Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

1916-жылкы улуу көтөрүлүш: Тактыкка карай умтулсак: (Мурдагы элчи М.Абыловдун билдирүүсүнөн улам)


 “1916-жылкы көтөрүлүш: Мааниси жана сабактары” аттуу илимий жыйындын көрнөгү. Бишкектеги “Достук” конок үйүнүн жыйын залы. 11.11.2015.

“1916-жылкы көтөрүлүш: Мааниси жана сабактары” аттуу илимий жыйындын көрнөгү. Бишкектеги “Достук” конок үйүнүн жыйын залы. 11.11.2015.

Жетинин айынын 11инде 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхына арналган илимий жыйын болду. Бирок айрым коомдук ишмерлер өздөрүнүн жекече пикирлерин жыйындын катышуучуларынын жалпы пикири катары жарыялап жиберген учур катталды. Маселенин чоо-жайы эмнеде? Тарыхчы Т.Чоротегин айрым талуулуу жагдайларга кайрылат.

1. Коомдук талкуу менен илимий жыйындын айырмасы бар

Идеалдуу илимий жыйындарда тарыхчы окумуштуулар соңку табылгаларын ортого салышат, жаңы теориялык же башка бүтүмдөрү менен бөлүшөт, айрым жаңы архивдик, археологиялык же башка булактардын жаңы маалыматына назар салышат, кээде мурда так жазылбай же ачылбай калган бүдөмүк жагдайларды жаңы усулга негизденип ачыкташат. Булардын бардыгын алар саясаттын күнүмдүк кызы кчылыгына өз турумун чидерлентпестен изилдешет жана жаңы тыянактарын жарыялашат.

Адатта, мындай жыйындарга сырттан капысынан келе калып, дилетанттык оюн таңуулап, окумуштуулардын атынан саясий чакырык жасата калууга ынтызар кишилер дээрлик чакырылбайт.

Кыргызстанда болсо коомдук жыйындарды “илимий-практикалык конференция” деп жөн келди атай салуу модага айланып кетти. Кээде ага катыштырылган окумуштуулар – тек гана илимдеги бюрократтар, бирок тийешелүү темага байланыштуу эмгеги жок кишилер болуп чыгат, бирок алардын академик, доктор, профессор наамы болушу мүмкүн, бери дегенде алар Борбордук Азия менен Түндүк Европанын Дилеттанттар академиясынын анык мүчөсү деген күбөлүктү көтөрүп жүрүшү ыктымал. Дал ушундай “илимий жыйындар” көптөгөн саясий оюнчулар үчүн жалкоо аарыны өзүнө азгырган бал челектей эле шилекей чууртчу бутага айланат.

Адатта, сырттан келгендер мындай жыйында сөз сурашат; “керек болсо, сөз бербесең деле ордумдан кыйкырып сүйлөй берем” деп опурулушат. Илимий китепти же макаланы окубасам деле оюмду 5-6 мүнөткө жеткирип айта кетейин деп айкөлдүк кылышат.

Алардын айрымдарынын, албетте, илимий делген жыйындын беделин түшүргөн сөздөрүндө көп учурда жүйөө деле болбойт. Жалаң гана эмоцияга алдырган жана өзүн башкаларга баатыр көрсөтүүгө мүмкүндүк берчүдөй сыяктанган курулай билдирүүгө жык толгон дилетанттык сөздөрдү жаадырышат.

Мындай учурда, окумуштууларды кыйнабастан, коомчулук өкүлдөрүнүн дилетанттык талкуусу гана болду деп атоо керек болчу. Ал эми дилетанттык талкууга катышууга буту баскандын бардыгынын акысы бар. Керек болсо, филолог болуп туруп Эйнштейндин теориясын ордунан тургус кылып “талкалай” алабыз, же кытайча бир сөздү билбей туруп, иероглифти кытайлыктарга биз үйрөткөнбүз деп “далилдей” алабыз.

Бул коомдук дилетанттык жыйындарда Чынгыз-ханды да “кып-кыргыз” деп жарыялоого болот, Чыңгыз-хандын чоң чоң энеси Алангоаны санжырадагы Наалы эже дешке болот, ал түгүл Наполеонду деле “байыркы кыргыз Аттилланын байкалбай жүргөн урпагы болчу” деп шек кылууга болот (алгачкы макаланы шектенип жазасыз, анан бара-бара өз оюңузга ишенип кетип, далилденген бүтүм сыңары кеңири таңуулай баштайсыз). Саат басып, Наполеонду кыргыз кылып далилдей албай калсаңыз да, Аттилланы далилдеп салдым го деп үмүттөнөсүз. Тарых барагын анчейин көп ачпай турган айрым кошуналар да “эр экенсиң” мактап койсо, ого бетер корстон болосуз; эмкиде Юлий Цезарды да өзүбүздүн эле Жүлүй деген бабабыз болчу деп чыгайын деп камына баштайсыз, Александр Македондукту кыргыздын жаңгагынын уругун Грекияга өзү алып барып, мичуриндик ыкма менен Балкан тоолоруна жана өрөөндөрүнө сээп чыккан деп айтууга чамына баштайсыз. Алясканы “Ала аска” деп айтуу – далилдеп салгандан да кызыктуу жорук да! Сизге сыя да түтөт, интернет да түтөт.

Дал ушундай жыйындарды тек гана коомчулук жыйыны деп койсок, тузу кем болот, ошондуктан аны сөзсүз түрдө “илимий-практикалык” деп даңазалоо абзел. Кошунаңызга да, дилетант кабарчыларга да айтасыз: “мен бүгүн баланча деген илимий жыйында чоң ачылышты ортого салдым, бардыгынын оозу ачылды, окумуштуулар болсо ичи күйүп, ордунан эле түтөп-түтөп кетишти. Эми ал “бечаралардыкы” түшүнүктүү да, Бишкектеги Ак Үйдү (вариант: Путинди, Обаманы, Кытайды, Батышты, ж.б.) коркконунан кылчактап карап жатышпайбы!..”

Бул маалыматтын артында окумуштуулардын суу жүрөктүгү жөнүндө гана эмес, сүйлөп жаткан кишинин БААТЫРДЫГЫ жөнүндө да тымызын ишаара катылып жатканын уккан кишилер анчейин таназар албайт.

Менимче, 2015-жылы жетинин айынын (ноябрдын) 11инде Бишкектеги “Достук” конок үйүнүн жыйын залында өткөрүлгөн илимий жыйындын этегинде фактыга, жүйөөгө негизденип сүйлөгөн илимпоздордон тышкары бардык эле жыйындарда өзүн көрсөткүсү келген айрым дилетанттар да сөз эркиндигин пайдаланып, ой-да чечилип сүйлөштү.

“Мындан эмнеге чочулайсыз, өлкөбүздө сөз эркиндиги бар да? - дешиңиз мүмкүн. - Эгерде коомчулуктун жөн гана талкуусу болсо, ага деле окумуштуулар катышып жатышпайбы, алар эмне, асмандан түшкөн кишилер бекен?”

Эгерде тиш дарыгерлердин илимий жыйынына барып алып, мен деле: “Туугандар, кариести деле аяп койсоңор, аны да бизге Жараткан өзү жиберген да” деген сыяктуу билдирүү жасоо үчүн микрофон талашсам, анда ошол жыйындын ишпалдасын чыгарат элем да...

2. Эми айрым билдирүүлөрдү эскере кетелик

* “1916-жылкы кыргынды “геноцид” деп гана атайлык. Кыргыздын жарымынан көбү кырылып калган да”.

* “Саякатчы Пржевальский да кыргызды өлтүрүп салган, аны айтпай жашырып келебиз”.

* “Үркүн” деген сөз – качууга аргасыз болгондорду малга теңегендик. Бул сөздү да кыргыздын душмандары чыгарышкан”.

Эч бир фактыга негизденбеген бул дилетанттык сөздөр кошумча (коомдук) талкуу учурунда гана сөз сураган айрым коноктор тарабынан айтылды. Илимий делген жыйындын резолюция долбоорунда болсо, албетте, мындай чийки сөздөргө эч орун берилген жок.

3. Мурдагы элчи М. Абыловдун жыйындан кийинки билдирүүсүнө келсек

Жетинин айынын 11инде саат 13:30дун тегерегинде алиги илимий жыйынга улай орун алган коомдук эркин талкуу бүткөн соң, Кыргызстандын мурдагы элчиси, БШКнын мурдагы төрагасы, мурдагы министр Мамбетжунус Абыловго шилтеме жасалып, талаш-тартыштуу кабар бир нече маалымат каражаттары тарабынан таркалып кетти.

Жыйындын катышуучуларынын тобу. 11.11.2015

Жыйындын катышуучуларынын тобу. 11.11.2015

Бир маалыматты мисалга алсак:

“Иш-чараны уюштурган бул комиссиянын мүчөсү Мамбетжунус Абыловдун "Азаттыкка" айтымында, конференцияга президенттин жарлыгы менен түзүлгөн атайын топтогу тарыхчылар да катышты.

Абыловдун айтымында, 1916-жылдагы окуяны үркүн деп атоо туура эмес, себеби бул сөз малга карата колдонулат. "Адам үркпөйт, кырылат, кемсинтилет, жок кылынат, андыктан болгонун болгондой айтыш керек" дейт ал:

- Чындыгында, тарыхчыларга көп ишенбей турабыз. Орустардын ачуусуна тийбеш үчүн эптеп жымсалдап 100 жылдык деп өткөрүп коюшабы деп... Коркуп жүрө беребизби? Тарыхта бул окуя болгонун айтып, мектептеги балдарга кыргыздын башынан ушундай окуя өткөн, кырылган, тукум курутка учураган деген сөздөрдү айтышыбыз керек. Ушул багытта иштеп жатабыз.

Азыр да Мамбетжунус Абылов мырзаны мактаган пикирлер интернетте арбын айтылып жатат. Көрсө, ал киши чыныгы патриот экен да! Бишкектеги Ак Үйдөн жалтайлаган тарыхчыларга таамай сөзүн айтып, анык каармандык кылды го!

Мен эки жыл мурдагы окуяны эстеп, өзүмчө улутунуп койдум. Биз 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүш тууралуу эгемендик доорундагы окуу китептерде ачык эле жазып, атамекен тарыхы боюнча мамлекеттик сынактарда негизги суроолор катары ачык эле сунуштап келебиз.

2013-жылы болсо айрым жергиликтүү замандаштарыбыз тарыхчы-педагог Мурат Иманкуловдун 9-класс үчүн окуу китебине асылышып, 1916-жылкы окуялар алынып салынсын деп чыкканда, биз Мурат Иманкуловду жана бул теманы коргоого алдык. Өзүбүздүн окуу китептерибизде деле падышалык Орусияга каршы көтөрүлүш жана андан кийинки Улуу Үркүн менен байланыштуу бул окуяны сөзсүз түрдө чагылдырып келебиз.

Баарынан кызыгы, Мурат Иманкуловго дайыны жок асылгандар уюштурган ошол жыйында М.Абылов мырза М.Иманкуловду жекирген тараптын өкүлү катары чыгып сүйлөп, оозумду ачырган эле.

Муну ал мырза азыр “ойдон чыгарылган жалаа” деши ыктымалдан алыс эмес. Бирок ошол кездеги анын көз карашын башка булактар да чагылдырып калган экен. Маселен, 2013-жылы баш оона (август) айынын 20сында “Новый день” деген интернет басылмага М.Абылов байкебиз мындайча “агынан жарылган” экен:

“...геноцид деп табуу үчүн укуктук негиз жок. Андан тышкары, азыркы Орусия падышалык Орусиянын мураскору саналбайт. Геноцид темасын улам көтөрүп айта берүү ички саясатка карата гана эсеп кылынган, башкача айтканда, шайлоодо улутчул маанайдагы шайлоочулардын добушун алууну гана көздөгөн айла. “Улутчулдук – акмактардын акыркы амалы” деген сөз бекеринен айтылбаса керек да... Орустарга каршы бакырыкты күчөтүү менен кыргыздар Орусия менен дурус алакаларга кедерги тийгизип алуудан башка эч нерсеге жетише алышпайт”.

(Орусчасы: “...юридическое основание для признания геноцида отсутствует. Кроме того, современная Россия не является правопреемником царской России. Муссирование темы геноцида рассчитано только на внутреннюю политику, то есть для получения на выборах голосов националистически настроенных избирателей. Не зря существует поговорка «Национализм – последнее прибежище негодяев»... Нагнетая истерию против русских, кыргызы не добьются ничего, кроме потери теплых отношений с Россией”).

Булак: http://newdaynews.ru/asia/455373.html.

Демек, андан бери эки жылдын ичинде Мамбетжунус Абылов мырза 180 даражага бурулгандай чоң окуяларды баштан кечирсе керек.

Тарыхчы окумуштуулар болсо, саясий бурулуштарга эч чидерленбестен, бул доорду калыс изилдөө үчүн алпурушуп келет. Алар жалган айтуудан алыс болгусу келет.

“Геноцид” терминин колдонуу жаатында да М. Абылов жакында так эмес маалымат берген экен:

“Жүз жылдан бери кыргыздын башына түшкөн кайгылуу окуяга саясий баа бере албай келатабыз. Орустар эмне дейт деп эле жалтанабыз. Армяндар болсо Түркияга каршы геноцид деген баа берүүгө жетишти. Биз болсо үркүн деп жалтактап жүрөбүз деген маселени көтөрдүк”.

Булак: http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_history_politics/27359426.html?page=1#relatedInfoContainer

Биздин оюбузча, Түркияда элчи болуп жүрүп да бул мырза маселенин олуттуулугун баалай албай калган экен. Армения “геноцид” деп атаган менен, Түркия бул доону азыр да четке кагып, дүйнөлүк уруш маалында эки жактан тең кырылгандар болгон, - деп келет. Демек, “геноцид” деп баа бердиртүүгө жетишти” деген сөз – апыртма. Айрым мамлекеттер Арменияны бул доо жаатында колдогону менен, башкалары четке кагып келишет. Аны мурдагы элчи дурус билүүгө тийиш эле.

Албетте, геноцид аракетин далилдөө үчүн опол тоодой иш аткаруу керек, анын чекеси да оюла элек. Демек, эгерде далилдене элек нерсени тарыхчы таңуулагысы келсе, анда ал үчүн бул жорук - арзан жол менен “баатыр” катары даңазалангысы келгендерди ээрчип, дилетанттын катарын толуктоого жатмак.

Адатта, мындай баатырлар бурмалоо жолу менен гана өз оюндагысын жалпы жыйындын бүтүмү катары таңуулагысы келет.

Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев жана журналист Анарбек Кайназаров.

Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев жана журналист Анарбек Кайназаров.

Мага ишенбегендер ошол жыйында алып баруучу болгон тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевден, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдон, жыйынга катышкан тарыхчы жана укукчу, профессор Бекбосун Бөрүбашевден, бул илимий жыйынды уюштуруудагы демилгечи, мурдагы депутат, саясатчы Азимбек Бекназаровдон, анын шериги Анарбек Кайназаровдон жана башкалардан тактап сурай алат.

Жыйындын соңунда Баяс Турал окуп берген резолюцияда 1916-жылы Кыргызстанда кыргыз элине каршы кыргын болгонбу, же падышалык режим тарабынан бул элди жок кылуу үчүн атайын тукум курут саясаты жүргөнбү, буларды аныктоо үчүн ар тараптуу жана терең иликтөө жүргүзүлүшү керектиги айтылган. Демек, резолюцияда 100 жылдык мааракелик иш-чаралардын акыркы баскычына чейин "бул окуя тарыхчы илимпоздор жана коомчулук тарабынан "кыргын" ("истребление") же "тукум курут" ("геноцид") деген баанын кайсынысына жооп берерлиги далилденсин”, - деген сунуш гана камтылган. Кабыл алынган резолюцияда 1916-жылкы падышалык оторчул режимдин көтөрүлүшчү жана эгеменчил кыргыздарга каршы жазалоо аракеттеринин деңгээлине биротоло баа берип салуу аракетинин жыты да жок.

Мурдагы элчи жана Орусиянын досу, биз терең урматтаган М.Абылов болсо “1916-жылкы окуяны кыргын же геноцид деп атоо сунушталды”, - деп жалган нерсени калайыкка жайып жатканы таң калтырбай койбойт.

Кыргызстандын азыркы расмий бийлиги 1916-жылкы окуяларды кылдат таразалоо үчүн жана ал жылы набыт болгондорду эскерүү үчүн мурда болуп көрбөгөндөй кадамдарга барууда (быйылкы президенттик жардыктар буга далил). Эстеликтер тургузулмакчы. “Ата Бейит” комплекси бабалардын эрдигин да, азаттык үчүн шейит кеткен кезеңдерин да чагылдырган атайын эскерүү жайына айланууда. Архивдик илимий сапарлар үчүн да атайын акча каражаты бөлүндү.

Бирок курулай патриоттор өздөрү байкабастан эле бүгүнкү Кыргызстандагы жүз жыл мурдагы эрдикти жана алааматты эскерүү аракеттерине бөгөт кылуу үчүн көбүрөөк салым кошуусу ыктымалдан алыс эмес. Алардын айрымдары атайын провокация жасап жатышабы? деген ойго да аргасыздан жетеленесиз.

4. Кыскача, ток этер ойлорум

Тарых илимдеринин кандидаты Мистегүл Махмутбекова.

Тарых илимдеринин кандидаты Мистегүл Махмутбекова.

1916-жылкы Борбордук Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүштө кыргыздар жалгыз болгон эмес. Ыраматылык профессор Кушбек Үсөнбаевдин ишин улантуучулардын бири, профессор Токторбек Өмүрбеков өз диссертациясында далилдегендей, бир катар чакан этностордун өкүлдөрү да, анын ичинде либерал-демократ орустар да кыргыздардын көтөрүлүшүнө жан тартышкан. Фактылар бар. Казактарда Амангелди Иман уулу деген да көтөрүлүшчү баатыр чыккан. Негизи, көтөрүлүштүн алгачкы толкуну Түндүк Тажикстандагы Кожент шаарында 1916-жылы теке (июл) айынын 4үндө башталганы маалым.

Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук көтөрүлүштүн деңгээлин түшүрүү, тарыхый баасын төмөндөтүү үчүн айрымдар “ал кезде кыргыздар улут боло элек болчу” деген эски советтик этнографтардын бурмалоочу “жомогун” кайталап жүрүшөт. Эгерде көтөрүлүш улуттук мамлекеттик көз каранды эместикке жетишүү мүдөөсүн көтөрсө (ал эми Түндүк Кыргызстанда бир нече жерде көтөрүлүш лидерлери хан көтөрүлгөн), анда аны тартынбастан улуттук-боштондук көтөрүлүш деп атай алабыз.

Азимбек Бекназаров, 1916-жылкы кайгылуу окуяны (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиянын төрагасы.

Азимбек Бекназаров, 1916-жылкы кайгылуу окуяны (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиянын төрагасы.

Бул көтөрүлүш орус элине каршы эмес, падышалык режимге каршы болгон. Орусия элинин өзү бул режимди 1917-жылы февралда (жаңы жылнаама боюнча марттын башында) кулатып, Александр Керенский башында турган Убактылуу өкмөттү түзгөн. А.Керенский болсо 1916-жылы падышалык режимди кыргыз элине каршы кыргын үчүн Мамлекеттик думанын трибунасынан чечкиндүү айыптап чыккан таанымал орус саясатчысы, либерал демократы.

Азыркы Орусия Федерациясы (атынан айгинеленгендей) – мурдагы падышалык режим эмес; бир катар этносторго автономиялык макам берген федерациялык жумурият, демек, мурдагы жеке бийликтен таптакыр башка типтеги мамлекет. Азыр да бул мамлекеттеги замандаштарыбыз 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу калыс изилдөөгө кол кабыш кылууга даяр экендигин билдиришүүдө. Расмий Кремл да расмий Бишкекке бул жаатта көмөк көрсөтүп, орусиялык архивдерди калыс иликтөөгө мүмкүнчүлүк түзүүнү улантаарында эч шек жок.

“Үркүн” сөзү – бабаларыбыздын өздөрү Теңир-Тоодо тээ он биринчи кылымдан бери колдонуп келе жаткан термин. Бул сөз 1072-1077-жылдары энциклопедиялык маалымат камтылган арапча эмгек жазган Махмуд Кашгари Барскани тарабынан да эскерилген. Бул – аргасыз ыкма. Анын уюштурулушу, бирок, чукул тактикалык зарылчылык менен байланыштуу. Оболу кары-картаңдарды, бала-чаканы алдыга качырып, колундагы начар куралы менен мыкты куралданган жазалоочу падышалык аскерлерге каршы айбат кылып, алардын жолуна бөгөт түзгөн миңдеген аталардын эрдигинин натыйжасында уюштурулган аргасыз чара.

“Эскирген” термин жаатына келелик. Украинада эми “Голодомор” сөзү модадан чыкты, аны колдонбогула, деп украиндерге айта алабызбы? “Кайра куруу” (“Перестройка”) деген сөздү жактырбай калдык, аны тарыхтан алып салалык дегендер чыкса, алардыкы туура деп ээрчүү керекпи? Же болбосо, илгерки каганды “президент” деп атап, заманбап кыла алабызбы? Ар бир терминдин өз доорундагы жүгү бар. Тарыхый термин биздин уялымыш эткенибизге карабастан сакталууга тийиш.

Эң башкысы, Улуу Үркүн – бул улуу боштондук көтөрүлүш кандуу басылгандан кийинки алааматтуу баскыч. Баатырдык күрөш, улуу көтөрүлүш баскычынынын тарыхый зор маанисин жана ордун бул кийинки кайгылуу баскыч тарыхыбыздан эч качан өчүрө албайт.

Үркүнгө чейинки улуу көтөрүлүш элибиздин азаттык жана мамлекеттик эгемендик үчүн күрөшкө бел байлаган рухун чыңдаган. “Манас” дастаны сыяктуу залкар мурасында жана улуттук аң-сезиминде бекем орногон бул азатчыл рухка таянган улутубуз 1991-жылы кайрадан мамлекеттик көз каранды эместикти калыбына келтире алды. Бул эки окуянын ортосунда 75 гана жыл турат, ал эми улутубуздун эстутумунда тээ байыркы жана орто кылымдардагы бабаларыбыз эгемен кыргыз мамлекетин түптөгөн жана өркүндөткөн жаркын учурларды камтыган 2215 жылдык тарыхтын күүсү да сакталып келет эмеспи.

1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана андан кийинки Улуу Үркүндүн жүз жылдыгы жалаң гана Кыргызстанда эмес, бардык боордош өлкөлөрдө, анын ичинде түрк мамлекеттеринде, жакын шериктер болгон Орусияда, Кытайда, жалпы эле Батышта, Чыгышта ар кыл илимий жыйындарда белгиленет ко деген үмүтүм бар. Бирок бул илимий жыйындар фактыларды айланып өткөн курулай дооматтарга жык дилетанттык сөздөрдөн алыс болгон чакта, керек болсо, тарыхый акыйкаттыкты тастыктоодогу эң чоң салымдарды орусиялык калыс окумуштуулардын өздөрүнөн да күтүүгө болот.

Ошол доорду иликтөөдө бир гана падышалык Орусиянын архивдик маалыматтарына таянуу жарабайт. Башка мамлекеттердеги, анын ичинде Кытайдагы жана Батыш Европадагы ошол доордон калган даректерди иликтөө керек, кыргыз улутунун ички фолклордук жана башка маалыматтарын кайра карап чыгуу, Чыгыш Теңир-Тоодогу улутташтарыбыздын мурасынан бери иликтөө керек. Мунун бардыгы эл аралык илимий кызматташтыкты талап кылат.

“Кыргынбы же геноцидби (тукум курутпу)”? Эсеби маселен, бул экөөнүн бири гана, “кыргын жагы” гана, далилденсе, бирок падышалык жашыруун жардык же башка өкмөттүк буйрук менен кыргыздарга каршы атайын тукум курут саясатын жүргүзүүгө жол ачылган деген жоромол далилденбей калса, анда, ал окуянын алаамат мүнөзү жокко чыгабы? Албетте, жок. Ал кезде бүтүндөй кыргыз улуту тукум курут болбогону анык, бирок мындай алааматта бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн жок болгону, бүтүндөй кыштактардын тургундарынын журт которууга мажбур болгону да чын. Демек, набыт болгондордун такталган саны жазалоочу падышалык режимдин, - 1855-1895-жылдары борбордук азиялык (борбордук жана батыш теңир-тоолук, алайлык, түндүк памирдик жана ферганалык) кыргыздардын басымдуу бөлүгүн каратып алса да, аларга өз мамлекети катары мамиле кылбастан, ырайымсыз оторчул өгөй бийлигин таңуулаган режимдин - тарыхтагы жоопкерчилигин эч азайта албайт. Бирок бул тарых чаңында калган мамлекетке таандык жоопкерчиликти Советтер Биримдигинин ыдырашы менен Евразиядагы саясий картада пайда болгон, өзүбүзгө үзөңгүлөш чыгып жаткан демократиялык жана федерациялык жумурияттан (Орусия Федерациясынан) талап кылуу, менимче, жарабаган иш.

Андан тышкары, 1948-жылдын бештин айында (декабрында) БУУ кабыл алган “Тукум курут кылмышынын алды-алуу жана ал үчүн жазалоо” тууралуу конвенция ошол 1948-жылдан кийинки доорлордо гана орун алган окуяларга карата “тукум курут” доосун колдонуу укуктук жана логикалык жактан туура болот деген пикирлерди эскерте кетелик. Болбосо, 1919-32-жж. СССРде казак орустарга каршы тукум курут саясаты жүргүзүлгөн деп казак орустардын өкүлдөрү да чыкмак.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жана азыркы тапта, XXI кылымдын башында, жалпы адамзат кайсы бир өкмөт тарабынан эч бир этнос эч кандай зомбулукка учурабашы керек, мындан ары тукум курут саясатына жол коюлбашы керек, деген талапты карманып келди. Бирок кызыл кхмерлердин таптык-саясий көз караштан улам 3 миллиондой улутташын кыргындагы (Камбожа, 1975-79), Африкада хуту этносу тарабынан 800 миңдей тутси этносунун өкүлдөрүнүн кыргынга учурашы (Руанда, 1994) жана Сребреницадагы 8 миңдей мусулман босналыктын кыргынга учурашы (Босния, 1995) сыяктуу кыргын окуялар көрсөткөндөй, жер жүзүнүн ар кыл аймактарында жалпы адамзат жекирген жексурдук кылмыштар азыркы доордун түркөйлөрү тарабынан 1948-жылдан кийин дагы улантылды. Алар өткөндүн сабагына карап да коюшпады, бирок, акыры, моралдык жана башка жазасын да алышты.

Жыйын маалында. 11.11.2015.

Жыйын маалында. 11.11.2015.

Жүз жыл мурдагы тарыхый чындыкты калыбына келтирүүнү улантуу иш-аракетин эч кандай саясий чайкоочулукка жана чагымчылдыкка алдырбастан жүзөгө ашыра алабызбы? Ар жыл гана түгүл, ар бир апта, ар бир күн бул жаатта иштин алдыга жылышын талап кылат.

Ата Журтубуздагы жана чет мамлекеттердеги тарыхчылардын кызматташтыгын камсыз кылуу, 1916-жылкы окуяларды изилдеген илимпоздордун курулай эмоцияга алдырбастан жана бир гана саясий топтун камчысын чаппастан, өз илимий бүтүмдөрү узак мөөнөткө чейин жашай алгандай калыс иштеши керектиги, бул илимий иш-аракетти мааракелик жылдан кийин да ырааттуу улантуу – заманабыздын зарылдыгы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG