Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:22

1916-жылкы Үркүндү Совет доорунун тарыхчылары же жылмалап жазып, же ар дайым аттап өткөнгө аракет кылып келди.

Бирок бул маанилүү тарыхый теманы, кыргыз элинин башына түшкөн азаптар менен тозокторду эң биринчилерден болуп кыргыз жазуучулары жана акындары жазып чыкканын ыраазычылык менен эстешибиз керек.

Аалы Токомбаев “Жараланган жүрөк” повестин жаратты, атактуу “Кандуу жылдар” романын ыр менен, өзү айткандай “жүрөк канын сыя кылып” жазды. Ысак Шайбеков “Кайран эл”, Абылкасым Жутакеев менен Калык Акиев “Үркүн” деген чыгармаларды, Касымалы Баялинов классикалык “Ажар” повестин, Жусуп Турусбеков “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын калтырды.

Качкан кыргыздардын мал-жанынан ажырап, Кытайга, башкача айтканда бөлөк эл, бөтөн жерге келип жеткени аты аталган чыгармаларда, айрыкча М.Элебаевдин “Узак жолунда” укмуштуудай так жана реалдуу сүрөттөлгөн. Эл эми октон же куугундан эмес, ачкадан, жол кырсыгынан, оору-сыркоодон кырыла баштаган.
Бедел менен Ак-Ѳгүздүн ак кар көк муздуу ашууларын ашып, Каркыра аркылуу Кытайга өткөн сан миңдеген качкындар тууралуу бир катар баалуу эскерүүлөр сакталып калды. Көркөм адабиятта А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романындагы Ак Өгүздүн ашуусу тууралуу жазгандары, балким, эң эле күчтүү чыккан эпизоддор десек жаңылбайбыз го.

Ал эми документалдык баяндардын ичинен эң дурусу Баялы Исакеевдин жазгандары деп айтсак туура болот го. “Бедел ашуусунан биз түн ичи өттүк. Муз каптаган кыя жол мөңгүнүн кыры менен кетип, кичине эле жаза бассаң ажалыңдын жеткени ошо. Бир тынымга да токтогонго болбойт, анткени арттагылар шаштырат. Тээ төмөндө болсо муздун аябагандай чоң жаракасы үңүрөйөт. Адегенде апам менен карындашымды жүктүү төө менен белден эптеп ашырып, кайра түшүп келсем, баягы чоң жаракага айбан да, адам да толуп кетиптир. Азыр эми качкындар ошолордун үстү менен жол жасап, ашуу ашып бараткан экен...

Баяндын аудиосун бул жерден угуңуз:




Бул бир адам тик багып карагыс аянычтуу көрүнүш эле. Малдын өкүрүгү менен адамдардын онтогону, бири жардамга чакырса, экинчиси боздоп ыйлап, айтор ашуунун жолу азан-казан. Бирок ага көңүл бурганга эч кимдин чамасы жок, себеби арттагылар шаштырат, буйдала түшсөң өзүң өлөсүң, ошондуктан кандайынан кылсаң да алдыга жыласың...”

Ошентип, Кытайга эптеп жеткен кыргыздар кыштын суугуна кабылып, эми оору-сыркоодон, ачкадан өлө баштаган. Ѳлбөй, эптеп тирүү калсын деп бир чөйчөк талканга баласын тааныбаган-билбеген кишилерге таштап кеткен учурлар абдан көп болгонун ошол эле классик жазуучуларыбыздын чыгармаларынан жакшы билебиз.

Мал-мүлкүнөн, үй-жайынан ажырап, көчөдө тентип калган, эптеп өлбөстүк күнүн көргөн кыргыздарга же эл аралык коомчулук, же кытай бийликтери эч бир жардам көрсөткөн эмес. Көрсөтсө да андай маалымат эч бир тарыхый документтерде жок. Кашкардагы орус консулатынын кызматкери Стефановичтин маалыматына караганда жарым-жартылайы жолдо кырылып, Кытай жерине болгону 120 000 жакын кыргыз жеткен имиш, жалпы жоготуулардын саны 20 млн рубль болуптур. Албетте бул цифралар таптакыр так эмес. Адамдардын өлүм-житими тууралуу да эч бир маалымат жок.

М.Элебаев “Узак жолдо” көлдүк кыргыздардын Кулжадагы орус консулуна жардам сурап кайрылган катын сөзмө сөз келтирет: “Суранарыбыз төмөнкүдөй: падыша өкмөтү биздин жерибизди, суубузду тартып алып, өзүбүздү тоо-ташка кубалап чыкты. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду. Ошентип талаа мужуктарга, тоо казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык. Жадагалса от жагуу да кыйын болду. Бир түп карагайдын баасы он эсе кымбаттап, бир түп карагай кыйсак, он түп карагайга пиртөкөл жасады. Согушка жардам бер деп буйрук этти, биз буга беш жолу жардам бердик. Тигип отурган үйүбүздү алды. Биз буга нааразылыгыбызды билдирсек, четинен түрмөгө камады. Анда жаткандарды асып, ата баштады. Түрмөдөн жаралуу болуп качып келгендер бизге жаман кабар угузду: атып өлтүрүп атат деди. Мына ушундай катуу кабарды уккандан кийин бизден тукум калбайт экен деп чочуп, Кытай чегине карай тартып бердик. Арттан аскер түшүп бизди койдой кырды. Мал-жаныбыздын көбү Тенкестин оюнда, Музарттын суусунда калды. Азыр биздин үй-жайыбыз, тамак-ашыбыз, бир татым тузубуз жок. Ачарчылыктабыз. Бечара карыптарга көрсөтө турган жардамыңыз болоор бекен. Колубузду коюп, печет бастык”.

Суроо туулат: 1916-жылдагы кыргыз трагедиясын орус коомчулугу, цивилизациялуу дүйнө эмне үчүн билбей калган, же бул тууралуу маалымат жеткен эмеспи? Жооп: дүйнө коомчулугу, албетте, кеч болсо да билген, бирок Орусиядагы 1917-жылкы улуу революция, ак падышанын тактан кулашы, А.Ф. Керенскийдин Убактылуу өкмөтүнүн бийликке келиши, андан кийинки большевиктердин диктатурасы кыргыз элинин башына түшкөн трагедиядан коомчулуктун көңүлүн кыйла алаксытып койгон. Бирок орус коомчулугу, айрыкча А.Ф. Керенский бул маселеге абдан катуу көңүл буруп, Самарканга чейин келип, маселенин себептерин, кесепеттерин изилдеп, Мамлекеттик думада аябагандай чоң доклад жасаган. Орус либерал-демократтары да бул маселеге абдан катуу реакция жасап, Родичев, Шингарев сыяктуу абройлуу депутаттар Думанын залында “Позор!” деп кыйкырып, падышаны кылмышкер катары айыптаганын мен 1988-жылы орусча жарыяланган “Неизвестный геноцид” деген макаламда (кайра куруу заманы башталгандагы Үркүн тууралуу орусча жазылган эң биринчи макалалардын бири) кенен баяндагам.

Ошол изилдөөмдөн үзүндү келтире кетейин: “Госдума фактически стала первой трибуной, где киргизская трагедия обсуждалась без обиняков и главным обвинителем преступления царизма выступил именно Александр Федорович Керенский, ставший после отречения царя Николая от престола главой Временного правительства. Хотя нет документов, прямо указывающих на намерение последнего русского царя вырезать киргизов и изгнать их с исконных земель, но факт широкого обсуждения этой трагедии в российском парламенте того времени дискредитировал именно царя и избавиться от такого правителя с окровавленными руками многие передовые русские считали своим гражданским долгом. А будущий глава Временного правительства с целью ознакомления с ситуацией даже специально приезжал в Ташкент и Самарканд, расследовал там ход и масштабы карательной кампании 1916 года и докладывал об этом Думе. Изложенные им факты вызвали возмущение депутатов Думы, да и всех либерально настроенных российских политиков и общественных деятелей. Когда тот же А.Ф. Керенский в своей речи на специальном заседании Думы говорил о том, что «карательный отряд, состоящий из трех видов оружия, пехоты, артиллерии и кавалерии, и начальник отряда отдает приказ идти в таких-то направлениях и по своему пути сжигать все туземное население, уничтожать его без различия пола и возраста»,--в зале Думы раздались возмущенные голоса «Позор!» А Керенский продолжал: «Были уничтожены грудные дети, были уничтожены старики и старухи…» И тут депутат Шингарев, не выдержав, на весь зал кричал: «Варвары!». Депутат Родичев возмущался: «И это гордость страны!» Криков негодования и возмущения было много в думском зале. Судя по стенограмме, ни у кого из депутатов Госдумы не было сомнения в том, что киргизская трагедия—это позор русского оружия, преступление, за которое виноватые должны нести наказание. Началось судебное расследование. Взоры были обращены на императора, чье бездумное решение о мобилизации «туземцев» привело к столь кровавому исходу».

Ал эми качкын кыргыздарга ак падышанын тактан кулаганы тууралуу кабар кышындасы жеткен. Бул кабар элге кадимкидей үмүт берип, кандай чоң кубаныч болгонун, айрыкча “Ленин”, “Большевик”, “Совет” деген сөздөр эл кулагына кандай керемет угулганын айтып отурбайлы. Асманда кудай, жерде адилеттик бар деген чындык болсо керек, акыры кыргыздарды да коргогон бийлик чыгып, жаздын алды менен, ашуулар ачылаар замат өлгөндөн калган кыргыздар кайра Ысык-Көлдү көздөй, Кыргызстанды көздөй жол тарткан.

Бүлбүлдөп үмүт өчөөрдө,
Бүркүлүп кыргыз кетээрде,
Түнөрүп үмүт өчөөрдө,
Түгөнүп кыргыз кетээрде,

Таң калтырып дүйнөнү,
Талайга тарткан үн чыкты,
Түнөргөн түндү тебелеп
Түбөлүк тийген күн чыкты,
Кылымдап кыйноо көргөн эл,
Кызыл туу кармап унчукту,- деп жазган экен атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаев “Ажал менен Ар-намыс” деген чыгармасында.

Улуу Октябрь революциясы тууралуу тарыхчылар арасында ар кандай пикирлер айтылып келет, бирок кыргыз эли үчүн, бозгун болуп бөтөн жерде кор болгон мекендештерибиз үчүн бул революция чындыгында эле түнөргөн түндү тебелеген жарык нур болгонун адилеттүүлүк менен белгилешибиз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG