Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Жусуп Баласагын – мусулман түрк элдеринин миң жыл жашаган билгиси


Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратынын алдында "Кутадгу билиг" эмгегинин авторунун айкели тургузулган. Бишкек ш.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратынын алдында "Кутадгу билиг" эмгегинин авторунун айкели тургузулган. Бишкек ш.

Айтылуу “Кутадгу билиг” (1069-70) чыгармасынын автору, ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын миң жылдык мааракесине арналган иш-чаралар 2015-2016-жылдары Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө өткөрүлмөкчү.

Эмне үчүн Жусуп Баласагынды “билги” дейбиз? Фарсыча “дааныш” (“дониш”) сөзүнүн жүгүн көтөргөн бул эски кыргыз сөзү аркылуу Жусуп Баласагындын энциклопедиячыл кеңири маалыматка ээ илимпоз экени, анын мамлекетти туура башкаруу жолдорун өкүмдарларга үйрөткөн өз доорунун кан Бакайы болгону баса белгиленет.

Түркиялык аалым, татар тектүү Рахмети Арат сыяктуу залкар түркологдор Жусуп Баласагындын азыркы Кыргызстандын Токмок шаарынын түштүк-батыш ыптасындагы Бурана шаар чалдыбарынын ордунда жайгашкан даңазалуу Баласагын шаарында 1015-16-жылдар аралыгында туулганын белгилешкен.

Жусуп Баласагын 54 жашында карахандык орток түрк тилинде философиялык-насаатчыл “Кутадгу билиг” - “Куттуу билим” (башкача мааниси – “Кут кылчу бийлик”) чыгармасын жараткан. Бул чыгарманы Карахандар мамлекетинин улуу каганы жогору баалап, акынга “улуг хасс хажиб” – “кагандык сарайдын улуу ордо башчысы” кызматын ыйгарган.

Азыркы тапта көптөгөн түрк өлкөлөрүндө бул чыгаан билгини тек гана Жусуп Хас Хажиб деп аташып, негедир анын туулган шаарына байланыштуу ныспаны (Баласагын, ал-Баласагуни) көңүлдөн чыгарып келишет. Мунун сыры – “Баласагын” (Баласагуни) деген ныспаны кошсо эле, анда бул аалым жана акын Кыргызстандын гана аймагына таандык болуп калат деген тар түшүнүктөнбү?

Кыргызстандыктар болсо дайыма Жусуп Баласагындын мурасы жалаң гана кыргыз элине эмес, жалпы түрк калктарына орток, деп баса белгилеп келишет.

Быйыл 12-майда Кыргызстандын Президенти А. Атамбаев кол койгон Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндөгү жардыкта да бул даанышман бабабыз, чыгыш мусулмандык кайра жаралуу доорунун залкар ойчулу, мамлекеттик башкаруунун теориясына жана тажрыйбасына, түрк дүйнөсүнүн руханий асыл-нарктарын жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери – жалпы түрк элдеринин орток бабасы экени баса белгиленет.

Жусуп Баласагындын киндик каны тамган жер - Баласагын шаары - Карахандар каганатынын түндүктөгү борбору болгон. Аны “Куз Ордо” - “тескейдеги ордо шаар” деп да атап коюшкан. Ал эми түштүктөгү Карахандардын ордо шаары – Кашкар шаары болгон. Өзгөн шаары болсо Батыш Карахандар каганатынын алгачкы борбору катары маалым.

Теңир-тоолук түрктөрдүн көчмөн чигил эли негиздеген Карахандар каганаты X-XII кылымдардагы руханий, маданий, экономикалык жана саясий өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен эң ири мамлекет болгон. 960-жылы ислам динин расмий кабыл алганы менен, көп этностор жашаган бул мамлекетте башка диндердин өкүлдөрү да эркин байырлаган. Маселен, Чүйдөгү шаарларда “тарса” деп аталган несторийчил христиандардын маалелери болуп, алардын мүрзө таштары азыркыга чейин сакталып жеткен. Аймакта бутпарас, манихей, теңирчи ж.б. диний агымдардын өкүлдөрү байырлаган.

Азыркы кыргызстандык тарыхчылар жана саясатчылар белгилешкендей, Улуу Кыргыз дөөлөтү доору (IX-X кылымдар) менен катар эле Карахандар доору да бүгүнкү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый пайдубалын чыңдоого зор салым кошкон.

Бир катар көчмөн жана отурукташкан түрк этностору байырлаган бул Карахандар доорунан бери сакталган мөмөрчүлүк (архитектуралык) эстеликтердин арасында Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазил көрүстөнү, Таш-Рабат кербен сарайы, Ат-Баш шаарынын калдыгы (азыркы Кошой-Коргон), Кочкор-Башы шаарынын калдыгы (анын бир өңүрү Кочкордогу Кырк чоронун күмбөзүнүн аймагын ээлейт), Барскан шаарынын калдыгы (Жети-Өгүз районунда), Чүйдө, Таласта, Ошто жана башка аймактарда сакталган көптөгөн тургун жайлардын калдыктары бар.

Карахандар каганаты – жалпы “мусулман ренессансы” деп австриялык аалым Адам Мец таамай жана көркөмдөп атаган доордогу илим-билим өнүккөн ири мусулмандык аймактын түндүк-чыгыш бучкагын түзгөн.

Демек, Жусуп Баласагын жана анын кичүү замандашы Махмуд Кашгари Барскани Кыргызстандын аймагында энциклопедиячыл ойчулдар катары калыптангандыгы кокустук көрүнүш эмес болгон.

Жусуп Баласагын өз эмгегинде Евклиддин (Оклидис) илимий мурасын, алгебраны, тамыр чыгарууну ж.б. үйрөнүүгө чакырат. Махмуд Кашгари Барсканинин чыгармасында тилчи Исхак Фарабинин, математик жана географ Абу Райхан Берунинин, араб-мусулман картографтарынын идеяларын жана маалыматын өздөштүргөнү байкалат.

Кыргыздар жана башка түрк элдери Жусуп Баласагын жазган“Кут билимди” өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык бермети деп эсептешет.

Эмне үчүн мында “мусулмандык” сөзү кошулуп жатат? Анткени ислам дооруна чейин эле чыгыш түрк калктарынын (анын ичинде кыргыздардын) адабий мурасынын руна сымал жазмада жана башка жазмаларда калтырылган берметтери бар болчу.

“Кут билим” - Карахандар мамлекетиндеги калайыктын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндөгү өзгөчө бай маалымат булагы. Бул чыгармада мамлекетти башкаруунун теориясы жана тажрыйбасы да мыкты чагылдырылган.

Жусуп Баласагындын бул энциклопедиялык трактаты мамлекетти адилет башкаруу тууралуу жобону камтыйт жана Жусуп Баласагын коомдогу башкаруучу катмарды акындык ыкма менен илим-билимге чакырат; аткаминерлерди зулумдук, паракордук сыяктуу жосунсуз жоруктардан алыс болууга үндөйт.

Кыргызстанда бул мааракеге карата бир катар эл аралык илимий жыйындар өткөрүлмөкчү. Бурана комплексинде заманбап ажайыпкана куруу идеялары да көтөрүлүүдө.

“Кутадгу билиг” эмгегинин текстин заманбап кыргыз тилине илимий усулда которуу зарылдыгы да белгиленип жатат.

Албетте, Жусуп Баласагындын мурасын калыс жана так иликтөө ар кыл бурмалоолорду четке кагууну да талап кылат. Маселен, азыркы тапта Кашкарда Жусуп Баласагындыкы катары сунушталып жаткан күмбөз - туристтик заманбап имарат болуп саналат. Жергиликтүү уйгур жана кыргыз тургундар бул имарат курулганга чейинки мүрзө тек гана суфийлик топтун бир өкүлүнүн жасаты жашырылган бейит болчу деп келишет. Бул сыяктуу жоромолдордун чын-төгүнүн териштирүү үчүн биргелешкен жаңы эл аралык илимий иш-аракеттер талап кылынаары шексиз.

Жалпылап айтсак, он кылым илгери Баласагын шаарынан чыккан улуу билгинин мааракеси миң жылдан кийин да жалпы түрк калктарын жана башка тарыхый коңшуларды ынтымакка, биримдикке, илимий жана маданий кызматташтыкка чакырган иш-аракеттин чордону болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG