Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Карахандар доору жана Кыргызстан: Эне тилге изги мамиле


"Бурана" мунарасы - Карахандар каганатынын ордосу Баласагын шаарынын калдыгы. Чүй өрөөнү, Кыргызстан. 07.6.2015.
"Бурана" мунарасы - Карахандар каганатынын ордосу Баласагын шаарынын калдыгы. Чүй өрөөнү, Кыргызстан. 07.6.2015.

Кыргыздардын жана жалпы эле ислам динин кабыл алган түрк элдеринин маданий деңгээлин бөксөртүп элестеткен манкурттар орто кылымдарда деле болгон, азыр да бар. Он кылым илгерки мусулман түрк аалымдарынын эне тилибиздеги көөнөргүс эмгектери азыр да түркөйлүктү ашкерелеп келет.

Бейишке чыгуу - тилге карайбы, же ыймангабы?

Жакында Фейсбуктан бир ала-тоолук замандаштын оюн окуп калдым. Анда ал “арапча билбегендер баары бир бейишке чыга алышпайт” дегендей калпыс ойду жазган экен. “Куран таасын арап тилинде түшүрүлгөн” деген маалыматты ал замандашыбыз дал ушунчалык түркөйлүк деңгээлде аңдаган экен.

Ар кыл тарыхый чөлкөмдөрдө, ар башка замандарда кайсы-бир гана тилдин “кудай тарабынан колдоого алынганын” тастыктоого далбаса кылган мындай “көзү ачыктар”, буга окшогон “бир гана тилдин шовинисттери” далай ирет чыккан.

Аларды кургак сөз менен айтышып жеңүү үчүн далаалат кылуу – кайым айтышуудагы багынып берүүгө тете. Иш жүзүндө кайсы-бир тилде сүйлөгөндөр бул тилдин жандуулугун турмушта далилдеши керек, илимде да, саясатта да, демейдеги турмушта да бул же тигил тил байсалдуу жашап жатканын ошол тилде сүйлөп, ырдап жана эмгектер жазып тастыкташы керек. Энелер бешик ыры аркылуу бөбөккө эне тилин таанытышы керек. Эч бир тилдин алып жүрүүчүсүнө бир заматта эле асмандан ийгилик түшө калбайт.

Эне тил үчүн узак мөөнөттүк ийгиликке жетишүү үчүн ар кыл чарбалык, илимий жана башка тармактарда саамалык көтөрүп, өз эне тилин урпактан урпакка мурастап чыңдаган миңдеген же миллиондогон айдыңдар жана карапайым ата-энелер жарыша мээнет тер төгүшү ылаазым.

Киши баласы алмустактан бери ошентип да келе жатат...

Мусулмандык кайра жаралуу жана түрктөр

X кылымдан тартып Теңир-Тоодогу түрк калктары шарттуу түрдө «мусулмандык кайра жаралуу (ренессанс)» деп айрым азыркы илимпоздор айтып жүргөн илимий жана маданий өнүгүү заманын башынан өткөрүп жаткан көп этностуу евразиялык жана түндүк африкалык чөлкөмгө ыктыярдуу баш кошкон.

Түрк калктары байырлаган аймактарда мурдагы Саманийлерге таандык Бухара, Самарканд шаарларынан башка да атагы алыска тарай баштаган теңир-тоолук жана чыгыш ферганалык илимий жана маданий борборлор (Баласагын, Кашкар, Өзгөн, Ош, Тараз, Барскан, Ат-Баш, Тарсакент, Шаш, Фарап, ж.б.) бар эле.

Борбордук Азиядагы көптөгөн шаарларда диний жогорку окуу жайлары — медреселер IX – X кылымдардан тартып ачылып, аларда диниятчылардын ислам, мусулмандык укук (фикх) сабагынан башка этика, логика, философия, адабият сыяктуу диний эмес сабактар да өткөрүлгөн. Kөп учурларда мечиттерде диний мектеп ачылар эле. Ар бир мечитте өзүнчө китепкана куралгандыгы өзгөчө кызык.

Ушундай кырдаалда мусулмандык батыш чөлкөмдөрдөн Борбордук Азияга, анын ичинде Теңир-Тоого далай атактуу илимпоздор жана диниятчылар келип-кетип турушкан. Өз кезегинде Кара кагандар дөөлөтүнүн билимдүү инсандары Мекеге ажылыкка гана эмес, илим-билим алуу үчүн да Ортоңку жана Жакынкы Чыгыштагы илим чордондорун көздөй каттап турушкан. Батыш Европа католиктик диний караңгылык чүмбөтүн жамынып жаткан ошол чакта мусулман дүйнөсү илим жаатында кыйла ирденип, илгери жылып алган.

Адилет коом идеясы Чыгышта да таркаган

Азыр ачык коом, адилет турмуш, акыйкат мамлекет, атуулдардын инсандык кызыкчылыктанын коргоо идеяларын Батыштан (христиандык Батыш Европа менен АКШдан) алганбыз деп бул идеяларды чанган билими тайкы айрым мусулман замандаштар, дааватчылар четтен чыгат. Иш жүзүндө, адамзат үчүн бул жалпы баалуулуктар Байыркы Чыгышта өнүгүп, четинен Жер ортолук деңизи аймагындагы өлкөлөр аркылуу Батыш Европага таркаган.

Адилет коом тууралуу идея өзүбүздүн эле жердешибиз Абу Наср Фараби ат-Түрки тарабынан да өнүктүрүлгөн. Жакшылык жана кут конгон шаарлар тууралуу сыпаттап келип, ойчул Фараби мындай шаарларда (коомдордо) өкүмдар билимдүү, ойчул, ыймандуу болушу керек; бардык тургундардын бактысы үчүн далаалат жасалышы керек; мындай шаарларда жакшылык жана акыйкаттык орноп, жамандык менен зомбулук четке кагылат деп санаган.

Карахандар мамлекетинде жашаган залкар акын жана ойчул Жусуп Баласагын дагы адилет жана илимдүү каган жана таалимдүү аткаминерлер эч паракордукка азгырылбай, мамлекетти акыйкаттык менен башкарган коом тууралуу кыялданган. Бул бабаларыбызды ушундай гуманисттик идеялары үчүн “Батыштын тыңчысы” дешке болбос.

Ар бир тил - цивилизация ачкычы

Туура, ошол мусулмандык кайра жаралуу доорунда ар кыл этносторду баш коштурган илим тили жана баарлашуу тили катары негизинен арап тили кызмат кылган. Аны эч танбоо керек.

Бирок Европа менен Азияда илим жана баарлашуу тили катары ар чөлкөмдө ар башка тилдер жашап жана кызмат өтөп келгенин арап тилдүү аалымдар да моюнга алышкан. Маселен, борбордук азиялык окумуштуу Мухаммед ал-Хорезми санскрит тилинде сакталган математикалык мурасты өздөштүрүп, “нөл” (арапча “ас-сыфр” - “жок” дегенди туюнтат) деген санды киргизип, ондук санак системасын мусулман дүйнөсүнө жайылткан.

Илим жана билим дүйнөсү үчүн өз эне тили да мыкты кызмат кылганын аңдаган миңдеген жергиликтүү окумуштуулар арап тилинен башка да өз эне тилинде ар кыл эмгектерди арап графикасында жазып киришкен.

Ошентип, X кылымдан тартып поэзия, тарых, география сыяктуу айрым тармактар боюнча фарсы тилинде да көрүнүктүү эмгектер пайда болгон.

Түрк тилдери да илим-билим тили

Τүрк элдеринин исламды кабыл алган бөлүгүнүн илим-билимге жеткен алдыңкы өкүлдөрү X кылымдын акырынан тартып өз элинин салтын, тилин жана маданиятын денгээлинен бөксөртпөй арап окурмандарына тааныштырууга умтула башташат.

Маселен, ушул жалпы маданий өөрчүү мезгилинде мусулман динин кабыл алган түрктөрдүн поэзиясынын бермети — Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» («Кут билими») поэмасы 1069-1070-жылга карата бүткөрүлгөн.

Ойчул Жусуп Баласагындын эстелиги анын ысымын алып жүргөн Кыргыз улуттук университетинин маңдайында тургузулган. 14.5.2015.
Ойчул Жусуп Баласагындын эстелиги анын ысымын алып жүргөн Кыргыз улуттук университетинин маңдайында тургузулган. 14.5.2015.

2015-2016-жылдары миң жылдыгы шарттуу белгиленип жаткан акын жана ойчул Жусуп Баласагын Карахандар каганатынын түндүктөгү ордосу Баласагын шаарында туулуп-өскөн (азыр бул шаардын калдыгы Бурана шаар чалдыбары катары маалым).

Акын жана ойчул Жусупка бул поэмасы – дастаны үчүн “Аксарайдын Улуу башчысы” (“хасс хажип” — ордодогу кеңселик иштерди жетектеген «атайын төбөл») деген барктуу кызматтык даража ыйгарылган.

Анын кичүү жердеши, Ысык-Көлдөгү Барскан бегинин урпагы Махмуд Хусейин уулу Кашгари Барскани болсо 1072-1077-жылдар аралыгында “Түрк тилдеринин сөзжыйнагы” (“Дивану лугати-т-түрк”) эмгегин арапча жазып, анда караханийлик жана башка түрк тилдериндеги сөздөрдү жана фольклордук ой-мурас өрнөктөрүн арапчага которуп берген.

Ал өз эмгегине дүйнө картасын да тиркеген. Башка мусулмандык карталарда дүйнө борбору катары Меке, Медина шаарлары, жалпы Арапстан жарым аралы көрсөтүлсө, Махмуд Кашгари Барскани өз картасында дүйнө чордону катары Ысык-Көлдү жана Теңир-Тоо системасын чийген.

"Элдүүлүк" кыймылы этностордун маданий салымдарын тастыктаган

Мусулмандык диний ишенимдин алкагынан алыстабаган түрктөрдөгү жана башка калктардагы бул доордогу «элдүүлүк» (арапча “шу’убиййа”) кыймылы, албетте, өз доору үчүн ири жетишкендик эле.

Теңир-тоолук түрк илимпоздору орток бабабыз ал-Фараби ат-Түркинин жолун жолдоп, илим дүйнөсүндө оболу арап тили аркылуу өз алдынча из салышкан. Бирок эне тилиндеги руханий казынаны да унутушкан эмес. Акырындап өз эне тилиндеги адабий мурасты арап жазмасы аркылуу таркатууга өтүшкөн.

X к. —XI к. биринчи жарымында жашап жана эмгектенген борбордук азиялык даанышмандар, дарыгер жана энциклопедист Ибн Сина жана математик-энциклопедист Абу Райхан Беруни илимий мурастарынын гуманизми, улуттук-этностук чектөөлөрдөн эркиндиги менен ошол доордун аалымдарына терең таасир тийгизген. Алар араптардан башка этностордун илимдеги жана маданияттагы салымдарын астейдил изилдөөгө чакырышкан.

Маселен, Абу Райхан Беруни «Өткөн доорлордон калган эстеликтер» («Ал-асар ал-бакыйа ан-ил-курун ал-халийа») деген 1000-ж. жазылган эмгегинде бир катар чыгыш элдеринин араптар басып келгенге чейинки өнүккөн маданиятынан кабардар кылуучу көп маалыматтарды топтогон.

Хадис жана түрктөр

Өз элинин атуулу болгон адамдардын исламга да баш оту менен берилгенин жадыбыздан чыгарбайлы.

Өз элинин зоболосун көтөрүү үчүн алар эмне кылуусу керек эле? Ошол доор тартуулаган диний усулдарды терең пайдалануусу, алардын жардамы менен тигил же бул элге берилген жогорку бааны «мыйзамдаштыруусу» керек эле.

Ушул доордо, маселен, өздөрүнүн ар кыл маселелерин чечүү же тастыктоо үчүн теги арап эмес болгон жана ар башка этностордон чыккан мусулмандар дагы Куранга кайрылышкан. Куранда түз жооп табылбаса, Аллага же анын «акыркы элчиси» Мухаммедге таандык кылынып айтылчу атайын уламыштарга, аңгемелерге — хадистерге таянышкан.

Ал эми хадистердин жалпы топтому («сунна») негизинен VII к. акыры — IX к. жыйналып бүткөнү жалпыга маалым эмеспи. Анын ар кыл редакциялары пайда болгон. Айырмалуу маалыматтары бар мындай хадистик топтомдордо тигил же бул чөлкөмдүн этносторунун кызыкчылыгын эске алган ар кандай талаш-тартыштуу хадистер да пайда болгон.

Ошондой «Мухаммедге таандык» делген хадистердин бир катары IX кылымдын акырына чейин пайда болуп, түрктөргө жана алардын саясий ролуна арналган.

Биз Махмуд Кашгари Барскани жазып калтырган бир хадистин мазмунуна шилтеме бере кетсек болот:

«Бухаранын имамдарынын кадыр-барктуусунан жана Нишапурдун диниятчы калкынан чыккан башка дагы бир имамдан... Алланын элчисине (б.а. Мухаммед пайгамбарга. — Т.Ч.)... таандык кылып айткандарын эшиткен элем: ал (Мухаммед) кыямат-кайымдын белгилери, акыр замандык козголоңдор жана огуз түрктөрүнүн жортуулдары тууралуу айтып келип: «Түрктөрдүн тилин үйрөнгүлө! Анткени алардын шыбагасында узакка созулуучу бийлик бар!» — деп буюрган экен».

Айтмакчы, ар кандай эле хадисти XI к. мусулман окурманы акыйкат катары кабылдай берген эмес. Себеби, далай диниятчылар «дарекке негизделбеген» хадистерди ойлоп таба берип, «ооз күйдүрүшкөн».

Көбүнчө, өзү айткан хадис ишенимдүү экенин тастыктоо үчүн аны айтып жаткан адам хадисти кимден укканын, а мурдагысы кимден үйрөнгөнүн, андан мурдагысы кимден өздөштүргөнүн... чынжыр же бутактары терең тамырдан чыккан санжыралык дарак кылып саймедирлеп айтып берер эле. Хадисчилердин ысымдарынын бул тизими, чынжыры «ыснат» (иснад) деп аталган. Эгерде бул тизимдеги ысымдар кадырман диниятчылардан турса, анда, албетте, мындай хадиске карата ишеним жогорулаган.

Ошон үчүн Махмуд Кашгари Барскани өзү мисал кылган хадисти айткан бухаралык жана нишапурдук алиги эки имамды тең «ыснаттуу хадис айтуучулардан» деп атайын алардын зоболосун көтөрүп жазат.

«Эгерде бул хадис туура болсо, ал үчүн жооп бериш — алиги эки айтуучунун мойнунда, — анда аны (түрк тилин) үйрөнүү милдеттүү ишке жатат», дейт Махмуд Кашгари. Демек, түрк тилин үйрөнүү, аны хадистен таап жатсак, диний милдет экен да!

Куранда айтылбаган чакта да, башка тилдерди үйрөнүү - зарылчылык

Ал эми бул хадис «жалган» чыксачы? Баары бир эне тилди кастарлап-барктоо зарыл, - деп эсептейт Махмуд Кашгари Барскани:

«Арийне, бул хадис төгүнгө чыгарылган шартта да акыл өзү аны (түрк тилин) үйрөнүүнү талап кылат».

Бул жерде, албетте, Махмуд Кашгари Барскани Ортоңку Чыгышта, анын ичинде Багдад халифатынын борбордук аймактарында, огуз түрктөрдүн ичинен чыккан Селжукийлер бийлеп турган доордун саясий жагдайын көңүлдө тутуп жатат.

Махмуд Кашгари Барскани түрк калктарын майдалап этносторго ("урууларга") бөлүп иликтегени менен, аларды жалпы түрк улуту катары гана кабыл алган. Багдад халифине саясий үстөмдүк кылган Селжук урпактары - бул окумуштуу үчүн тек гана түрк элинин бөлүгү. Демек, саясий зарылчылык да бул түрк тилин үйрөнүүнү талап кылат.

Бул жөнүндө Махмуд Кашгари Барскани "Диванынын" кириш бөлүмүндө төмөнкү саптар аркылуу баса белгилейт:

«Алардын (түрктөрдүн) жебелеринен сактаныш үчүн ар бир акылга эгедер адам алардын дегенинен чыкпаганы ылайык. Өзүнө түрктөрдүн кулак салышы үчүн жана алардын көңүлүн ийитиш үчүн бул түшүнүгү терең адамдарда алардын (түрктөрдүн) тилинде сүйлөөдөн башка мыкты чара жок».

Мусулман кайра жаралуусу - бул ар кыл этностордун маданий өрүшүнүн улантылышы

Ислам дүйнөсүндөгү орток цивилизациялык өрүш (прогресс) арап эмес элдердин ар башка чөлкөмдөрдөгү маданий өсүшүнөн да көз каранды болгон.

Айтмакчы, XI кылымда Теңир-Тоонун жана Фергананын ар кыл элдеринде арап жазмасынан тышкары эле жазма маданияттын илгертеден келген башка салттары да орошон турмушун уланткан.

Алардын арасында согду, сириялык несториандык, түрк жана башка жазмалар болгон.

Эне-Сайдагы Кыргыз каганатында XII кылымга чейин руна сымал жазма да пайдаланылган. X кылымда арап саякатчысы Абу Дулаф да кыргыздардын өз жазма маданияты бардыгын "алардын ыбаадатканасы жана жаза турган каламы бар" деген маалыматы аркылуу тастыктаган. Ал эми кыргыздын руна сымал жазма эстеликтери Түштүк Сибирде гана эмес, андан тышкаркы аймактарда да сакталып жеткени жалпыга маалым.

Демек, VI - XI к. теңир-тоолук жана башка чыгыш түрктөр, алардын арасында кыргыздардын ар кыл топтору, бир нече кылым ичинде руна сымал түрк алфавитин, ошондой эле санскрит, тибет, уйгур, сириялык, согду жана арап жазууларын бул топтордун саясий-дипломатиялык, диний, маданий жана тарбиялык багытына жараша өздөштүрүп колдоно билишкен. Алардын арасында ханзуча (кытайча) жаза билгендер да болгон.

Орток түрк жазмасы

Илимде кийинчерээк «уйгур жазмасы» деп шартуу гана аталган жана мусулман эмес чыгыш түрктөрдүн арасында кеңири таралган жазмага келсек, бул жазманы X — XI кк. теңир-тоолук айрым мусулман түрктөр да пайдаланышкан.

Жусуп Баласагындын эмгегинин Венада сакталган Герат көчүрмөсү орток түрк жазмасында көчүрүлгөн. 14.6.2015.
Жусуп Баласагындын эмгегинин Венада сакталган Герат көчүрмөсү орток түрк жазмасында көчүрүлгөн. 14.6.2015.

Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастанынын бизге жеткен 1439-жылкы гераттык көчүрмөсү арап жазмасындагы нускадан дал ушу орток түрк жазмасы менен көчүрүлүп жазылган. Бул кол жазма азыр Австриянын борбору Вена шаарында сакталууда.

Махмуд Кашгари Барскани болсо бул жазманы түрк тилдеринде ("алсинату-т-турк") колдонушаарын таасын белгилеген жана "Диванында" анын тамгаларын айырмалап жазып көрсөткөн.

Демек, бул орток түркчө жазманы ошол кездеги манихей же бутпарас, б.а. каапыр уйгурлар гана эмес , башка түрк тилдеринде сүйлөгөн калктар да пайдаланышкан. Ошол себептүү орусиялык түрколог Л.Ю.Тугушева сыяктуу адистер бул жазманы "уйгур жазмасы" дебестен, "орток түрк жазмасы" деп атоо керектигин белгилеп келишет.

Арап жазмасы - мурдагы жазма маданиятка жаңы көпүрө

Мусулмандык кайра жаралуу доорундагы ар кыл цивилизациялар тогошкон кырдаал бизди кандай тыянак-пикирге жетелеши мүмкүн? Карахандар доорунда жазма маданияттын жаңы түрүнө — арап жазмасынын стихиясына жапатырмак өтө баштаган теңир-тоолук түрктөр буга чейин ар кыл жазмада өнүгүп келген эне тилдеги жазма адабиятын ушул арап жазмасынын кыртышына салууга, арап жазмасы аркылуу андан ары өнүктүрүүгө умтулушкан.

А. Н. Кононов, Е. Э. Бертельс сыяктуу чыгышпоздор Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастаны арап-фарсы адабиятынын таасирлерин алып чектелбестен, жергиликтүү түрк адабиятынын XI кылымдын 60—70-жылдарына чейин топтолгон нукура элдик бай тажрыйбасынын негизинде пайда болгон көркөм чыгарма экендиги жөнүндө акыйкат белгилешкен.

Теңир-тоолук жана ферганалык түрк калктарынан чыккан аалымдар тек гана арап же фарсы тилдеринде эмгек жазууга үлүш кошуп тим болбой, «мусулмандык чөлкөмдөгү» элдерге өз элинин – кыргыз, чигил, йагма, карлук, кыпчак сыяктуу көп этносторго жиктелген түрк элинин тарыхы, салт-каадасы, маданияты, этнографиясы, тили жөнүндө арап жазмасын пайдаланып кеңири түшүнүк берүүгө, түрк элдеринин көөнө маданияты да мактоо сөзгө арзый турганына чет элдиктерди ынандырууга бара-бара умтулушкан.

Түрк тили - марага умтулган кош аргымактын бири

Түрк элдеринин көөнөргүс маданияты бар экендиги, алардын тилдери да арап тилиндей эле татыктуулугу жөнүндөгү орчун пикир Махмуд Кашгари Барсканинин «Диванынын» мисалында толук ырасталат.

Өзүнүн өмүрүндөгү чыгармачылыгынын туу чокусун түзгөн «Түрк тилдеринин сөз жыйнагын» жазуудагы аруу тилегин Махмуд Кашгари Барскани китебинин кириш бөлүгүндөгү «Түрктөрдүн тилдери байгеге тең чамал чыгып келаткан кош аттын сыңарындай арап тили менен атаандашып жаткандыгын билдирүү максатында» бул эмгегин жазгандыгы тууралуу саптары менен туюндурган.

Бул түшүндүрмөдө Махмуд Кашгари Барскани өз эне тилин кээ бир шовинисттерче «жападан жалгыз мыкты тил» деп бир беткей баалабастан, арап тили менен теңтайлашып теңата болуп марага озуп келе жаткан телегейи тегиз тил катары сыпаттайт. Мында "арап тилинен башка тилдерди да жерибөө керек" деген эң чоң гуманисттик ой жатканын адистер белгилеп келишет.

Кыргыз тили да келечектүү

Заманбап кыргыз окумуштуулары азыркы тапта кыргыз тили да башка тилдерден эч кем эмес нагыз илим тили экендигин эне тилде жазган илимий эмгектери, энциклопедиялар, окуу китептери аркылуу тастыкташууда.

Бул – оңой-олтоң эле жүзөгө ашырыла берген жүрүм эмес болчу. Маселен, кыргыз тили үчүн күйгөн далай кыргызстандык айдыңдар 1930-50-жж. куугунтукка кабылган, алоды - атылган, арты - абакка түшкөн же жумуштан айдалган.

Окумуштуу Ракым Усубакунов (1929-1982) Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин) проректору кызматында турганда, жогорку математика боюнча окуу китептерди кыргыз тилинде жарыялаганы үчүн 1960-жылдардын этегинде коммунисттик бийлик тарабынан "улутчул" катары куугунтукталган. (Фрунзе политехникалык институтунун жана борбор шаардагы ЖОЖдордун студенттери Усубакуновду коргоп нааразылык жыйындарын да өткөргөн).

Жогорку окуу жайлары үчүн жазылган "Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр" деген 2 томдук окуу китебинин, "Математикалык анализ" деген 3 томдук окуу китебинин, Математика терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүнүн, механика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүктүн ж.б. кыргызча эмгектердин автору болгон Р.Усубакуновдун өрнөгү Ала-Тоодогу башка айдыңдарды да «ойготкон». 1970-жылдардан тартып ар кыл илим тармактары боюнча кыргызча сөздүктөр жана эмгектер жамырап жарыялана баштаган.

Эгемендик доорунда Кыргызстандагы ар тармактуу илим эне тилибизде - кыргыз тилинде кадыресе колдонулуп келет. Бул тилде илимий диссертациялар корголууда. Бул тилде интернет маалыматтары таркалууда. Бул тилде "Манас" сыяктуу көөнө дастандарыбыз сакталууда. Мамлекеттик бийлик бутактары да эне тилди байсалдуу колдонуп жатышат.

Эне тилибиздин келечегине шек келтирүүгө эч мүмкүн эмес.

Тилден - дилге, бир цивилизациядан - жалпы интеграцияга

Ислам динин кабыл алган, бирок ошол эле учурда түрк тилдерин да өркүндөткөн Карахандар каганатынын мезгили Атажуртубузда жана жалпы түрк калктарынын тарыхында өзүнчө бир күрдөөлдүү доорду түзөт. Бул өзгөчө маанилүү доордо Улуу жибек жолунун тогуз чыйыр кесилишкен тоомундагы өтө маанилүү таманын көзөмөлдөгөн теңир-тоолук мусулман жана башка түрктөр ар кыл динге ишенген ар түркүн этностор менен байма-бай илимий-маданий карым-катнаш жүргүзүүгө жетишкен.

Азыркы заман да он кылым мурдагыдай, ал гана түгүл, андан алда канча артык интеграциялык өзгөчөлүктөргө ээ. Бул өзгөчөлүктөрдү аңдай албасак, баалап-барктай албасак, замана талабына ылайыктап өз нукура маданиятыбызды, кыргыз тилин - өз эне тилибизди өнүктүрө албасак, анда, айрым серепчилердин оюнча, дүйнөлөшүүнүн эпкининин айынан колубуздагы кайра жаралуу заманынын мөмөсүнөн кайрадан ажырап калышыбыз деле ажеп эместей.

Бирок биздин пикирибизде, элибиздин азыркы интеллектуалдык деңгээли, атуулдук коомубуздун жана мамлекетибиздин эгемендик доордогу ар тараптуу иш-аракети мындай кесепеттүү натыйжага эч жол бербейт. Он кылым мурдагы жана андан да илгерки руханий бакча азыр да мөмө берип келет. Азыр да кыргыз эли өз алдынча маданий нугун жана бабалардан мурасталган баалуулуктарын сактоо менен бирге, жалпы адамзаттын заманбап цивилизациялык жуурулушуу жүрүмүнө байсалдуу катыша бермекчи.

Тилибиз аркылуу дилибизди тастыктайбыз. Дилибиз - дүйнө үчүн ачык. Бул дүйнө болсо дили таза бабаларыбыздын идеяларын кастарлаган, ар бир элдин тили да сакталган, маданий баалуулуктары да баркталган орток коомго айлануусун уланта бермекчи.

XS
SM
MD
LG