетин ойрон кылып жаткандарга каршы айоосуз чаралар иштелип чыгышы керек.

Археологиялык эстеликтерди коргоо жаатындагы мекеме Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы эч күчү жок бюрократтык бир чакан бөлүмчө болбостон, түздөн-түз Өкмөт башчыга баш ийген атайын мекемеге айланышы керек деп талап кылган археологдордун сунушуна да кулак салуу учуру келди.

ЖОЖдордо бажычыларга көмөк кылып, маданий мурастарды баалай ала турган жана эски эстеликтерди, сүрөттөрдү оңдой алчу атайын адистерди даярдай турган кафедралар, археологиялык эстеликтерди илимий анализ кылчу заманбап лабораториялар ачылышы керек.

Айыл-кыштактардын салттык аталыштарын кайсы-бир кишинин ысымы менен атоону таптакыр токтотуп, оторчул доордо сырттан таңууланган аталыштарды четинен жоюу зарылдыгы да бар. Маселен, падыша Александрдын ысымынын (Александровка) ордуна бул тургун жайдын эски аталышын кайтаруу абзел. (Тарыхчы Кыяс Молдокасымов жазгандай, оторчулук маалында Ташкен шаары да аз жерден падышанын урматына Александровград деп аталып кала жаздаган).

Кээде колхоз бригадиринин же аткаминеринин ысымы бүтүндөй айылга коюлуп калган оодандар да бар. Бишкек шаарынын райондорунун Свердлов, Октябрь, Биринчи Май жана Ленин деген аталыштарынын ордуна Ала-Арча, Орто-Сай, Төкөлдөш, Мыкан, Жибек жолу сыяктуу эски географиялык аталыштарды же Барсбек, Жусуп Баласагын, Чыңгыз Айтматов, Саякбай, Курманжан датка, Бүбүсара сыяктуу инсандардын ысымдарын ыйгарууга неге болбосун?

"Википедиянын" кыргызча барагы. 2011.
"Википедиянын" кыргызча барагы. 2011.

“Маданият жылы” – кыргыз тилинин интернет айдыңында кеңири жайылышынын да жылы болууга тийиш. Буюрса, ушул жылы “Гугл” да кыргызча сүйлөп калаар... Кыргызстандагы уюкфон компанияларынын бардыгы кыргыз тилиндеги интернеттик ачык, акысыз таалим-тарбия ресурстарын (кыргызча “Википедия”, “биздин.кг” ж.б. интернеттик барактарды дагы) бекер ачууга мыйзам тарабынан милдеттендирилсе дурус болмок. Уюкфондун алатоолук кардары канчалык терең билимдүү болсо, ал уюкфондук компаниянын интернеттик тейлөөсүнө ошончолук кызыкдар болоору шексиз. Эмитен эле жайлоодо жүрүп интернеттеги коомдук тармактарды уюкфон аркылуу ачкандардын саны көбөйдү.

Заманбап ачык окуу ресурстары билим булактарына суусаган кыргыз тилдүү кардарларды башка тилдерди үйрөнүүгө да ынтызар кылат. Демек, алар этностордун арасындагы ыктыярдуу маданий көпүрө кызматын да аркалап беришет.

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын “тарых жана маданият жылы” катары жарыяланышын келекелеш оңой, бирок андан коом үчүн пайдалуу натыйжа алып калуу – жигердүү атуулдардан түйшүктү жана тынымсыз мээнетти талап кылаары шексиз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG