Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Табылды Эгембердиевдин дүйнөдөн өтүшү кыргыз коомчулугу үчүн оор жоготуу болду. Замандаштарынын айтымында, Эгембердиев өз өмүрүндө улуттук маданияттын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, улут уюткусуна айланган эле.

Эгемен Кыргызстандын алгачкы демократтарынын бири, публицист, 1992-жылдан баштап заманбап улуттук суусундуктарды чыгаруу жаатында “Шоро” компаниясын, кийинчерээк "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этнокомплекстерин түптөгөн, Ордо федерациясынын президенти Табылды Эгембердиев узак оорудан улам 16-майда 64 жашында каза болду.

"Бала кезинен эле жөндөмдүү болчу"

Маркумдун айылдашы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев Табылды Эгембердиевдин бала чагын мындайча эскерди:

Орозбек Молдалиев

Орозбек Молдалиев

- Табылды Эгемдердиев өзү менден бир аз кичүү. Бирок мага ини-дос катары жакындап жүрөр эле. Экөөбүз бир айылдан болгондуктан, аны бала кезинен билип калдым. Негизи Табыкебиз мектептеги кезинен эле жөндөмдүү, сабакты жакшы окуган бала болчу. Биздин мектептеги Токтобек деген агай Табылдыны “ушул чоң баштан бирдеме чыгат” деп койчу. Айылдаштар Табылдыны “чоң баш” деп эркелетер эле. Ошентип жүрүп мектепти аяктады. Анан мурдагы Фрунзе политехникалык институтун (азыркы И.Раззаков атындагы техникалык университетти) бүттү. Кийинчерек философия илимине да кызыгып жүрдү. Андан кийин гезиттен Табылдынын макалаларын окуп жүрдүм.

Орозбек Молдалиевдин айтымында, Табылды Эгембердиев ошол макалалары менен кыргыз элитасына замандын тамырын кармаган, коомдун өнүгүшү кайда баратканын эрте түшүнгөн алдынкы көз караштагы зирек инсан, келечектүү публицист катары таанылган.

КДКнын башатындагы Эгембердиев

"Табылды Эгембердиев өңү, баскан-турганы, башкаларга жасаган мамилеси менен, ойлогон ою менен нукура Кыргыз эле. Сөзү эмес, иши менен Мекенинин экономикасына, беделине, мамлекеттүүлүгү менен эгемендигинин чыңдалышына салымын кошкон ар кырдуу инсан катары баарыбызга өрнөк", - деп айтылат мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилеринин Эгембердиев тууралуу бүгүн жарыяланган некрологунда.

Табылды Эгембердиев 1990-жылы Кыргызстан Демократиялык Кыймылын түптөөгө кошулуп, коммунисттик режимге каршы саясий акцияларга жигердүү катышып, атургай аталган кыймылдын Бишкек шаары боюнча төрагасы болуп турган. Демократиялык коом курууга белсенип чыккандардын дагы бири, Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун айтымында, ошол кезде Эгембердиев саясаттан ишкерликке өтүп, дың боюнча турган базар экономикасына алгачкылардан болуп негиз салып берди:

- Табылды кыргыздын табылгыс таланты, уникалдуу инсаны эле. Мындай адамдар биздин өлкөдө өтө сейрек кездешет. Ой жүгүртүүсү өзгөчө болчу. Мындай кишилерди куруучу, жаратуучу, жоктон бар кылуучу деп коет. Табылды замандын талабын эрте түшүнгөн эң биринчи карлыгачтардан болду. Ошол кездеги ишкер жигиттер кыргыз экономикасынын жаңы доорун башташкан. Табылды алардын алдында, авангардында бараткан. Бирок шум ажал орто жолдон үзүп кетти.

Казат Акматовдун пикиринде, Табылды Эгембердиев эгерде тек гана арбын акча табууну максат кылып саясатты, чыгармачылыгын таштап ишкерликке кетсе, анда ишкерликтин башка түрүн деле жолго коюп кетмек. Бирок ал кыргыз элинин татыктуу уулу катары өзүнүн уникалдуу табылгаларын, ак мээнетин улуттун суусундуктарын, тарыхый мурастарын кайра жандандырууга жумшады.

Империяга айланган "Шоро"

Чыгармачыл чөйрө Табылды Эгембердиевди көп китеп окуган, тынбай изденген, өз алдынча ой жүгүрткөн, ойчул, мыкты чыгарма окуса, авторунан мурда сүйүнүп, аны жарыялоого шашылган демөөрчү болгонун айтып келишкен. Маркумду жакындан билген тарых илиминин доктору Тынчтыкбек Чоротегин Табылды Эгембердиевди ар тараптуу таланттуу инсан болгонун белгиледи:

Табылды Эгембердиев менен Тынчтыкбек Чоротегин. КДКнын жыйындарынын биринде. 1991.

Табылды Эгембердиев менен Тынчтыкбек Чоротегин. КДКнын жыйындарынын биринде. 1991.

- Табыкебиз кайталангыс коомдук ишмер да, ишкер да, инсан да эле. Тамашакөй жагы да бар эле. Бардык оош-кыйыш учурларда жолдош катары жаныңда тура алган, берген убадасын аткарган, эгер кайсы бир ишти жасайм десе, аны сөзсүз ишке ашырган киши эле. Ал кыргыз азыгына – жармага, максымга, кымызга, курутка – базар экономикасына карай жолдомо жазып кетти, ушул жаатта улуттук брэнд жаратты.

Тынчтыкбек Чоротегин Табылды Эгембердиевдин 1992-жылы доор алмашып, жалпы эл эмне кыларын билбей турган учурда саясатты таштап, улуттук суусундук чыгаруу үчүн кеткени анын көрөгөчтүгү болгонун айтат. Ошол жол менен Эгембердиев эгемен кыргыз экономикасын жаратканга салым кошту.

Бирок тарых Эгембердиевдин саясатка аралашпаганы менен, өлкөнүн саясий турмушуна, өлкө тагдырына кайдыгер карабаганын ырастайт. Элдик ыңкылаптар маалында “Шоро” компаниясы саясий адилеттик издеп, Ак үй алдына келгендерге жармасын да, суусун да бекер таркатып турганы маалым.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев болсо Табылды Эгембердиев менен 1990-жылы “Кыргыз руху” гезитин чыгарып жаткан учурда чогуу иштешип калган экен.

- Ошол мезгилде Табыкем Сатыбалды Жээнбеков экөөсү аябай курч макалаларды жазып турар эле. Чындыгын айтканда, Табылды Эгембердиев бир гана ишкер эмес, кыргыз демократиясынын башатында турган инсан болуп эсептелет. Ал КДК уюшулуп жатканда анын эң жигердүү лидерлеринин бири болуп, Кыргызстанга демократиянын орношуна чоң салым кошкон. Кийин саясаттан өз каалоосу менен кетип кыргыз экономикасына реалдуу салым кошуп, өзүнүн фирмасын империяга айлантты. “Шоро” фирмасынын уставы “Кыргыз руху” гезитинин редакциясында жазылган. Биз башында бул идея ишке ашарына ишенген эмеспиз. Бирок Табыкем көгөрүп жүрүп, улуттук суусундуктун баркын көтөрдү.

Султан Раев өз сөзүн Табылды Эгембердиев кыргыз суусундугунун баркын көтөрүп, заманга ылайыкташтыруу менен, мекендин чыныгы уулу экенин ырастап, кыргыздын атын алыска таанытканын айтып жыйынтыктады.

Ар тараптуу инсан болгон

Табылды Эгембердиев 1951-жылдын 14-январында Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган. 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган. Эмгек таржымалын курулушта катардагы прорабдыктан баштап, ири курулуш уюмунун жетекчисине чейинки жолду басып өткөн. Долбоорлоо институтунда ага илимий кызматкер, политехникалык институтта ага окутуучу болуп иштеген.

Табылды Эгембердиев

Табылды Эгембердиев

1990-жылдардын башында коомдук-саясий турмушка активдүү аралашып, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздөөчүлөрдүн алдыңкы сабында турган жана өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө зор салымын кошкон. Кыргызстан эгемендикке жеткен алгачкы жылдары коомубуздагы өзгөрүүлөр тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде жазган курч макалалары аркылуу публицист катары таанылган.

1992-жылы кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган “Шоро” компаниясын негиздеген, бул улуттук бизнесте алгачкы саамалык болгон эле. Күндө өзүбүз үйдө ичкен жарма, максым, кымыз, айран сыяктуу суусундуктарды жасоо аркылуу изденген адам жайдак жерден да иш жасап, киреше таба алары мүмкүн экенин далилдеген.

Табылды Эгембердиев 1996-жылы базар экономика шартында жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүгө шымаланып киришип, өлкөбүздө эле эмес, региондо сейрек кездешүүчү этнокомплекстерин түптөп, ийгилигин арттырган. Бул жайлар азыр чет жердик саякатчылар байма-бай каттаган Кыргызстандын туристтик бизнес жүргүзүүнүн үлгүсү болуп калды.

Табылды Эгембердиев Кыргызстанда адабият, маданият, спорт тармактарына үзгүлтүксүз демөөрчүлүк көрсөткөн. Кыргызстандын Ордо федерациясын жетектеген. Анын бетке айткан чынчылдыгы, ишине тактыгы жана адамкерчилиги, баштаган ишинин өтөөсүнө чыкмайын жаны тынбаган өжөрдүгү – мына ушул касиеттердин баары азыркы замандын кыргыз атуулу кандай болуш керек деген талапка төп келет.

Табылды Эгембердиев менен коштошуу 19-майда Бишкектин түштүк-чыгышындагы "Супара" этнографиялык комплексинде өтөт. Сөөгү Беш-Күңгөй айылынын көрүстөнүнө коюлат. Маркум артында үч уулу, үч кызы калды.

Мындан бир жыл мурда Табылды Эгембердиев "Азаттык+" телепрограммасына тоо туризми туурасында маек курган эле. Анда ал жаңы гана ишке кирген "Чуңкурчак" этнокомплексин көрсөтүп, Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар идеяларын ортого салган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG