Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу сөөк узатуу жөрөлгөсүнө арналды. Талкууга акын, кыргыз салтын иликтөөчүлөрдүн бири Гүлжамийла Шакирова жана “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев катышты.

“Азаттык”: Адатта кыргыздар сөөк коюу зыйнатын сөзсүз түрдө жандык союу менен коштойт. Мындан сырткары дагы бир канча чыгашалар бар. Муну кыргыздын салты деп атап келатабыз.

Гүлжамийла Шакирова: Бул биздин ата-бабадан калган. Жакшылыгын, тапкан малынын баарын жашоо тиричилигине керектейин деп адам бул жашоого келгенден кийин жан дүйнөсүнө ылайык мал-жан курайт экен.

Кийин дүйнөдөн кайтканда балдары "атабыз ушундай эмгек кылса, энебиз бизди жарык дүйнөгө алып келип жашоо көрсөтүп, багып-өстүрсө, биз менен кошо эле мал-жанды алып келатат, мал эне-атабыздан да артык болуп кетиптирби” деп ойлойт. Колунда болсо ошого жараша союп, тажыясын, өлүк зыйнатын кылган.

Маркум кайткыс сапарга кетип аткан соң, ошонун дүйнөсү, мал-жаны артык болуп кетиптирби деп малын сойот. Алыс-жакындан келген куда-сөөк деген болот. Жанындагы эл деле узатып аткандан кийин жөн эле тиктеп тура бербейт да.



Табылды Эгембердиев: Мындай ысырапчылык менен аркы дүйнөгө узатуу маданияты кыргыз менен казакта сакталып калган. Себеби булар көчмөн эл болгон. Илгерки заманда көчүп жүргөн кыргыз менен казак кудасы үч күндүк жерде болсо үч күн күткөн. Мусулман шартына көнгөн элдин калганы өлгөн эле күнү көмөт.

Алыстан келген кишиге тамак бериш керек да. Ага союлган мээнети ошол айылдагы элге жетчү. Азыр экономика – жашоо деген сөз. Жашоонун жакшырак жолун экономика деп которуп алышкан. Кыргыздар өлгөндө көмүлүш үчүн, анан конок тосуш үчүн жашашат.

Азыр байкасаң, алты бөлмөлүү үй салат, ичине кирбейт, "куда, конок келип калса жатсын" дейт. Анан караңгы эки бөлмөлүү тамда жашап жүрүп бул жашоодон өтүшөт. Кыргызда дагы бир салт, айла жоктон кылган салтты алты эсе көбөйтүп алдык.

“Азаттык”: Ушундай ашыкча чыгымдарды биздин диниятчылар жолго койсо болобу? Анткени Баткендин Кыш-Туут деген айылында айылдын имамы жалпыга бирдей эрежени калыптандырып койгон. Ал жерде чоң чиновник да, жөнөкөй атуул да бирдей эле жөрөлгөнү жасайт. Кара мал союу, же өтө эле ашыкча чыгым деген жок болгон. Суук маараке болуп жаткан жерге жакынкы тууган-урук, кошуна-колоңдору эң баштапкы зарыл болгон каражаттарды алып келишет, айылдын эли ал жерден тамак жебейт, алыс-жакындан келгендер гана курсагын тойгузуу үчүн тамак жейт. Ошентип диниятчылар жолго салып койсо болбойбу?



Гүлжамийла Шакирова: Кыргыз эли исламдан мурда жаралган эл. Теңирге сыйынган. Теңир деген бардык диндердин чокусунда акыл-эстин уюткусу болгон. Теңир дин эмес. Кыргыз эли акыл-эстин уюткусунан жаралган эл. Ал өзүнүн макал-лакаптары, улуу салты, наркы менен уланып келген эл уюткусун бузбайт. Кыргыз эли ошон үчүн уланып, меймандостугунан ырахат алган эл.

Мейманы келгенде жакшы маанай менен кетсе экен дейт. Бул каныбызга сиңип калган нарк-салт. Аны кайда кууп чыгарабыз? Биз ушундан ырахат алып жашайбыз. Мисалы, жыйнаган акчасына күтүрөтө той берсе ошондон ырахат алат. Анткени ушунун жакшылыгын көрөр бекем деп элден бата алат.

Өлгөндө да кайткыс сапарга кетип атат деп колунда болгонун сойот. Кыргыздын “алып байыбай, берип байы” деген жакшы сөзү бар.

Табылды Эгембердиев: “Мусулмандан мурун жаралганбыз” деп кыргыздар мактанат, “дүйнөнүн баары кыргыздан башталган” дейт. Бүт дүйнөдө кайырчы болуп жүргөнүбүздөн уялышыбыз керек. Анан өлүп калган кишиге төрт бээни сойгон – ысырапчылык.

Тирүү кезинде ата-энеси менен иши жок, анан өлүп калгандан кийин бийлигине, байлыгына мактанып жүргөндөр толтура. Ошону токтотуш керек. Бул – жапайчылык, маданияттын жоктугу, жакырчылык. Бизге окшогон караңгы элдин колунан келчү нерсе. Мен канча кыйналган элди көрүп жүрөм, өлгөндө мактанчылыкка жатпаш керек. Мактанса той берип мактансын.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG